Коогалаңда өлдү деген аял тирүү болуп чыкты

Токтокан Жөкеева

Ошто июнь коогасы боюнча 1 миллион сом алдап алган аял кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун 40 жаштагы тургуну Айнура Жөкеева бир тууган эжеси Токтокан Жөкееваны “коогада каза болду” деп жасалма документ даярдап, компенсация катары өкмөттөн 1 миллион сом алган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө мерт болду деген адам тирүү экендиги аныкталып, “көз бойомочулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Токтокан Жөкеева ал коогалаңга чейин эле үйүнөн качып кеткенин, анын тирүү экендиги тууралуу туугандары буга чейин билбегендигин айтып чыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Токталиев:

Коогалаңда жабыркагандарга гуманитардык жардам таратылууда. 13-июнь, 2010-жыл
- Ош облусунун Өзгөн районунун 40 жаштагы тургуну Айнура Жөкеева 1989-жылы туулган бир тууган сиңдиси Токтокан Жөкееваны “2010-жылкы трагедиялуу окуяда каза болду” деп жасалма документ даярдап, компенсация катары өкмөттөн 1 миллион сом алган. Бирок иликтөөнүн жүрүшүндө Токтокан Жөкеева Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында күйөөсү менен жашап жүргөндүгү аныкталды.

Буга чейин маалымдалгандай Айнура Жөкеева бир жылдан бери мамлекеттен миллион сомдон башка да түрдүү жардамдарды алып келген.

Өткөн жылдын август айында июндагы окуядан каза болгондордун арасынан сиңдиси Токтокан Жөкееванын таанып, “Ош шейиттеринин” катарында жерге жашырган. Өзү таанып аткандыгына байланыштуу ал кезде эч ким деле күмөн санаган эмес.

"Кимди ким көрдү..."

“Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчи орун басары Тургунайым Айтиеванын белгилешинче, медициналык текшерүүлөргө алынбагандыктан ушундай адашууларга жол берилиши мүмкүн:

- Бул дайынсыздардын арасында болгон эмес. Табылгандардын арасынан эле таанып алып кеткен. Жыттанып кетпесин, карарып кетпесин деп, алып барып эртерээк жерге берүүгө аракет кылышкан. Өздөрү таанып атабыз дегенден кийин ким текшермек эле аны? Кийин дайынсыз деп анан такталгандар соттук экспертизадан, медициналык текшерүүлөрдөн кийин туугандарына берилген. Аларга өзгөчөрөөк көңүл бурулган.

Тургунайым Айтиева
“Алдамчылык жол менен мамлекеттен 1 млн. сом алган” деген айып менен кармалган Айнура Жөкеева учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын Ош бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. Аны менен байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек.

Ал эми өлдү делген Токтокан Жөкеева буга чейин туугандары анын тирүү экендиги тууралуу билбегендигин ачыктады.

Анын айтымында, былтыркы коогалаңга чейин эле ал үйүнөн таарынып чыгып кеткен. Ошондон бери туугандары менен кабарлашпаган Токтоканды үйүндөгүлөрү Оштогу кандуу күндөрү каза болуп калган деп калышкан. Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында турган жеринен жолукканыбызда, ал буларды айтып берди:

- Согуш чыкпаганда ушул окуя болмок эмес. Мен андан мурун эле үйдөн таарынып чыгып кетип, ушул жакка баса бергем. Бул жерде алысыраак таякеме келип, турмушка чыгып алгам. Таякеме “эч кимге айтпаңыз, үйгө барсам алар мени уруша беришет” дегем. Билип калса, бул жерде да тынчымды алышмак. Мен каяктан билейин алар менин тажиямды кылып көмүп коюшканын. Кийин кокустан эжемдикине барып калсам ошол жерден билишти да. Ага чейин бири да менин тирүү экенимди билишкен эмес…

Коогалаңда турак-жайынан ажырагандар үй курууда. 3-сентябрь, 2010-жыл
Жөкеева "ортодо акча жеген кишилер эжемди ушул жолго түрткөн” дейт:

- Кичинекейимден жетим калгам. Бир турмушка чыгып ажырашкам. Уулум чарчап калгандан кийин да ушинтип нервден кыйналам. Көчөдө калып, бир жерде иштесем, иштеген акыларымды бербей коюшат.

Кыйналганымда ушул жерге келип тынч тирилигимди өткөрөйүн дегем. Менде эмне күнөө, менде эмне айып? Эжемдер болсо акчанын баарын иштетип жиберишиптир. Болгону 150 миң сом калыптыр. Анысын да прокурор дегендери алып тынышса керек. Акчаны алып атканда деле ошол жердегилер “ушунча болуп калгандан кийин ала бер да” деп алып берип коюшкан экен. Ортомчулары да акча жептир да…


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул иш боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Маалыматтарга ылайык, былтыркы жылы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу капсалаңда жакындары каза болгон 400дөн ашуун жаранга 1 миллион сомдон компенсация берилген.