Кызматтык үйдү кыя албаган депутаттар

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш кызматтык батирден мурдагы депутаттарды чыгара албай сотко кайрылганы жатат.

Шаршембиде эл өкүлдөрү шайлоо астында жеңилдиктерден баш тартабыз деген убадасына турбай тиешелүү мыйзамга каршы добуш бергени сынга кабылды.

Депутаттарды жеңилдиктеринен ажыратуу боюнча демилгени талкуулоо учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков мурдагы депутаттар кызматтык батирлерден чыкпай жатканын билдирди:

- Кызматтык квартирага кирип, чыкпай жүргөн мурдагы чакырылыштын депутаттары бар экен. Бул депутаттар үчүн моралдык да, бардык жактан да туура эмес. Аларды чыгаруу үчүн эми сотко кайрылууга аргасыз болуп жатабыз.

Мындан соң Жогорку Кеңештин аппараты кызматтык үйдү тапшырбай жаткан мурдагы депутаттардын атын атады. Алар V чакырылыштагы парламент депутаттары Эсенгул Исаков, Акылбек Султанов жана Абдуталип Режевалиев болуп чыкты.

Экс-депутат Эсенгул Исаков Жогорку Кеңештин төрагасынын айтканына нааразы. Ал батирге ижара акысын төлөрүн жана жакын арада көчүүгө даярданып жатканын билдирди:

- Кышында биз көчпөй калганбыз. Бул жерде бекер жашап жаткандай ойлошот. Биз батир үчүн акы төлөйбүз. Бизге акынын көлөмүн үч эсе көтөрүп койгон. Биз менен кошо дагы бир мурдагы депутат Курманбек Өмүрбеков жашайт. Биз төлөгөн акынын, чарбалык эсептин негизинде бул үйлөрдү оңдоп-түздөп жатат. Негизи кызматтык үйдүн 14 батири бош турат. Азыркы чакырылыштагы 13 депутаты гана кызматтык үйгө кирген. Анан биз көчөбүз деп кол коюп бергенбиз, үй издеп чуркап жүрөбүз. Эмнени айтып жатканын билбейм.

Исаков батир акысы 6 миң сомду түзөрүн, аны кечиктирбей төлөп келгенин кошумчалады.

Акылбек Султанов

Улуттук статистикалык комитеттин башчысы Акылбек Султанов Социал-демократтардан депутаттыкка кайра шайланып, анан өкмөткө дайындалганына байланыштуу мандатын тапшырган.

Бул окуя коомчулукта депутаттарга берилген жеңилдиктер жана кызматтык батирлерди менчиктештерип алуу боюнча талкууларга жол ачты.

Кыргыз парламенти 2008-жылы депутаттардын кызматтык үйдү жана унааларды менчиктештирүүсүнө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ага чейин эл өкүлдөрү мөөнөтү бүткөндөн кийин деле жашаган үйдү өзүнө жаздырып алуу укугун кеңири колдонуп келген.

Бир нече чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кызматтык батирди каалагандай бөлгөн учурлар болгонун айтууда:

- Мыйзам кабыл алынганга чейин бир топ батирлерди ар кыл чакырылыштын депутаттарына берген. Жарандык кодекстин негизинде 10 жыл жашаган соң менчиктештирүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бирок кийинчерээк 10 жыл эмес эле алты ай иштебей жатып, менчиктештирип алгандар болгон. Аларды Жогорку Кеңеш сотко бергени менен утулуп калган учурлар да катталган.

Сөз болуп жаткан сотто Жогорку Кеңеш мурдагы депутаттардан батирлерди кайтарып алуу боюнча териштирүү жүргөн. Булардын айрымдары батирлерди тапшырса, сот айрым депутаттар мыйзамдуу түрдө менчиктештирген деп чечим чыгарган.

Анвар Артыков

Алардын бири учурдагы депутат Анвар Артыков кызматтык батирди кызына энчилегенин айтып келет.

Ошол эле учурда парламенттин экс-депутаттарынын бири Ирина Карамушкина депутаттар үйү турса деле кызматтык батир алып, туугандарын киргизип койгонун учурлар болуп келгенин жашырбайт:

- Депутаттар өздөрү мыйзамды бузуп жатканы туура эмес. Алар эл ишениминен ашыкча пайдаланып жатышат. Балким алар көчүп чыкканга убактысы болбой калышы мүмкүн. Бирок бир жылга жакын мезгилден бери чыкпай жүргөнү туура эмес. Ал гана эмес, депутаттар арасында өздөрү башка жерге жашап, кызматтык батирге туугандарын киргизип койгондор бар.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурдагы чакырылыштын 13 депутаты кызматтык үйдө жашайт. Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө дээрлик бардык партиялар жеңилдиктерден баш тартарын убада кылышкан. Бирок шаршембиде Жогорку Кеңеш депутаттар үчүн кызматтык батирлерден баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун колдогон жок.

"Арай көз чарай": Эл өкүлдөрүнүн батир санаасы. 16.06.2016