Жогорку Кеңеш: Килюнен Кыргызстанга келбесин

Киммо Килюнен Бишкектеги маалымат жыйынында, 2011-жылдын 3-майы.

26-майда Жогорку Кеңеш июнь окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюненди “персона нон-грата” деп жарыялап, Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салган токтом кабыл алды.
Буга Килюнен пара алыптыр деген айрым маалымат булактары тараткан кабар, ошондой эле парламенттик көпчүлүктүн эл аралык отчет бир жактуу болгон деген бүтүмү себеп болгон. Киммо Килюнен өз дарегине айтылган сын-дооматтарды четке кагаарын “Азаттыкка” билдирди.

26-майдагы жыйында парламент июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын бүтүмү укуктук күчкө ээ эмес, бир беткей болгондуктан, улут аралык ынтымакка данакер боло албайт деп тыянак чыгарды.

Тасма: ЭАК: Кыргын болгон эмес

x

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ЭАК: Кыргын болгон эмес

Комиссия төрагасы Киммо Килюнен "туура эмес маалымат таратканы жана кыңыр ишке аралашкан деген сөздөр тарап жатканына байланыштуу" Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынсын деген токтом кабыл алынды.

Кыргыз өкмөтү бул токтомду аткарууга милдеттендирилди.


25-майда парламентте “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев июнь кооагасын иликтеген комиссиянын төрагасы Киммо Килюненди өз мекени - Финляндиядагы айрым гезиттер июнь окуясы боюнча баяндамасы үчүн пара алган деп жазып чыкканын жарыялаган болучу. Эл аралык комиссиянын курамына кирген жети адамдын таржымалын иликтегенин, анда да күдүк жагдайлар, күмөндүү суроолор жаралып жатканын Иманалиев тактап айтты:

- Жети кишинин бирөөсү гана улут аралык мамиле боюнча адис экен. Бешөөнү иликтесем, бирөөсү Мюллерсон деген өзүнүн мамлекетинде “персона нон-грата” экен. Өзүнүн мамлекетинде куулуп жүргөн адам кантип Кыргызстанга баа бере алат? Килюнен деген ким? Финляндиянын айрым гезиттери Килюнен бул отчет үчүн өзбек сепаратисттеринен чоң акча алган деп жазып жатышат.

Иманалиев Кыргызстанга көө жапкан сөздөрү үчүн аталган комиссия, анын төрагасы айыпка жыгылууга тийиш деп эсептейт:

- Азыр Бириккен Улуттар Уюму, ЕККУ Кильюнендин документи менен иштеп жатат. Иштегени аз келгенсип рахмат айтып жатат. Эгерде кыргыз парламенти саясий позицияны билдире албасак эл аралык коомчулукта Кыргызстан мамлекети адамга кыянатчылык кылды деген күнөө коюп жатат. Бул БУУнун документине ылайык геноцидден кийинки эле Кыргызстандын жүзүнө көө жаба турган, биздин бала-бакырага көө жаба турган документ.

Ал эми азыр Финландияда жүргөн Киммо Килюнен “Азаттыкка” маек куруп пара алды дегенди тамаша деп сыпаттады:

- Бул жөн эле тамаша го. Туура эмес айтып жатышат. Мен Өзбекстанбы же дагы бир башка жактанбы акча алган эмесмин. Комиссиянын катчылыгында мага ишим боюнча кандайдыр бир компенсация төлөнгөн. Башка жактан эч кандай акча алган эмесмин. Мени акча алды деген чындыкка жатпайт.

Кильюнен эл аралык комиссия тажрыйбалуу эксперттерден куралганын белгилеп, ошондуктан алардын бүтүмүн эл аралык коомчулук туура де таап жатканын билдирди:

- Биздин комиссиядагы эксперттер – алар бул маселелер боюнча дүйнөдөгү белгилүү эксперттер. Алар буга чейин көптөгөн этностор аралык жаңжалдар болгон жерлерде иштешкен. Алар эң квалификациялуу адистер.

Кыргыз президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров болсо аталган комиссиянын Кыргызстанга киргизилиш таржымалын эске салды:

- Дүйнө жүзүндө Кыргызстанда геноцид болду дегенди таңулоого аракет кылышты. Ошондой учурда президент аргасы кетип, “жок, андай болсо эл аралык норманын негизинде көз карандысыз комиссия түзүп иликтегиле, геноцид болгон жок”, деп айткан. Ушундай жагдайда келген комиссияга биз эшикти ачып бердик. Биз азыр комиссия келгенинин жаман жагын көбүрөөк айтып жатабыз. Бирок комиссия келип өздөрү айтып жаткан геноцидди таба алган жок.

Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров парламенттин Киммо Килюненди “персона нон-грата” деп жарыяланышына байланыштуу президенттин позициясы жакын арада ачыкталаарын “Азаттыкка” билдирди.

2010-жылдагы июнь коогасын иликтөө боюнча эл аралык комиссияга Кыргыз бийликтери былтыр каргашадан кийин эле уруксат берген.

Аталган комиссия өз баяндамасынын толук корутундусун быйыл 3-майда жарыялап, аны АКШ, Европа өлкөлөрү жана бир катар белдүү эл аралык уюмдар кубаттоого алган.

Бирок кыргыз коомчулугунда, эми кечээтен бери Кыргыз парламентинде бул баяндама "бир беткей жазылган, улут аралык ынтымакка доо кетирген корутунду" катары бааланып жатат.