Бир жумадан бери талкууга түшкөн КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын чырын 13-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жабык талкуулады. Жыйында сыйлыкка бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча кылмыш ишин тергеп жаткан УКМКнын өкүлдөрү маалымат беришти.
“Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабировдун жабык жыйындан кийин айтканына караганда, кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканына байланыштуу азырынча көп маалыматтар ачык жарыяланбайт.
- Азырынча көп нерсе түшүнүксүз. Эл аралык бөлүмдүн кызматкерлери акчаны кандайча алганы, ал кандай которулганы белгисиз.
Эл аралык комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев да сыйлыкка бөлүнчү каражат кантип уурдалганын түшүнүү кыйын болуп турганын билдирди. Анын айтымында, бул сыйлыктын жеңүүчүлөрүн аныктоо жана тапшыруу үч этапка бөлүнөт.
- Ал акчаны кантип алганын, кандай негизде алганын жакшы билбейт экенмин. Бирок сыйлыктын лауреаттарын көрсөтүү боюнча жобого ылайык ал үч этапка бөлүнөт. Ар бир парламент көрсөтөт, аны парламент аралык комиссия карап чыгат. Андан соң парламент аралык кеңеш бекитет. Мына ушул үч баскычты буйтап өткөнү түшүнүксүз.
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго кылмыш ишин козгоп, ал эки айга камакка алынды.
Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн акча жоголду
Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн акча жоголду
Маалыматка караганда, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын 30 миң доллар акчалай сыйлыгын Закиров 2017-жылдын сентябрь айында колуна алган. Ал үчүн парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ал кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго жиберип, акча бөлүнгөн. Муну Турсунбеков "Азаттыкка" бир нече жолу ырастаган:
- Эл аралык комитеттин башчысы атайын кат менен мага кайрылган. Мен мыйзамга ылайык, жобого ылайык тиешелүү бөлүмдөргө түшүрүп бергем. Тергөө жүрүп жатат, мунун айрым жагдайлары анын жүрүшүндө такталса керек. Буга күнөөлүү адам бүгүн камалды. Эгер дагы башка адамдардын күнөөсү бар болсо, алар да камалышы керек деген принципиалдуу позициям бар.
Акчанын мыйзамдуулугуна байланышкан күмөн Закиров парламенттин иш башкармалыгына тиешелүү документтердин негизинде отчет тапшырганда пайда болгон. Натыйжада парламент тапшырылган документтердин мыйзамдуулугун тактоо максатында КМШнын Парламент аралык ассамблеясына кат менен кайрылат. Ассамблеядан өз кезегинде "кыргыз парламенти которгон акча келген жок, бул боюнча тапшырылган документтерге аталган уюмдун тиешеси жок" деген жооп келген. Ошондон кийин гана Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, Арсен Закиров эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Бирок ошол эле учурда сыйлык бөлүнчү каражатты накталай алуу боюнча катка кол коюп, төрагага кайрылган парламенттин Эл аралык комитетинин төрагасынын жоопкерчилиги боюнча да суроолор пайда болду. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков документке кол койгон соң комитет төрагасынын маселеси каралышы керек деген пикирде.
- Документке кол койгон соң жоопкерчилик бар. Бюрократиянын мыйзамы ушул. Комитеттин төрагасы катары кол койдуңбу - ал үчүн сен жоопкерчилик тартышың керек. Маселен, Салянованын иши боюнча салыштырып көрсөк, ага орун басарлары даярдап келип, "документке кол коюптурсуң" деп соттоп жатышпайбы. Андай болсо сен кандай максатты ойлогонсуң, окубай туруп эле кой коесуңбу - ал үчүн комитет башчысы жооп бериши керек.
Ал эми парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатат. Өкмөттүн басма сөз кызматы да бул боюнча комментарий бере албасын билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Шадиевдин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөп жатып, вице-премьер бардар адам экенин эске салып, "ал киши мындай каражатка муктаж эмес" деген пикирин билдирди.
КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделген. Андан бери бул сыйлыкка КМШ өлкөлөрүнүн адабиятка жана маданиятка кошкон салымы үчүн Юрий Поляков (Орусия), Анар Рзаев (Азербайжан), Грачье Тамразян (Армения) жана Шайлообек Дүйшеев (Кыргызстан) татыктуу болгон. Жогорудагы төрт сыйлык ээсине тең Жогорку Кеңештин бюджетинен 30 миң доллардан акчалай сыйлык берилген.