Улуу Ата Мекендик согушта 3 жыл майданда кан кечип, кийин дагы 3 жыл Германияда комендатурада иштеген Жаныбек Таштанов быйыл 90 жашка чыкты.
Теги өзбекстандык кыргыздардан болгон Жаныбек аксакал согуштан кийин кыргызстандык өзбек кызга баш кошкон. Ошондон бери Кара-Суу шаарында жашайт. Жеңишти Берлинде тосуп алган.
1942-жылы 19 жашында согушка аттанган Жаныбек Таштанов жоокерлердин арасынан орус тилин билип, идиректүү болгондуктан алгач аскерлерди даярдоо бөлүмүндө тилмечтик кылган. Кийинчерээк өзү суранып, кан майданга аттанат.
- Кан кечип жүрүп, ок каяктан келип жатканын да билип калганбыз. Алыстан же жакындан келаткан окту дароо байкачу элек. Асмандан бомба таштайт эмеспи, ал деле өзүнчө бир үн салып келет. Биринчи бомбанын артынан келген экинчи бомба 50 метр ары түшөт. Жан сакташ үчүн биз экөөнүн ортосундагы чуңкурларга жашырынчубуз.
Согушта бир канча жолу жеңил жараат алган Жаныбек Таштанов Украинаны, Молдованы жана Польшаны фашисттерден бошотууга катышкан. Жеңишти Берлин шаарында тосуп алган ардагер 1945-жылдын 9-майын мындайча эскерет:
- Согуш бүттү деп үн күчөткүч аркылуу жарыя кылды эле, бири бирибизди кучактап, ыйладык, сүйүндүк, тирүү калдык деп... Ошол эле Германияда ач-жылаңач калган кишилерге тамак таратып, жардам бердик.
Согуш бүткөндөн кийин дагы 3 жыл Германияда комендатурада иштеген Жаныбек Таштанов болочок жубайын мекенине эс алууга келип, кайра Германияга жөнөө үчүн Кокон шаарына кетип жаткан учурда – поездде жолуктурган. Апасы менен чогуу бараткан Тажиканга көзү түшүп, вагондун ичинде эле болочок кайынэнесинен кызынын колун сураган.
- Ал кезде жашмын да, түз эле барып, "кайра келсем, кызыңызды бересизби?" дедим. Аял макулдугун берди. Үйүнүн дарегин жазып алып, Германияга жөнөдүм. Үч айдан кийин келип, 1948-жылдын 8-ноябрында той кылдык. 7 эркек бала төрөп берди. Алардын төртөө бар, үчөөсүн жерге бердик. Балдарымдын баарын үйлүү-жайлуу кылдым.
Аксакал токсонду багынтканы менен кыймылы тың, акылы тунук. Бул кишини тааныбаган Кара-Сууда жан жок. Мектептердеги ардак тактасында жубайы экөөнүн сүрөттөрү илинүү.
Кадырман карыялардын азыр 19 небереси, 23 чебереси бар. Буларды чыныгы интернационал үй-бүлө десе жарашат. Жаныбек аксакал кыргыз, байбичеси өзбек, келиндеринин арасында тажик тектүүлөрү бар. Артта калган күндөрдү ардагердин жубайы Тажикан апа мындайча эскерет:
- Чогуу жашаганыбызга 63 жыл болду. Бул киши азыр 90го чыкты, мен 82ге чыгып калдым. Тагдырыбызга чогуу өмүр сүрүү жазылган экен, бул киши өзбекстандык, мен кыргызстандык. Ушунча жылдан бери ынтымактуу жашап келатабыз. Сен кыргызсың, мен өзбекмин демей жок. Кыргыз келсе, кыргызча тосуп алабыз, өзбек келсе, өзбекче коноктойбуз.
Тажикан апанын айтымында, Жаныбек аксакалдын галстук - моюнбоо тагынбаган күнү болгон эмес. Азыркыга чейин кыры кетпеген көйнөк-шым кийип жүрүү адатын койбойт.
Бир топ жыл Кара-Сууда соода кылып, андан соң аксакалдар кеңешин башкарган ардагер кезинде "Даңк" медалы менен сыйланган. Көкүрөгү толтура төш белги. Кайсынысын кандай каармандыгы үчүн алгандыгын тастыктаган бир таңгак документти байбичеси темир сандыкка сактап келет. Арасында эскилиги жетип, бүктөмдөрүнөн жыртыла баштаган ардак баракчалары да бар. Алардын баары бул үйдөгүлөр үчүн ыйык таберик.