“Азаттыктын" жамааты ОшМУга барды
Суроо-жооп, талкуу форматындагы форум эки тараптын демилгеси менен уюштурулду.
Ош мамлекеттик университети - Кыргызстандагы эң алгачкы окуу жайларынын бири.
Ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү 65 жыл мурда обого чыга баштаган. Кыргыз тилиндеги алгачкы уктурууну 1953-жылы 18-мартта Мюнхендеги студияда белгилүү кыргыз журналисти Азамат Алтай даярдап, обого алып чыккан.
ОшМУнун студенттери.
ОшМУнун студенттери.
ОшМУнун студенттери.
ОшМУ-"Азаттык" медиафорумунун катышуучулары.
"Азаттыктын" баяндамачысы Бурулкан Сарыгулова.
ОшМУнун студенттери журналисттик иликтөө, "Азаттыктын" ишмердүүлүгү тууралуу суроолорду беришти.
"Азаттыктын" Бишкек бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева.
ОшМУнун мугалимдер жамааты.
"Азаттыктын" журналисти Кубаныч Жолдошев студенттерге кесиптик тажрыйбасы тууралуу айтып берип жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев алгачкы эмгек жолун "Азаттык" радиосунан баштаган.
"Азаттык" радиосунун журналисти Амирбек Азам уулу Ош мамлекеттик университетинин профессору наамына татыктуу болду. Аны 6-ноябрда аталган окуу жайында "Азаттык" - ОшМУ медиа-форумунда ректор Каныбек Исаков тапшырды.
Ош мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Апсаттаров "Азаттыктын" жетекчиси Венера Жуматаевага белек тапшырып жатат.
Ош мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Апсаттаров "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ардак грамотасын тапшырды.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Апсаттаров.
ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.
"Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков өкмөттүн сыйлыгын алды.