"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Казакстанда кармалды

Дамирбек Асылбек уулу

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалды.

Ал мүчө болгон "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары окуянын чоо-жайы такталмайынча кандайдыр билдирүү жасоодон карманып турушат. Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо казак тарап депутаттын ысымы аталган ишти дыкат иликтеп, ачык-айкын маалымат таратышы керек деген талапты коё башташты. Бийлик бутагындагы кишинин кармалышы парламенттин гана эмес, Кыргызстандын да аброюна шек келтирет деген пикирлер бар.

Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалганы тууралуу маалымат 17-февралда чыгып, бир күн бою расмий тастыкталбай турду. Кыргыз тарап окуянын чоо-жайын сурап Казакстанга нота жибергенден кийин 18-февралга караган түнү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ага жооп берип, депутат колго түшкөнүн тастыктады.

Айымкан Кулукеева

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева Казакстанда төрт кыргызстандык кармалганы белгилүү болгонун, алар кандай жагдайда колго түшкөнү такталып жатканын билдирди:

- Расмиий нотада төртөө кармалганы айтылды. Такталбаган маалыматтарда бирөө бошотулганы кабарланган. Адистер Казакстандын тиешелүү кызматтары менен иш алып барып жатышат.

Ишемби күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын" маалымдаган. Чек ара аймактарында аткезчилик менен ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда колго түшкөндөр бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылган. Анын ичинде кыргызстандыктар бар болгону кабарланган.

Данияр Төлөнов

Азырынча Жогорку Кеңеш же "Кыргызстан" фракциясы депутаттын кармалышы боюнча билдирүү жасай элек. Аталган фракциянын мүчөсү, спикердин мурдагы орунбасары Данияр Төлөнов кесиптеши тууралуу кабар күтүүсүз болгонун айтты:

- Бизге таң калычтуу болуп турат. Тактап, жубайы жана туугандары менен байланышууга аракет кылып жатабыз. Дем алыш күндөрү депутаттардын көбү шаарда эмес болчу. Эми чогулуп, кимде кандай маалыматтар болсо талкуулайбыз.

Кыргызстандын легендарлуу парламентинин өкүлү Жамин Акималиев депутаттын аты аталган окуя Жогорку Кеңештин гана эмес, Кыргызстандын эл аралык аброюна да шек келтирет деген ойду ортого салды:

- Анын үстүнө жакында казак тарап чек араны жаап койгон учурда алардын премьер-министри "силер Кытайдан келип жаткан товарлардын так көлөмүн айтпай, аткезчилик сыяктуу туура эмес иштер болуп жатат" дегендей айтпады беле. Биз аны танганбыз. Депутаттын кармалышы коңшулардын ошол дооматына далил болуп калышы мүмкүн. Бул өтө орчундуу маселе, андыктан терең иликтениши керек.

Тышкы саясат: депутат жана этика

Тышкы саясат: депутат жана этика

Жогорку Кеңештин мурдагы, азыркы чакырылышынын айрым депутаттарынын орунсуз сөздөрү, чет элдик сапарларындагы аракеттери кыргыз дипломатиясына кедергисин тийгизгени айтылууда.

Саясат талдоочу, жарандык активист Адил Турдукулов казак тарап депутаттын катышы бар окуяны дыкат иликтеп, ачык-айкын маалымат берүүгө тийиш деген пикирде:

- Бул атайын операциянын алкагындагы кармоо болгондон кийин Казакстандын атайын кызматы шектүүлөр арасында кыргызстандык депутат бар экенин алдын ала билген. Мындай кармоолор алдын ала пландалып жасалат эмеспи. Эл аралык мамиле, ноталар болорун да алдын ала билишкен, ага даяр болушкан. Ошондуктан алар кандайча кармалганы, эмне күнөө коюлуп жатканы, кандай фактылар бар экенин ачык айтышы керек. Биздин бийлик бул маселени ачыкка чыгарууга кызыкдар эмес. Жарандык коом казак бийлигинен ачык-айкындуулукту талап кылабыз. Күнөөлүү болсо, жоопко тартылсын.

Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты, Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти. Жакында эле анын өзбекстандык кримтөбөл аталган Салимбай "байбача" менен түшкөн сүрөттөрү интернетке чыгып, талкууга түшкөн эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.