Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын күйөрманы.

Быйыл Кыргызстандын эгемендик алганына туура 28 жыл толот. "Азаттык" датага байланыштуу өлкөдөгү карапайым инсандардын сүрөттөрүн чогултту. Сүрөттөр 2015-2019-жылдар аралыгында тартылган. 

2019-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 389 миң 500гө жеткенин Улуттук статистика комитети билдирген.

Акыркы жылдары электрик, механик, ширетүүчү кесибине кызыккандар арбын.

30 метр бийиктикте электр чубалгысын жөндөп жаткан жумушчу.

Баш калаанын калкынын саны 1,5 миллионго чукулдаган. Калк көбөйгөн жерде тазалыкты сактоо да маанилүү. Бишкек мэриясынын Жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери иш учурунда.

Калааны гүлдөткөн жумушчулар.

Маданият өнүкпөгөн жерде экономикалык өсүш да болбойт.

Сүймөнкул Чокморовдун айкелин жасаган Азамат Абдрахманов.

Мекен жүгүн көтөргөн энелер.

Кыргызстандын ишке жарамдуу калкынын 20% жакыны Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Бейрасмий маалыматка ылайык, алардын саны бир жарым миллиондун тегерегинде.

Санжырачы Сыргак Сооронкулов.

2019-жылы январь-май айларында 70 миң 18 ымыркай төрөлдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, демографиялык көрсөткүч өсүүдө.

темир усталар иш үстүндө.

Өлкөдө ар кандай кесипти аркалаган жаштар көп.

Кыздарды сулуулаган стилист Эрлан Мамажанов.

Учурда кыздар арасында визажист, чачтарач, стилист болуп иштегендер арбын. Ошол эле учурда кесиптин майын чыгарган эркектер да аз эмес.

Өмүр сакчылары.

Кыргызстандагы орточо маяна 15 миң сомду түзөт. Аз айлык алгандардын катарына мугалимдер, дарыгерлер жана башка кесиптин ээлери кирет.

Тез жардам унаасына жардамга келген куткаруучулар.

Ширетүүчү.

Кыргызстанда 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Өлкө жарандарынын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улуттар түзөт.

Велосипед саткан соодагер.

Кыргызстан динге баш ийбеген светтик өлкө.

Кыргызстанда 3319га диний уюм бар. Анын 2 910у ислам, 395и христиан, 12си жаңы диний ишенимдерге жана агымдарга тиешелүү.

Базарга байланган тагдыр.

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык киши жакырчылыкта жашайт.

тартип сакчысы.

Кыргызстан учурда Түркияга, Казакстанга, Орусияга жана Бириккен Араб Эмираттарына эт экспорттойт.

касапчы.

Кыргыз эли атты, ат оюндарын жакшы көрөт. Айрыкча көк бөрү эл арасында өтө популярдуу.

Көк бөрүнүн аттарын таптаган саяпкер Таалайбек Мырзакматов.

Саяпкерлик атадан балага мурас калчу өнөр.

түркүн түстүү кездемелерди саткан келин.

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда, 2013-2017-жылдар аралыгында өлкөдөгү жумушсуздук 15,4 пайызга азайган. Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар арасында жумушсуздук көп кездешет. Бул өлкөдөгү гендердик саясатка байланыштуу.

Дыйкан.

Устаканасынын терезесинде отурган өтүкчү.

Сүрөтчү Влад Ушаков Кыргызстанда сейрек кездешчү кар түстүү лотос гүлүн сүрөткө тартып жатат. Кар түстүү лотос аска-таштын арасында өсүп, Кызыл китепке кирген.

Сүрөтчү Влад Ушаков.

Самса саткан бала.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.