Жарандык коом шайлоо мыйзамына нааразы

Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча чочулоосун билдиришти. Алар аталган өзгөртүүлөр жарандык коомдун шайлоого байкоо салуу укугун чектейт деп жүйө келтирип, парламентти мындай демилгеден баш тартууга чакырууда. Анткен менен мыйзамды сунуштаган депутаттар жарандык коомдун чочулоосун четке кагып жатат.

Укук коргоочулардын чочулоосуна "Шайлоолор боюнча" мыйзамга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин экинчи окууда жактырышы негиз болду. Ага ылайык, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнгөн.

Саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Мына ушул өзгөртүүлөр добуш берүү маалында байкоочулардын укугун чектейт деп жарандык коом өкүлдөрүнүн кабатырлыгын жаратты.

Эл бийлигин партиялар энчилеп алды

Эл бийлигин партиялар энчилеп алды

Кыргызстандагы конституциялык реформанын көйгөйлөрү адистин көзү менен.

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунованын айтымында, депутаттар мындай жол менен коммерциялык эмес уюмдардын байкоочуларынын ишмердигине тоскоолдук жаратып жатышат:

- Биздин эки эң негизги укугубузду чектеп жатышат. Биринчиси - добуш берүү маалында шайлоо участкасында бардык процесске эркин көз салып көзөмөлдөгөнгө болгон укугубузду чектешти. Экинчиден, шайлоо учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууну аныктасак, ал боюнча арыздануу укугубуздан ажыратып жатышат. Депутаттардын мындай сунуш менен чыкканы туура эмес жана Баш мыйзамга каршы. Себеби, биз Кыргызстандын жараны катары шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча арызданууга укугубуз болушу керек.

Динара Ошурахунова белгилегендей, коммерциялык эмес уюмдан байкоочулар шайлоонун ачык-айкын өтүшү үчүн тыкыр көзөмөл жүргүзүп келген. Эгер добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө чектөөлөр киргизилсе, мындан ары шайлоонун ачык-айкындыгына жана мыйзамдуулугуна шек туудурушу мүмкүн.

Анткен менен аталган өзгөртүүлөрдү сунуштаган парламент депутаттары укук коргоочулардын дооматтарын четке кагууда. Маселен, Социал-демократтар фракциясынан депутат Мухтарбек Айнакуловдун айтымында, мыйзам байкоочулардын укугун чектебей, добуш берүүнү иретке салууну гана көздөйт:

- Бейөкмөт уюмдардан байкоочулар кыскарып калса эле таза шайлоо өтпөй калат бекен? Алардын укугун эч ким тебелеген жок. Ар бир бейөкмөт уюмга бирден байкоочу жиберүүгө укук берилген. Аларды эч ким чектеген жок. Каалагандай сүйлөп жатышат. Ошол эле партиянын, ошол эле талапкерлердин байкоочулары катышып, көзөмөлдөй алат. Бул жерде негизги максат - шайлоо жараянын иретке салуу менен өткөрүү.

Укук коргоочулар менен депутаттар ортосундагы мындай талкуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы так позициясын билдире элек. Шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү демилгени колдосо, айрымдар каршы чыгышууда.

Ал эми БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев президенттик шайлоо мөөнөтүнө аз калганда мыйзамды өзгөртүү аракети түшүнбөстүк жаратат деген пикирде:

- Шайлоого аз калганда мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү туура эмес көрөм. Депутаттар буга чейин беш-алты жыл аралыгында мыйзамдагы талаптарды тактап, тескеп койсо туура болмок. Бирок бизде шайлоого бир-эки ай калганда ар кайсы демилгени көтөрүп, элди удургутуп баштаган көрүнүштөр адатка айланып калды. Ал эми дүйнөдө бир гана байкоочу деген түшүнүк бар. Ал эл аралыкпы, партиянын мүчөсүбү же бейөкмөт уюмданбы шайлоонун таза өтүшүнө көз салышы керек. Ошондуктан, көтөрүлүп жаткан демилге туура эмес.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Учурдагы мыйзамга ылайык, шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде белгилениши керек. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө башчысы үчүн добуш берүүнү 19-ноябрда өткөрүүнү сунуштаган. Бирок шайлоону бул мөөнөттө өткөрүү Баш мыйзамга каршы келет деген талкуулардан улам парламентке Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталган. Ага ылайык, шайлоону 15-октябрда өткөрүү каралууда.

"Арай көз чарай" талкуусу: 25-май, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.