Сентябрда жүрөк дирилдейт...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөрүп жаткан поэтикалык кечелер сериясы уланып жатат. Сентябрь соңундагы ыр майрам чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн таанымал акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгына арналды. “Жолдогу сентябрь” деп аталган бул поэзия кечеси сүйүүнү, тагдырды, мигранттардын жан кейиткен бүгүнкү маанайын, абалын чагылдырды.