Ишенимди актабаган депутаттарды чакыртып алуу демилгеси менен Оштогу жарандык активисттер чыгышты. Алар депутаттар мыйзамдарды бузуп, шайлоо алдында берген убадасын аткарбай жатат деген жүйө келтиришүүдө.
Мындай демилге менен чыккандардын бири, жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиеванын айтымында, ишенимден кеткен эл өкүлдөрүн чакыртып алуунун мыйзамдык жолдору каралууда:
- Жогорку Кеңештин депутаттары ант берип, мандатын алып жатканда мыйзамдуулукту сактайбыз деп ант берген. Алар азыр референдум өткөрөбүз деп Баш мыйзамды ишке киргизүү тууралуу мыйзамды бузуп жатышат. Демек, булар антынан тайды. Ошондуктан, депутаттардын мандатын чакыртып алуу тууралуу маселени көтөргөнбүз. Бирок мыйзамда депутаттардын мандатын чакыртып алуу деген норма жок экен. Ошондуктан, чакыртып алуу маселеси боюнча референдум өткөрүп, элден жооп алууну көздөп жатабыз.
Оштогу активисттер депутаттардын мандатын чакырып алуу маселесин мыйзамдарга киргизүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту.
Жарандык активист Акылбек Ташбулатовдун айтымында, жарандык демилге катары референдум өткөрүүнүн жол-жобосу мыйзамда каралган.
- Мыйзамга ылайык, 50 адам демилгелүү топ катары БШКдан каттоодон өтүш керек экен. Анан референдум өткөрүүнү боюнча иш-аракеттер жүргүзсө болот. Алар 300 миң жарандын колун топтошу керек болот. Эгер депутаттар тиешелүү жооп бербей, талапка көнбөсө, биз аталган топту түзөбүз.
Анткен менен Жогорку Кеңеш депутаттардын көпчүлүгү бул демилгеге каршы экенин билдиришүүдө. Маселен, Cоциал-демократтар фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева мындай демилге эл өкүлдөрүнүн эркиндигин чектейт деген пикирде:
- Мен бул демилгеге каршымын. Депутаттарды эл шайлаган соң, аларга эл кийинки шайлоодо баа берет. Анын азыркы саясий оюндардын арты менен ар кандай буюртма менен бул жакшы сүйлөгөн жок, же сүйлөдү деп элдин атын жамынып алып, депутаттарга кысым болушу мүмкүн.
Мына ушундай эле пикирди “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова да колдойт. Салянова жарандар шайлоодо жакшылап тандашы керектигин айтууда:
- Депутат ар кандай маселени көтөрүшү мүмкүн. Көтөрүлгөн маселе кимдир бирөөлөргө жакпашы да мүмкүн. Бул саясий рычаг катары колдонулуп, бүгүнкү күндүн шартты эске алганда саясий күчтөр аны колдонуп, чакыртып алууга аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан, биз шайлоонун алдында жакшылап ойлонуп, андан соң эл өкүлдөрүн тандашыбыз керек.
Кыргызстанда ишенимден кеткен депутаттарды чакырып алуу маселеси маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Мындай демилгелер парламент бир мандаттуу округдан мажоритардык негизде шайланган учурларда айтылып келген. Ал учурда ишке ашпаган чакырып алуу партиялык тизме менен парламентке ишке ашуусуна мыйзам да, учурдагы шарт да жол бербейт дейт саясий ишмер Мукар Чолпонбаев:
- Депутаттар эл тарабынан шайланып келген соң эл алдында жооп бериши керек. Эгер элдин мүдөөсүн аткара албаса, эл ага нааразылыгын билдиргендей механизм болушу керек. Бул жалпы талап. Бирок биздин Конституция мындайга жол бербейт. Депутаттардын мандаты императивдүү, аларды кайра чакырып алууга мүмкүн эмес. Андай мүмкүнчүлүк да, андай шарт да жок.
Ошол эле учурда акыркы учурда парламентке келген саясий партиялардын өз арызы менен депутаттык мандаттан баш тартыруу ыкмасы колдонулуп келет. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште мындай маселе боюнча бир нече жолу чатак чыккан эле.