Айдарбековдун талапкерлигин көрсөтүп парламентке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү барды.
Жогорку Кеңештегилер кыргызча, орусча эле эмес, англисче да суроо берип, анын чет тилди билүү деңгээлин текшеришти. Бирок сын ордуна сунуш, каалоо-тилек айткан эл өкүлдөрү басымдуулук кылды.
Депутаттар тышкы саясатты аныктаган жаңы министр оболу Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломаттарынын билим деңгээлине, иш тажрыйбасына көңүл бурушу керек экенин белгилешти.
Депутат Дастан Бекешев бул багытта Айдарбековдун кандай иш алып барарына кызыкты:
- Эми сиз элчиликтерди карашыңыз керек. Деңгээли өтө төмөн, уят эле кылып жатышат. Кээ бири жарандар менен жолукпай эле жүрүшөт. Эң биринчи ошолор менен иштешиңиз керек. Сизде кандайдыр бир сунуштар барбы?
Буга Айдарбеков “сунуштарды эске алып, элчиликке бараткан ар бир талапкерди изилдеп, чечим чыгарабыз” деп жооп берди.
КСДП фракциясынын дагы бир өкүлү, депутат Элвира Сурабалдиева өлкөнүн жетекчилиги оппозиционерлерди элчи кылып чет мамлекеттерге жөнөтүү тажрыйбасын токтотуп, алардын ишине баа бериш үчүн критерийлер зарыл экенин белгиледи.
Депутаттар "башка мамлекеттер менен мамиледе көп багыттуу саясат жүргүзүү зарыл" деген пикирлерин айтып, бирок коңшу жана өнөктөш өлкөлөр менен бардык жактан тең укуктуу байланышты чыңдоо биринчи орундагы маселе экенине токтолушту.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев болочок министрди башка мамлекеттер менен кылдат мамиледе болууга чакырды:
- Чыңгыз Азаматович, менин жеке оюмда Европа Биримдиги менен да, Америка менен да байланышта болуп, көп багыттуу саясат жүргүзүшүбүз керек. Ири державалардын ортосунда экономикалык, геосаясат, идеологиялык жактан тиреш бар. Бири-бирине санкция киргизип жатышат. Биз ошондой учурда аларга карата бир жактуу позициядан алыс болуп, өзүбүздүн маселени чечишибиз зарыл.
Айрым эл өкүлдөрүн "Тышкы саясатка жооптуу мекемени жаш кадр жетектеп кете алабы?" деген суроо кызыктырды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине Айдарбековдун талапкерлиги анын баскан жолун, буга чейинки дипломатиялык кызматтардагы тажрыйбасын эске алуу менен көрсөтүлгөнүн айтты. Ал эми Айдарбеков бул мекемени жетектөө жөнүндөгү сунуш ал үчүн күтүүсүз болгонун жана жаш болсо да жакшы иштеп берүүгө даяр экенин билдирди:
- Көпчүлүк үчүн мен жаш көрүнөт окшойм. Бирок кеп анда эмес, бул жоопкерчиликти сезип жатам. Мага бул жагдай күтүүсүз болду, бирок толук кызмат кылууга мен даярмын.
Ошентип, 2016-жылдан бери Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп келген Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңештин 101 депутаты колдоду. Саясий чөйрөдө буга чейин аты анча белгилүү эмес жаш кадрдын дайындалышы ар кандай бааланып жатат.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай пикирин билдирди:
- Тышкы саясат - ички саясаттын уландысы. Кыргызстан эмнеге муктаж? Улуттук кызыкчылыкты көздөгөн коопсуздук, анан экономика маанилүү болуп турат. Инвестиция тартып келүүгө аракет кылыш керек. Анан ТИМдин ичинде өтө татаал маселе пайда болду. Кыскасы, тышкы саясатты өзгөртөт деп ишенип турам.
Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон. 2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.
Чыңгыз Айдарбеков 1920-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бири Иманаалы Айдарбековдун небереси экени айтылып жатат. Бирок Айдарбеков өзү парламентте бул суроого жооп бергиси келген жок. Эми социалдык тармактардын колдонуучулары анын Иманаалы Айдарбековдун кандайча небереси болгонун талкуулап жатышат.
Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз ыктыяры менен иштен кеткен. Ага Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын чуулгандуу билдирүүсү себеп болгон.