Ынтымакка данакер чайкана

Чайлашканы келген кыргыз-өзбек аксакалдары. Ош, "Сузак" чайканасы, 25-апрель.

2010-жылкы капсалаңда жабыр тарткан Оштогу аксакалдар чайканасы кайрадан ишке кирди.
Бул жерде эми кыргыз-өзбек чогуу чай ичип, карылар ынтымак-ырашкерлик жөнүндө жаштарга насаат бермекчи. Чайкананын имаратын дагы оңдоп-түзөп, жаңы эмеректерди сатып алуу үчүн атайы марафон да өткөрүлдү.

Мында чогулган карылардын көздөрүнөн кубанычты байкабай коё албайсың. Облустун бардык райондорунан келген ардагерлер Ош шаарындагы «Сузак» чайканасынын оңдоо марафонуна катышууда. Мурунтан ар улут аксакалдарынын ордосу болуп келген бул чайкана кандуу капсалаңдан бери адамдарды алгачкы кабыл алып жатышы.

Араван районунан келген карыя Апсалам Мамаев мындай деди:

- Ушундан 30 жыл мурда «Сузак» чайканасы жаңы ачылганда өзбек-кыргыз аралашып, бир казандан аш жеп, бир сөөрүдө олтуруп, чайлашып, бакылдашып эле жүрө берчүбүз. Бири-биринен дос күтүп, карым-катыш кылгандар көп болгон. 1990-жыл, кийин 2010-жылдагы окуялар эки элди бир аз алыстатып койгондой болду. Бирок эми мына кайра чайканада олтурууга шарт түзүлдү.


Мамаевдин пикиринде, эки элди жакындаштырууда ушул сыяктуу чайканалардын салымы чоң:

- Көп маани бербеген менен ушул сыяктуу чайканалар элдердин ынтымагын чыңдоого салып кошот. Жөн эле аралашып атып, биз бири-бирибизге жакындыгыбызды сезебиз, достошобуз, тааныш арттырабыз. Ошондуктан мындай чайкананы шаарда, райондордо дагы көбөйтүш керек.

Кара-Кулжа районунан келген дагы бир аксакал Бакы Бейшебаев да бул жерде жаштарды да тарбиялоого болот деп эсептейт:

- Өзбек туугандар менен аралашып, масилеттешип олтурганга не жетсин. Базар-учарлап шаарга келип калганда алардан дос таап, кийинчерээк катташа баштайбыз. Анан эми чайканага бир эле кары картаңдар эмес, жаштарды да алып келип, аларды интернационалисттик духка тарбиялап турууга жакшы шарт болуп калды. Башкача айтканда бул кичинекей жай кыргыздын да, өзбектин да, дунгандын да, орустун да чогуу чай иче турган жайы болот.

Шаардын өзбек тектүү тургуну Алтыбай Мойдунов болсо эми бул жерге күндө келип кыргыз достору менен баарлашып, ал акыбал сурашып кете турганын айтат:

- Ортобузда жаман-жакшы өтүп кеткен нерселерди эми гана унутушуп, кечиришип келатабыз. Ошол ортодо бул сыяктуу чайкана биздин достошуубузду, жакшылыкка кайтып келишибизди тездетет. Мен эми ушул чайканадан чыкпай эле жатат окшойм. Таппай жүргөн эски достордун баарын ушул жерден таба турган болуп калдым.


Бирок азырынча чайкана толугу менен бүткөрүлө элек. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы бул жердин бир имаратын ремонттоого жардам берсе, дагы бир имараты оңдоого муктаж болуп турат. Марафондон чогултулган акчага эми дагы кошумча шарттар түзүлүп, чайкана элге кызмат кылмакчы.

Ош облусттук ардагерлер кеңешинин жетекчиси Абдибаит Тажибаев:

- Бул жай эми буюрса мурдагыдан айырмаланып, чайкана да болот, ашкана да болот, эс алуучу жай да болот, мейманкана да болот. Алыстан келген карылар кымбат мейманканада жаткандан көрө ушул жерге келип түнөп кетишет. Алар «Ардагер» деген күбөлүгүн көрсөтүшсө жеңилдиктер берилет.

Маалым болгондой, учурда Ош шаары жана облусу боюнча 100 миңден ашык согуштун, эмгектин жана ооруктун ардагерлери бар.

2010-жылкы кандуу кагылыштан кийин аймакта эки элди достоштуруу боюнча түрдүү иш-чаралар жасалып келет. Анын ичинде чайкана институн кайрадан өркүндөтүү буга чейин айтылып келгени менен иш жүзүндө өзбек-кыргыз чогуу олтуруп чай ичкен жерлер аз болчу. Эми мындай жайлардын тикелениши жакындашууга дагы да өбөлгө болооруна ишенгендер арбын.