Лейлектеги сүннөт той

3 күндүк сүннөт тойдун 1-күнү "сурпа салды" (ак чач апалар менен кызыл жүздүү эжелердин майрамы)

Тойдун сорпосуна эмне жетсин?...

Тойдун мыкты тамагы жигиттердин колу менен даярдалат

Той башталаар алдында жаш жигиттер палоонун сабизин даярдашат

Самоордун чайы өзүнчө керемет!

Тойдо устукан бөлүштүрүү өтө жооптуу иш

Тойго бышкан эттин сорпосу тунук, эти жумшак болуусу абзел

Тойдогу манасчы

Тойдо "сурпа салдыдан" кийин ак элечек апалар бийге түшөт

Апалардын батасы

Сыйлуу меймандар - жүзүнөн мээри төгүлгөн ак чач апалар

"Сурпа салдынын" башкы максаты тойго атап нан бышыруу - кылымдардын бери кыргызда сакталып келген салт