Таластан Берлинге кеткен жол

Маткерим Рахманбердиев ортодо.

Маткерим Рахманбердиев 1915-жылы 20-апрелде Талас облусунун Манас районуна караштуу Ак-Таш айылында туулган. Чоң-Коргон айылындагы толук эмес мектепти бүтүргөндөн кийин Чүйдөгү Айыл чарба техникумуна тапшырып, ал жерде 1940-жылга чейин билим алат. Экинчи Дүйнөлүк согуш башталган биринчи күндөн тарта анын акырына чейин фашисттик баскынчылар менен салгылашкан.

Майданда Берлинге чейин барып, мекенине 1946-жылы кайтып келген. Согуш учурундагы каармандыгы үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган.

Ал согушта чалгынчы-фотограф болгон деген маалымат бар. Эгер тирүү болсо Рахманбердиев быйыл 20-апрелде 100 жашка чыкмак. Ал 1995-жылы 80 жаш курагында каза болгон. Согуштун катышуучусу Маткерим Рахманбердиевдин майдандагы сүрөттөрдөн турган фотоальбомун чогуу барактайлы. Аны "Азаттыктын" "Биздин тарых" долбооруна уулу Кубанычбек Рахманбердиев алып келген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таластан Берлинге чейин барган жол

1943-жылы 5-апрелде Орел, 1943-жылы 25-сентябрда Смоленск (Орусия), 1944-жылы 24-июлда Витебск (Беларус), 1944-жылы 8-октябрда Шаулей (Литва) шаарларын, 1944-жылы 23-октябрда Чыгыш Пруссияны, 1945-жылы 9-апрелде Кёнигсберг калаасын бошоткондугу үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин да бир катар сыйлыктарды алган. Маселен, 1946-жылы 7-июлда Германияны бошоткондугу үчүн, 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы орденин алган. Бардыгы болуп 14 орден-медал менен сыйланган экен.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Манас районундагы Ак-Башат айылында колхоздо башкарма, Пушкин жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин төрагасы болуп иштеген. Ушул кызматтарда иштеп туруп, персоналдык пенсияга чыккан.

Согуштан кийин үйлөнүп, он баланы тарбиялап өстүргөн. Өмүрүнүн акырына чейин Аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеген жана бир канча жолу айылдык, райондук, облустук кеңештин депутаттыгына шайланган. Өмүрүнүн акырына чейин Коммунисттик партияга мүчө болгон.

Таластан Берлинге кеткен жол