Дээрлик эки жумага созулган талкуудан соң кабыл алынган токтомдун баштапкы тексти добуш берүүгө келгенде бир топ өзгөрдү. Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы 2010-жылдагы мародерчулуктан баштап интернеттин баасынын кымбатташына чейин иликтеген комиссиянын ишине нааразы болуп, ал бир тараптуу жүргүзүлгөнүн парламент трибунасынан көтөргөн.
Өзгөргөн корутунду
20-апрелде Жогорку Кеңеште эки жумадан бери талкууланып, кызыл чеке талаш-тартыш жараткан депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом мурдагыдан айырмаланып, тынч, карама-каршылыксыз кабыл алынды.
Анда 2010-жылдагы талап-тоноочулуктан тарта башка дагы чуулгандуу иштерге юридикалык баа берүү Башкы прокуратура баштаган укук коргоо органдарына тапшырылып, анын жыйынтыгы тууралуу парламентке утур-утур маалымат берүү каралган.
Токтомду жыйынга катышкан 80 депутат, анын ичинде оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү да бир добуштан колдошту.
"Ата Мекендин" мүчөсү Аида Салянова фракциянын мындай чечимин парламенттеги талкуунун жүрүшүндө комиссиянын баштапкы корутундусу толук өзгөртүлгөнү менен түшүндүрдү:
- Депутаттык комиссиянын алгачкы корутундусун уккан соң, депутаттарды "айтылгандарды тастыктоочу материалдарыңар жок, мындай жыйынтык кылган мыйзамсыз болот" деп көндүргөнгө аракет кылдык. Депутаттар ага ынанып, бүгүн такыр эле башка токтом кабыл алынды. Анда Жогорку Кеңешке берилген маалымат эске алынсын, тиешелүү мамлекеттик органдар текшерүү жүргүзгөнгө материалдар жөнөтүлсүн жана тармактык комитеттин көзөмөлүндө болсун деген гана жыйынтык киргизилди. Ал эми комиссиянын буга чейин жүргүзгөн иликтөөсү боюнча "Ата Мекен" фракциясы канааттанган жок. Себеби, мародерчулук боюнча бир далили жок, ушактын негизинде жазылган справка болуп калыптыр.
Парламенттин 12 депутатынан турган комиссия мындан жарым жыл мурун түзүлгөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгында даярдалган корутундуга комиссиянын "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан кирген мүчөлөрүнөн башкалары кол койгон.
Парламенттеги оппозиция мародерчулук иши боюнча комиссия "Ата Мекендин" мүчөлөрүн, анын ичинде абакта жаткан фракция лидери Өмүрбек Текебаевди каралап, калыс иликтөө жүргүзүлгөн жок деп сындап чыккан эле.
Комиссия төрагасынын пикири
Депутаттык комиссиянын төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков болсо иликтөөнүн башкы максаты - 2012-жылы козголгон талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш иштер эмнеге аягына чыкпай калганынын себебин тактоо экенин айтып келген. Анвар Артыков бүгүн да токтомдун акыркы вариантын комментарийлеп жатып, комиссия өз максатына жеткенин "Азаттыкка" айтып берди:
- Бүгүн токтом кабыл алууда эч ким каршы болгон жок. Эгер иликтөө субъективдүү жүрсө, анда каршылар чыкмак да. Биз иликтөөнү терең анализ менен жүргүздүк. Анда 2012-2013-жылдары мародерчулук боюнча тергөө маалында ишти ачыктан-ачык эле жаап койгонго аракет болгону аныкталды.
Анвар Артыков эми укук коргоо органдары депкомиссиянын кортундусунда көрсөтүлгөн маалыматтарды тыкыр иликтеп, аягына чыгышы керек экенин кошумчалады.
Комиссиянын ишине ичи чыкпагандар
Депутаттык комиссия жарым жылдан ашуун иштеп, корутундусун даярдаса да анын жыйынтыгына ичи чыкпаган эл өкүлдөрү болду. Маселен, "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров комиссия бири-бири менен байланышпаган бир нече маселени алып, аларды терең иликтебегенин айтууда:
- Бул комиссиянын аталышын окуш үчүн эле 2-3 мүнөт керек экен. Ар тармактуу, ар жактуу, көрүнгөн маселелерди кошуп алышкан. Мисалы, интернет тарифи менен мародерчулуктун эмне байланышы бар? Депутаттын, комитеттин, парламенттин өз вазийпасы бар. Ошону так аткарсак, элге да жаман көрүнбөйт элек.
Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча биринчи депутаттык комиссия 2012-жылы ошол кездеги парламенттеги "Республика" фракциясынын демилгеси менен түзүлгөн. Буга мародерчулук боюнча абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын "атамекенчи" төрт депутатты айыптаган көрсөтмөсү негиз болгон.
Бул комиссия корутундусун 2013-жылдын башында жарыялаган жана аны комиссиянын мүчөлөрүнүн теңи колдогону менен калган жарымы каршы чыккан.
Текебаев менен Чотонов эки айга камалышты
Мародерчулук ишин иликтөө былтыр президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамилеси бузулганда кайрадан жанданган эле.
Анын алдында президент Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн мародерчулук боюнча айыптаган жана алар жазасыз калбайт деп эскерткен.
Учурда Баш прокуратура бул иш боюнча тергөө уланып жатканын айтып келет.
Бул иштин алкагында УКМК экс-депутат Райкан Төлөгөновду өткөн айдын этегинде камакка алган. УКМКнын маалыматында Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюмдашкан топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылууда.
Февраль айынын этегинде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынган. Ага орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасынын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. УКМК Текебаевге "коррупция" жана "шылуундук" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери жана "Ата Мекен" партиясы ага козголгон ишти бийликтин куугунтугу катары баалап келишет.