Буга нааразы болгон тургундар “шаар башчы элди тезек терүүгө түртүп жатат” деп чыгышты. Шаар бийлиги болсо жылуулук берүүдө жер тамдарга караганда көп кабаттуу үйлөргө кам көрүү маанилүүрөк экенин айтууда.
Ош шаарынын башчысы Таалай Сарыбашевдин протоколдук тапшырмасы менен калаадагы 400 жер тамдын жылуулук түтүктөрү кесилди. Шаар бийлиги бул кадамын көп кабаттуу үйлөргө берилип аткан жылуулуктун сапатын арттыруу зарылчылыгы менен негиздеп жатат. Бирок кадимки көп кабаттуу үйлөрдүн катарында жер тамдарын борборук түйүндүн жардамы менен жылыткан жарандар буга нааразы болуп чыгышты.
Мисалы, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн тургуну Гүлмира Сагыналиева бийлик жылуулукту эскертпестен токтотконуна нааразы болду:
- Эч кандай эскертүү деле, түшүндүрүү деле болгон жок. Биз акыркы 15 жылдан бери ЖЭБдин жылуулугун колдонуп келгенбиз. Шаардын ортосунда жашасак, тезекти кайдан термекпиз? Бийликтин бул кадамына биз аябай каршыбыз. Биздин үйлөрдүн жылуулук түтүктөрүн кайрадан улап беришин талап кылабыз.
Ош шаарынын борбордук жылуулук тутумуна туташкан жеке менчик үйлөрдүн жылуулук түтүктөрүн кесүү 2-ноябрда аяктады. Шаарда жеке менчик үйлөрдү жылуулуктан ажыратуу иштери түнкү саат 12ге чейин уланып жатты. Үйү жылуулуксуз калган ардагер Амирбек Кыргызбаев шаар бийлигинин бул кадамын алдыга эмес, артка кетүү деп баалады:
- Керектүү документтердин негизинде ЖЭБ өзү бизди жылуулукка улаган. Андан бери 14-15 жыл болду. Быйыл “мэриянын буйругу” деп, жумушчулар жылуулук түтүктөрүн кесе баштады. Бардык нерсе, бардык аракет элдин жашоо сапатынын алдыга жылышы үчүн жасалышы керек. Бул жолу артка кетип жатат. Мага ушунусу түшүнүксүз. Дайыма жылуулуктун акысын кечиктирбей төлөп келгенбиз. Мисалы, мен өзүмдү тартиптүү кардар деп эсептейм. Өзүм да тейлөө тармагында иштеп пенсияга чыкканмын. Азыр мен үйүмө жаңы меш койдурганга алым жетпейт.
Ош шаарынын дагы бир тургуну Камарбек Ормонкулов да акыркы 15 жылдан бери Ош шаарындагы ЖЭБдин жылуулугунан пайдалангандардын бири эле. Быйыл анын үйү да жылуулуксуз калган. Ормонкулов өзүн бийликке алданып калгандай сезип атканын айтты:
- 2002-2003-жылдары элдин баары электр жылыткычтарды колдонуп атканда трасформаторлор күйүп, жарылып энергетикалык кризис болгон. Ошондо ЖЭБдин жетекчилиги теле көрсөтүү аркылуу шаар тургундарын борбордук жылуулукка туташууга үндөп чыккан. Алар борбордук жылуулук арзан түшөөрүн айтып ынандырышкан. Биз да техникалык шарттамаларын алып, ошондон бери борбордук жылуулуктан пайдаланып калганбыз. Заман өзгөрүп, биздин шарттар жакшырышы керек эле. Эми тескерисинче орто кылымдарга барып, шаардан ортосунда тезек жагышыбыз керекпи?
Ош шаарынын бийлиги “кыш келгенде жер үй ээлери эч эскертүүсүз жылуулуктан ажыратылды” деген нааразы пикирлерди негизсиз деп эсептейт. Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев арзандатылган борбордук жылуулук системасы жеке менчик жер үйлөргө эмес, көп кабаттуу үйлөр үчүн гана каралганын эске салды:
- Алдын-ала эскертүү берилген. Бая күнү Ош шаардык кеңешинде сөз болгондон кийин эле жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кетти. Негизи ага чейин эле иш жүрүп жаткан. Ошондон улам “мэр кол коюптур, мэр буйрук бериптир” деген сөздөр чыгып кетти. Болгону мэр “көп кабаттуу үйлөргө жылуулук жетпей жатат” деген арыздардан улам, ошол жылуулуктун сапатын жакшыртуу боюнча тапшырма берген. Негизи Ош шаарында 650 көп кабаттуу үй бар. Ошонун 600дөн ашыгыраагы гана борбордук жылуулук тутумуна туташкан. Андан сырткары 400 жеке менчик жер үйлөр да борбордук жылуулукка туташып алган. Аларга уруксатты мурунку жетекчилер берип коюшкан. Биз 1 гигокалория жылуулукту өндүрүш үчүн 3000-5000 сомго чейин акча жумшайбыз. Бирок аны көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына 1130 сомдон сатабыз. Ортодогу айырманы мамлекет берип атат. Бул – отун жагууга мүмкүнчүлүгү жок көп кабаттуу үйлөргө камкордук. Ал эми отун жагууга шарты бар жер үйлөргө биз эмне үчүн арзан жылуулук беришибиз керек?
Ош шаарына быйыл 1-ноябрдан тартып жылуулук берилерин мэрия алдын-ала маалымдаган. Бирок 5-ноябрь болсо да шаарга жылуулук али толук жете элек. Ош шаарында 650 көп кабаттуу үйдөн тышкары 62 миң жеке менчик жер үйлөр бар.