Парламенттин эки сессиясын толук алып барган, тактап айтканда 2017-жылдан бери төрагалык кылып келаткан Дастанбек Жумабеков депутаттардын ишине «жакшы» деп баа берди. Төрага парламент алтынчы сессияда мамлекетке маанилүү бир топ мыйзамдар менен токтомдорду кабыл алганын белгилеп, алардын катарында уран казууга каршы, сүйүнчү пул боюнча жана экс-президентке байланыштуу чечимдерди атап өттү.
«Көп сын-пикирлер айтылды. Демек, алтынчы чакырылыш жакшы иштеп жатыптыр да. Сөз бар го, «сенин артыңдан сөз болсо - демек, сен иштеп атасың» деген. Парламент күчтүү токтомдор менен мыйзамдарды кабыл алганы үчүн ушундай сөздөр чыгып атат. Паламент өз ишин кылып атат», - деген Жумабеков парламент ар бир чечимдин жоопкерчилигин сезерин айтып, буга экс-президентке байланыштуу парламенттин аракетин мисал келтирди:
«Парламент өз ишин кылды. Бир сааттын ичиндеби же бир айда мыйзам долбоорун кабыл алабы - регламентте жазылган. Мыйзамдын чегинде иш кылдык. Албетте, саясий кырдаал башкача болуп кетсе жоопкерчиликти мойнуна алат. Андан качпайбыз. Өз жоопкерчилигибизди сезип, ушул ишке бардык».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Деген менен айрыкча дал ушул Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алууда парламенттин дарегине сын пикирлер жаады. Сындагандар «парламент төрт жыл ичинде президенттен толук көз каранды болуп калганын, кайсы бийликтин болбосун саясий буйруктарын кыңк этпей аткара берерин далилдеди» деп жатышат.
Чынында буга чейин айрым депутаттар мурунку президенттин тушунда кайсы бир маселе, мыйзам долбоорлору боюнча түз тапшырма болуп турганын Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин айтып чыгышкан.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова жаңы президенттин тушунда деле Жогорку Кеңеш өз алдынча бийлик бутагы катары өз вазыйпасын аткара алган жок деп эсептейт.
«Бир мисал келтирейин, - деди укук коргоочу. - Шайлоо мыйзамдары боюнча жарандык коом ар кандай талкууларга катышып, демилгелерди айттык. Бирок парламент уккан жок. Президентке караштуу топ сунуш кылган долбоорду карап туруп тарап кетишти. Андыктан өз алдынча болуп жатат деп айта албайм».
Кандай болгон күндө да алтынчы чакырылыштагы парламенттин тушунда бир топ тарыхый-саясий окуялар болуп өттү. Шайлоо жолу менен президенттер алмашып, ага парламентте отурган дээрлик бардык партиянын талапкерлери ат салышты. Мындан сырткары бул чакырылыштагы парламент жыйырма жылдан ашуун колдонуп келген мыйзамдарды жаңы кодекстерге алмаштырды. Борбор Азиянын тарыхында алгачкы жолу Кыргызстанда парламент экс-президентти кол тийбестигинен ажыратты.
Андыктан айрым саясат талдоочулар парламент өзүнө тагылган тарыхый милдетти жаманбы-жакшыбы аткарууда деп эсептешет.
Саясий эксперт Сейтек Качкынбай парламенттик системада Жогорку Кеңештин багытын аныктап, аны жетелей тургандар партиялар экенин белгилейт. Серепчи ошондуктан партиялардын шайланып келгени сыяктуу парламенттин тамырын түптөгөн системаларды оңдоо зарыл деген оюн ортого салды:
«Элита эле эмес, эл, журналисттер, саясий серепчилер да тарыхтан сабак алышы керек болуп калды. Тарых үч-төрт жылда өзгөрүп атат. Шайлоо босогосун оңдоп, жөнөкөй адамдар да парламентке келишине шарт түзүш керек. Башкача айтканда ушул сыяктуу институттардын үстүнөн иштеш керек. Анан парламентке келгенде ким өкмөт башчы, министр боло алат дегенди такташыбыз керек. Болбосо азыркы өкмөт элге кандай убада менен келип башкарып атат? Кийин кимге жооп берет? Ушул сыяктуу иштерди оңдош керек».
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы V сессиясын жыйынтыктап, учурда эки айлык эс алууда. Депутаттар бир жыл ичинде 102 мыйзам, 539 токтом кабыл алган. 500дөн ашык парламенттик угуу, коомдук талкуу өтүп, жарандардан 20 миңдей кат келген. Эл өкүлдөрү эми 1-сентябрда ишке чыгат. Кийинки сессия менен VI чакырылыштын мөөнөтү аяктайт.