Коалиция тагдыры кайрадан таразада

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген “Ар-намыс” фракциясындагы депутаттардын бир бөлүгү коалицияны таратуу боюнча кол топтоп, экинчи бөлүгү ага каршы чыгууда.
Мындай саясий жүрүштөр "Ырыс алды - ынтымак" деп аталган коалициялык көпчүлүктү жетектеп турган "Ар-намыстын" лидери Феликс Куловдун Бишкек шаардык кеңешке шайлоого нааразы болуп, коалицияны башкаруудан баш тартуусу негиз берди.

Кол топтоп жаткан "арнамысчыларды" оппозиция колдоп, бийлик партиялары коалиция таркабайт деген ишенимде турушат.

"Ар-намыс" эмнеге таарынды?

"Арнамысчылардын" бир даарынын коалициядан чыгуу үчүн кол топтой баштаганы бүгүнкү парламент жыйынында белгилүү болду. Алар мындай кадамды жергиликтүү кеңештерге шайлоо ыпылас өттү, коалициядагы өнөктөштөрү болсо буга көз жуумп койду деп негиздешүүдө.

Депутат Каныбек Осмоналиев бир катар фракциялаштары мындай демилге үчүн кол койгонун “Азаттыкка” тастыктады:

- Бишкектеги жана башка аймактардагы шайлоо абдан ыплас өттү. Муну баары көрүштү. Биз “Ата Мекен” же КСДПга деле көп дооматыбыз жок. Бирок бийликтегилерге бир катар дооматтарыбыз бар. Мисалы, мен билим берүү системасындагылар жөнүндө эле айтсам, мугалимдердин баары административдик ресурстун куралы болуп калышты. Ушуну болтурбай койгонго болот эле да. Ага каршы эч кандай чара көрбөгөн коалициянын курамында калып эмне кереги бар? Ошондуктан чыгыш үчүн кол топтолуп жатат. Мен ага кол коюп бердим.

Осмоналиевдин айтымында, учурда канча депутат кол койгону тууралуу так маалыматы жок. Бирок "Ар-намыстын" 11 депутаты мындай демилге үчүн кол койгону тууралуу парламентте сөздөр болуп жатат.

"Арнамысчылардын" бир даары мындай демилгени каршы чыгышууда. Депутат Токон Мамытовдун айтымында, Бишкек шаардык кеңешине "Ар-намыстын" утулушуна партиянын өзүнүн шайлоого даярдыгы жана уюштуруу иштери начар болгону себеп. Мындан улам партияга бут тосулду деп, доомат артып, коалициядан чыгууга негиз жок:

- Бул маселе шайлоодон улам чыкты. Анда эч кандай деле саясий же башка негиз деле болгон жок. Шайлоонун эле негизиндеги иш болуп калды. Коалициядан чыгуу боюнча болсо демилгеге себеп деле жок. Учурда 11 депутат чыгуу демилгесин колдоптур, 14 каршы болуптур деп айтылып жатат. Чынын айтсам мага деле эч ким келген жок. Ал коалициядан чыгыш үчүн "Ар-намыстагы" 25 депутаттын үчтөн экиси же 18 депутат колдошу керек. Менин оюмча анчалык сандагы депутат демилгени колдобойт болуш керек.

Ошол эле кезде "Ар-намыстын" коалицияда калуусун каалаган депутаттар да кол чогулта баштаганы белгилүү болду. Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, мындай демилгени 15ке жакын депутат колдоду.

"Таратууга негиз жок"

"Ар-намыс" коалициядан чыгуу тууралуу демилге көтөрөөр замат парламенттеги оппозиция муну колдоп чыкты. "Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков коалиция ыдыраса, "Ар-намыс" менен бирге оппозициядагы "Ата Журт" жана "Республика" фракцияларынан турган жаңы коалиция түзүү аракеттерин четке какпайт. Бул бийликтеги тең салмактуулукту сактоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болмок:

- Бүгүнкү абалды эске алганда бийликтин партиясы оппозицияга калса, жакшы көрүнүш болмок. Өлкөдөгү парламенттик демократияны, бийликтин тең салмактуулугун сактоого жол ачмак. Ошондуктан "Ата Журт", "Республика" жана "Ар-намыс" коалиция түзсө абдан жакшы болмок.

Ал эми коалициядагы Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Ар-намыстын" депутаттарынын демилгесинин артында кайсы бир күчтөрдүн кызыкчылыгы жатканын, коалицияны таратууга негиз жок деп билдирүүдө:

- Негизинен коалицияны "Ар-намыс" фракциясы да түзүшкөн, азыр башында турат. Анан ушундай кычыраган кышта, курчуп турганда чыгам дегени туура эмес. Албетте мындай демилге кайсы бир пландын негизинде, бийликке келүүнү каалаган саясий күчтөрдүн, анын ичинде оппозициянын кызыкчылыгы менен болуп жатканы түшүнүктүү. Бирок "Ар-намыс" депутаттары коалициянын ыдырашына жол бербесе керек.

Парламентте дал ушундайча коалициянын тагдыры кайрадан калчанып жаткан учурда "Ар-намыстын" айрым депутаттарынын коалициядан чыгуу тууралуу демилгеси ишке ашышы мүмкүнбү жана ал эмнеге алып келет деген суроо кабыргасынан коюлууда.

Саясий илимдердин доктору Аалыбек Акуновдун пикиринде, мындай кырдаалдын түзүлүшүнө оппозициялык күчтөрдүн түрткүсү себеп болууда:
Учурда 11 депутат чыгуу демилгесин колдоптур, 14 каршы болуптур деп айтылып жатат.

- Парламент ичиндеги да, сыртындагы да оппозиция, саясий күчтөр бири-бирине пайдалуу кылгандай кылып, атайын ушундай кырдаалды түзүштү. Бул мурда эле пландалган болушу мүмкүн. Шайлоонун жыйынтыгы жөн эле себеп болду. Өлкөдөгү туруктуулуктун бузулушу мамлекетке пайда алып келбейт.

Талдоочу Санжар Тажиматов:

- Албетте "Ата Журт" жана "Республика" жана "Ар-намыс" жакшылап талап кылса, коалиция ыдырашы толук мүмкүн. Бирок муну менен жазга чейинби же ага жетпей, саясий кризис катары парламент тарап калышы мүмкүн. Ал эми ушундай курамдагы коалиция түзүлүп калса, өлкөдө тең салмактуулук үчүн жакшы болмок.

Ал ортодо "Ар-намыстын" лидери Феликс Кулов фракция коалиция тууралуу расмий чечимин фракциянын 30-ноябрдагы жыйынында жарыялаарын билдирди.