Паспорт берүү кезеги жаңы конуштарга жетти

Бишкектеги жаңы конуштардын бири

Бишкекти курчаган 48 жаңы конушта мобилдик топтор түзүлүп, жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана ар кандай себептер менен документсиз калгандарга көмөк көрсөтүү иш-чарасы баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматы менен Бириккен улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жаңы конуштардагы жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана ар кандай себептер менен документсиз калгандарга көмөк көрсөтүү боюнча биргелешкен иш-чараны баштады.

Иш-чара алкагында Бишкекти курчаган 48 жаңы конушта мобилдик топтор түзүлүп, жардам бериле баштайт. Болжолдуу маалыматтарга караганда жаңы конуштарда 1 миллионго жакын адам жашайт жана алардын ичинде жарандыгы же документи жок болгону үчүн билим алуу, саламаттыгын сактоо өндүү социалдык укуктарын пайдалана албай жаткандар арбын экени айтылып келет.

Батирден батирге көчүп жүрүп күйөөсүнүн паспорту менен кошо документин жоготуп алган Насипа Жумабекова Көк-Жар конушунда турат. Анын төрт баласынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Документтин айынан жаш үй-бүлө ишке орношо албай, ар кайсы жалданма жумуштарда иштеп жан сактайт. Насипанын айтымында, беш жылдан бери анын паспорт алам деп барбаган жери калган жок.

- Бүт жерге бардык. Ал эмес радиодон “баланча номур аркылуу кайрылгыла” деп жарыя беришет. Ага чалып сурасаң деле оңчулуктуу түшүндүрүшпөйт. Каттооң жок турбайбы дейт. Мен турмушка чыга электе жатаканада жашачумун. Кийин алар автоматтык түрдө “пропискадан” чыгарып салыптыр. Ошентип беш жылдан бери сүйрөлүп жүрөбүз. Мамлекеттик каттоо кызматына барсаң, керсейген эки-үч адам отурат. Алар тигил же бул кабинетке бар деп башты оорута беришет.

Убактылуу эки бөлмөлүү батирде күн өткөрүп жаткан жубайларды ойлондурган нерсе - чоңоюп келе жаткан наристелеринин келечеги. Көйгөйлөрүн чечип берүүгө бардыгы кайдыгер карай берип, балдары да туулуп-өскөн жеринде өгөйлөнүп калбаса болду деп чочулашат.

Бишкек четиндеги конуштарда Насипа менен Мирбекке окшогон өздүгүн тастыктоочу эч бир документи жок жашагандардын так саны белгисиз. Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевдин айтымында, жарансыздыкты жоюу максатында башталган ири иш-чаранын кезеги Бишкектин жаңы конуштарына келип жетти. Буга чейин долбоор Кыргызстандын түштүк облустарында ишке ашырылган. Жыйынтыгында 7,5 миң адам каттоодон өтүп, 3000ден ашуун кыргызстандык жаңы паспортко ээ болгон. Келе жаткан жылы иш-чара Нарын менен Ысык-Көлдө өтөрү белгиленүүдө.

- Былтыр үч облуста: Жалал-Абад, Ош, Талас, анан Чүйдүн айрым бир райондорунда иш жүргөн. Бул ошонун уландысы. Жаңы конуштарда өлкөнүн ар аймагынан келгендер көп. Алардын баарын аныктайлы деп жатабыз. Бул долбоор БУУнун качкындар боюнча комиссарынын колдоосу менен жүргүзүлүп жатат.

Маалыматтарга караганда, учурда документи жоктордун көбү 20 жыл илгери эле күчүн жоготкон паспорттор менен жүрөт. Кийинки орунда ар кандай себептерден улам өздүгүн тастыктоочу күбөлүктөрүн жоготуп алгандар турат. Айрыкча жарандыгы жок миңдеген этникалык кыргыздардын маселеси курч экени айтылууда. Эгемендикке ээ болгондон бери Кыргызстанга 50 миңге жакын этникалык кыргыздар келген. Алардын 80 пайызын Тажикстандан келгендер түзсө, калганы Өзбекстандан келгендер. БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Маки Шинохаранын маалыматы боюнча, өлкөдө жарандыгы жок күн көрүп жаткандардын саны 12 миңден ашат. Ал жарансыздык же ага тиешелүү документтердин жоктугунан адамдардын күнүмдүк турмуштагы укуктары чектелип калганын белгилейт.​

- БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Кыргызстандагы качкындарга, башпаанек издегендерге, жарандыгы жок адамдарга берилчү гуманитардык жардамдарды ишке ашырат. Жарандыгы жок адам билим алууга, жумушка орношууга, шайлоодо добуш берүү өндүү социалдык кызматтарга мүмкүнчүлүк ала албай жатышат. Ошондуктан бул жарансыздыкты токтотуу керек.

Бишкек боюнча жарандыгы жок же документтерин жоготуп алгандар үчүн жардам берүү иш-чарасы жаңы паспорт алууга чыгынбай жүргөндөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экени айтылып жатат. Жеке өзүнүн ким экендигин аныктоочу документтерге байланышкан көйгөйү барлар үч ай ичинде жергиликтүү аймактардагы административдик имараттарда иш алып барып жаткан паспорт столунун кызматкерлеринен, юрист адистерден турган топко кайрылуулары керек.