Ошто окуучулар клейге ууланган

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Ош шаарында ууланган 16 окуучу жана эки мугалим Ош аймак аралык клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин көзөмөлүнөн кийин үйлөрүнө чыгарылды. Окуя болгондон кийин желим баштыктагы жыты жагымсыз зат мектептин дааратканасынан табылган.

Оштун Амир-Тимур кичирайонундагы №54 мектептин 9-классынын окуучусу Бакира Абдраимова окуу бөлмөсүндө кокустан пайда болгон жыттан эсин жоготкон. Дарыгерлердин жардамы менен ооруканада эсине келген окуучу окуя тууралуу буларды айтып берди:

- Класстын ичинде болду. Клейдин жыты чыгып бүт класска таркап кетти. 12 окуучу, эже бар болчу. Өзүмө келсем ооруканада экенмин. Башка эч нерсени билбейм.

Ош аймак аралык клиникалык ооруканасынын дарыгери Назарбай Сыргабаев ууланган окуучуларды бирден текшерип, абалы дурус болуп калгандарын үйгө жөнөттү. Дарыгер ооруканага кайрылган 16 окуучунун жана эки мугалимдин ооруканага түшкөнгө чейинки абалы бирдей экенин айтты:

Назарбай Сыргабаев.

​- Баарыныкы бирдей эле диагноз. Башы айланып, көңүлү айнып, анан бирин-бири көрүп дүрбөлөңгө түшүп келишти. Биз дары-дармек бердик. Анализ тапшырышты. Эми үйлөрүнө жөнөтүп жатабыз. Таңга чейин ата-энеси карап турса анан мектепке бара беришет.

Окуучулардын уулануу фактысын Ош шаардык милициясы иликтеп, окуучулар клейден ууланганын аныктады. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Райхан Абдразакова "Азаттыкка" билдирди:

- Клейди ошол эле класстын окуучусу базардан сатып алып келген экен. Ал аны досторуна көрсөтүү максатында алып келгенин айтты. Клей экспертизага жиберилди. Азыр жыйынтык чыга элек. Бул бала мурда клей колдонуп жүргөнбү же жокпу, иликтенип жатат. Иликтөөлөрдүн натыйжасында ал бала эки сааттын ичинде аныкталды. Баштыкчаны ошол эле класста окуган бала үйүнөн алып келген экен. Бирок үйүндөгүлөр бул затты билбей турганын айтып жатышат.

​​Белгисиз затка ууланып ооруканага кайрылган 16 окуучу жана эки мугалим дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин үйлөрүнө чыгарылды.

Иликтөөлөргө караганда, мектеп курагындагы балдар арасында желим, ацетон жана башка химиялык ар кыл эритүүчү уулуу заттарды жыттоону кумарга айландыруу өспүрүмдөр арасында байма-бай кездешип жатат. Адистер балдарды мындай өнөкөттөрдөн арылтуу же анын алдын алуу үчүн мугалимдер, ата-энелер, дарыгерлер биргелешип иштеп, балдарды бош убакытты туура пайдаланууга багытташы керек экенин айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.