Эки күн бою Ош шаарынын аймагында эт базарлары жана башка эт саткан дүкөндөр, күркөлөр жабык болду. 29-майда касапкана ээлери мэриянын алдына чогулушту.
Иш таштаган касапчыларды Ош шаарынын мэри кабыл алып, алардын талабын укту. Өзүн Данияр деп тааныштырган касапчы эмне үчүн Ош шаарында эт сатылбай калганын мындайча түшүндүрдү:
«Фермерлер бизге малды алып келип беришет. Ветеринарлар бизге «эт комбинатында союлган малдын этин гана сатасыңар» деп айтып жатышат. Мисалы, Араванда союлуп, №2 формадагы документке мөөр басылып келсе, аны шаардын аймагына киргизбей жатышат. Ал жакшы жерде союлган, таза болуп келет. Ошол эт эмнегедир жарабай, эт комбинатында союлган эт гана жарап жатат. Облустук лабораторияга текшерүүгө уруксат бербей коюшту. Ал эми эт комбинатында дурус текшерилбейт. Ал жерде керектүү шаймандар жок».
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаардык башкармалыгы 2019-жылдын 24-апрелинен баштап Түштүк аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген касапканалардан чыккан этти жана эт азыктарын экспертизадан өткөрүүгө тыюу салган. Ушундан улам Ош шаарындагы жалгыз «Келечек» эт комбинатында гана мал союлуп, анда иштеген веткызматкерлер уруксат берген эт шаар аймагында сатыла баштаган.
Түштүк аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору Ислам Абдымомунов өзү жетектеген мекеме өлкөнүн түштүк аймагында аккредитациядан өткөн, эт жана эт азыктарын текшерип сатууга уруксат берүүчү жалгыз лаборатория экенин жүйө келтирди:
«Азыр бизде гана эт жана эт азыктарын текшерүүгө уруксат бар. Ошто сатылып жаткан этке мөөр басып жаткандардын биз текшерип берген уруксат кагазды көзөмөлдөөгө гана укугу бар. Алар сатууга уруксат бере алышпайт. Эгерде биз эт жана эт азыктарын текшере албасак анда мамлекет эмнеге бардык шарты менен лаборатория куруп берди? Түшүнүксүз».
Буга чейин Ош шаарындагы мамлекеттик ветеринардык көзөмөл инспекциясы шаардагы жети касапкананы жабууга буйрук берген. Ошондой эле шаардан тышкары райондордо союлган этти шаарга алып кирүүгө тыюу салган.
Шаардык мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын өкүлү бул талаптар аймактагы эпизоотикалык абалды тескөө жана ЕАЭБдин талаптарына ылайык келбеген касапканаларды жабуу максатында коюлганын билдирди:
«Араван, Кара-Суу жана башка райондордо талапка ылайыктуу касапкана жок. Алар талапка ылайык жайдан союлуп келсе эч кандай тоскоолдук жок. Лаборатория текшерип, уруксат берет. Мен баарына түшүндүрүп жатам. Бул жерде бир эле ишкердин кызыкчылыгы болбошу керек. 200 кило эт алып келип сатып жатса, аны 100 үй-бүлө эки килодон сатып алса, ар бир үйдө орточо төрттөн киши жашаса, бул жерде 400 кишинин кызыкчылыгын ойлош керек».
Ош шаарынын аймагындагы касапканалар жабылгандан кийин алардын ээлери кайрадан оңдоо иштерин жүргүзүшкөн. Бирок алардан азырынча шаардын башкы ветеринарына касапкананы текшерип, талапка жооп берсе кайра ишке берүү тууралуу кайрылуу түшө элек экен.
Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов эт жана тамак-аш коопсуздугунда элдин ден соолугун биринчи орунга коюш керек экенин айтты:
«Талапка жооп берген касапкана иштеш керек. Биз адегенде элдин ден соолугун ойлойбуз. Биздин эл таза азык жеш керек. Кээ бир ветдарыгерлер силер сойгон малдын бир да жерин карап койбой акчасын алып, карабай туруп мөөр басып коюшат. Силердин жолуңарды азыр бууп коюптур, «бир жерден союлуп, ошол жерден текшерилген эт сатылсын» деп. Ал туура эмес».
Мэр менен касапчылардын сүйлөшүүсүнөн кийин Ош шаарынан сырт жакта союлган малдын этин шаар аймагында сатууга уруксат берилди. Буга чейин Ош шаарындагы жети касапкана жабылгандан кийин «Келечек» эт комбинатында союлган малдын эти гана сатылып келген. Бирок Түштүк аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда эт жана эт азыктарын текшерүүгө уруксат берилген жок.