Чаначты да пластик алмаштыра баштады

Чыйырчык жайлоосундагы тестиер бала, Алай району,16-июль, 2013.

Кытайдын пластик идиштери базарда арзан сатылып жатканы, кымыз өндүрүүгө да ушул буюмдар колдонулуп калды.
Жолдо баклажка, канистерлерде кымыз сатылганы аз келгенсип, аны бышып, даярдоо да пластик флягаларда болуп жатат. Ал эмес, ыңгайлуу дешип айрымдары кир жуугуч машинелерге кымыз ачытып атышат. Териден жасалган сабаа жана чанач дегендер эл арасында азайып бараткандай.

Ош шаарынан Алай жакка кетчү жолдун четине чатыр тигип алып, 3 бээ саап аткан Адилет кымызды кадимки эле пластик флягага бышып жаткан экен. Бул бир чети ыңгайлуу, бир чети арзан буюм дейт ал:

- Мурда көп учурда чаначтарга жасачу элек. Эми азыр ага убара болбой эле, базардан даяр пластик идишти сатып алып, ошого кымыз даярдап атабыз. Ар эки саатта бээ саап, дароо кошуп, чалып турабыз. Кадимки эле чаначта кандай кымыз жасалса, так ошондой эле кылабыз. Каучук, пластмасса деген бизге ыңгайлуу болот экен. Анткени тике тура берет, асып коюш деген жок, башка идишке куйганда да кыйналбайсың.

Адилет Турганбаевдин айтымында, чаначка жасалган кымыз менен пластикке жасалган кымыздын айырмасы деле жок. Аныкын деле шаарга кадимкидей сүйүп ташып кетишет:

- Чаначта жасалса деле, пластикте жасалса деле, жакшы ыштап, жакшы бышса эч кандай айырмасы деле жок. Биз азыр пластмассаны бир эле кымыз өндүрүүгө эмес, бүтүн жашообузга байланыштырып калбадыкпы. Фляга, тепши, чөмүч, казан, канистр - биз колдонуп жаткан нерселердин баары ушу пластиктен болуп атат го. Анан кымызга келгенде проблема кылган болбойт. Кымыз пластик идишке даярдалса деле ошондой эле даамдуу болот. Чаначка кылган күндө деле, баклажкага же канистрге куюп келип сатып атышат го...

Алайдын Чыйырчык жайлоосунда бээ салып аткан Гүлжамал Жетибаева кымызды жыгач бочкеге ачытат. Муну деле арчага, же жыттуу чөптөргө ыштап анан бишкек менен бышып кирет:

- Жыгач бочке ышты чаначка караганда азыраак кармайт. Бирок тез-тез ыштап турсак ошондой эле даам берет. Муну базардан эле сатып алганбыз. Жыгачтары карагайдыкы деп айтышкан.

Жыгач жана пластик идиштерден сырткары кымызды темир идиштерге, кир жуугуч машинелерге да ачыткандар бар. Бул эми муктаждыктан же ыңгайлуулуктан болуп жатканын айтышат айрым тоолуктар.

Бирок кымыз даамын жакшы билгендер, чанач менен башка идиште жасалган кымыздын айырмасы тоодой болоорун белгилешет. Алардын бири Кара-Кулжа районунун тургуну Гүлнура Абдыкадырова:

- Мен деле жайлоодо чоңойгом. Кенедей кезден эле кымызды сабаада бышып жүрүп өстүк. Бул иш абдан эле түйшүктүү сезилчү. Азыр эми ушул ыкманы оңойлотуп, чанач деле жок, пластмасса, темир идиштерге кымыз даярдап калышты. Ал эмес, мен бирөөлөрдү көрдүм, кадимки эле ток менен иштей турган кир жуугуч машинесине кымыз ачытып атышыптыр. Ал кымызды айлантып, бышырып берет экен. Бирок баары бир жакшы болбойт. Мен ичип көрүп эле экөөнүн айырмасын билип койом. Сабаада жасалган кымыз даамдуу, табигый ширин. Ал эми жасалма, же пластикте жасалган кымызда бир башкача даам жаралып калат.

Кымыз жасаган Ыкыбал Романова да учурда чанач менен сабааны колдонгондор азайып калганын айтып кейиди:

- Пластикке, алюминий флягага кымыз жасалса, таптакыр даамы кетип, дарылык күчү да жоголот. Темирдин болсо даты чыгып кетип, адамдын ичин алат экен. Кыскасы такыр болбойт. Аны адамдар анчалык билбейт окшойт. Баары бир сабаадай болбойт экен.

Ыкыбал эже өзү да кымызды сабаа менен чаначка ачытат:

- Өзүбүздүн кардарларыбыз бар. Эки жакка көп алып чыкпайбыз деле. Уйдун терисинен жасалган сабаага жана эчкинин (серкенин) терисинен жасалган чаначтан үчөө-төртөө бар. Аларды алмак-салмак ыштап, анан кымыз бышабыз. Күнүнө бир 1000 жолудан чалабыз. Канчалык көп чалса дагы даамдуу болот.