Укук коргоочулар сотто Жогорку Кеңешти утуп алды

Жогорку Кеңештин жыйынынан.

Бишкек шаар соту Жогорку Кеңешти жыйындарга катышпаган депутаттардын тизмесин берүүгө милдеттендирди.
“Эркиндик үнү" коомдук фондунун өкүлү Жаңылмырза Сартова өткөн жылдын октябрынан бери жыйынга себепсиз катышпаган жана бири-бирине добуш берүүгө ишеним берген депутаттардын тизмесин ала албай келген. Жогорку Кеңештин аппараты бул тизме депутаттардын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарды камтыган жашыруун документ деген жүйөө менен бербей келген.

Ошондон улам укук коргоочу алгач Бишкектин райондор аралык сотуна арызданган. Аталган сот 2-мартта Сартованын арызын жарым-жартылай канааттандырып, парламент мындай маалыматты берсин, бирок депутаттардын атын атабашы керек деген чечим чыгарган.

Буга макул болбогон укук коргоочу Бишкек шаар сотуна кайрылган эле. Шаардык сот 11-майда парламентке укук коргоочунун кайсы депутат, кайсы күнү, эмне себептен жана канча жолу Жогорку Кеңештин жыйынына катышпай, кесиптештерине ал үчүн добуш берип коюу үчүн ишеним кат менен кайрылганы тууралуу маалыматты берүүнү милдеттендирди.

Алты айдан бери бул иш менен алпурушуп жүргөн Жаңылмырза Сартова Жогорку Кеңештин аппараты талап кылынган документтерди берээри менен коомчулукка жарыя кылаарын билдирди:

- Бизге толук маалыматты беришкенче күтө турабыз. Жогорку Кеңештин аппараты бул маалыматтарды бергендей кийин аларды өзүбүздүн сайтыбыз аркылуу коомчулукка жарыялайбыз. Андан эл ким эмне менен алек болуп жатканын тууралуу кеңири маалыматтарды алат болуш керек. Бул чечим аркылуу биз аракет кылса кандайдыр бир жыйынтыкка жетишүүгө мүмкүн экенин далилдедик окшойт. Аракет кылсаң мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө болот экен.

Укук коргоочулар бул иш менен чектелбестен, бийлик органдарын тартипке чакырып, эсеп сурай турган иштер арбын экенин билдирип жатышат.

Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартованын айтымында, укук коргоочулар атайын жарандык кеңеш түзүп, парламенттин ишин көзөмөлгө алууну көздөөдө:

-Жарандык уюм түзүлүп жатат. Ал аркылуу парламентте эмне болуп жатканын, ким кимге добуш берип жатканын аныктап, элге жеткирүүгө аракет кылып турабыз. Өкмөттө Байкоочу кеңештер көзөмөлдөп турушат. Мындай жол менен үч бийлик бутагы тең жарандык көзөмөлдүн алдында болот. Бул аркылуу оңолууга багыт алабыз. Андан башка жолубуз жок.

Бишкек шаардык сотунун чечими акыркы чечим эмес. Бул чечимге макул болбосо, Жогорку Кеңештин аппараты Жогорку Сотко кайрыла алат. Бирок бул боюнча парламент аппараты маалымат бере элек.

Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары укук коргоочулардын аракетин жөнсүз көрүп жатат. Парламенттин регламент жана этика боюнча комитетинин төрагасы Курмантай Абдиевди угалы:

- Жогорку Кеңештин жашыра турган эч нерсеси жок. Соттун чечими тууралуу айта турган болсок, бул чечимсиз деле парламентте кайсы депутат отурумга катышкан жок деген маалымат сайтка чыгып турат. Сотко кайрылбай эле ошол сайттан деле алса болмок. Мунун артында эмне максат турат мен билбейм. Ошентсе да даяр турган маалыматты албай, аны сотко кайрылып алабыз деген укук коргоочулардын кадамын туура көргөн жокмун.

Кыргызстанда буга чейин парламент үстүнөн арызданып, ийгиликке жетишкен учурлар көп деле болгон эмес. Ошондуктан муну айрымдар жарандык коомдун күчтөнүшүнүн белгиси катары баалап жатышат.

Бирок эксперт Шерадил Бактыгулов шаардык соттун чечимине кубануу али эрте деген пикирде:

- Муну албетте жарандык коомдун жеңиши катары бааласак болот. Бирок жарандык коом учурда бир максаттын айланасында бириге албай жатат. Ошентсе да, акырындык менен сапаты жогорулап жатат. Ал эми соттун чечими менен айта турган болсок, Жогорку Кеңеш муну өйдөкү баскычтагы сотторго арызданып алмаштырышы мүмкүн. Экинчиден, ушул бойдон калса деле убакытты созуп, бербей коюшу да толук мүмкүн.

Борбор Азияда Кыргызстанда жарандык коом эң активдүү катары бааланып жүрөт. Ар кандай маалыматтар боюнча, өлкөдө беш миңден сегиз миңге чейинки бейөкмөт уюмдар катталган.