Атаң Орусияга кеткен…

Былтыр коогалаңда уулун жоготкон Майрамкан Емакова небереси менен. Ош, 2011-жылдын 6-июну.

Былтыркы кандуу кагылыштарда жакындарын жоготкондор ошол каргашалуу күндөрдү азыр оор үшкүрүк менен эскерип отурат.
Июнь айынын 10-12-күндөрү жакындаган сайын Айганыш Жалибаеванын көздөрүнө жаш кылгырат. Анткени, өткөн жылдын так ушул күндөрү ал жанындай көргөн жары Медербек Тешебаевди жоготуп алган эле:

- Ошто терек базарда иштейт болчу. 12-июнь күнү эжесин алып кетем деп келип, областтык МАИнин имараты жакта белгисиз бирөөлөрдүн колуна түшүп калган. Көкүрөгүнө ок тийген экен, ары жакка алып кетишип, эски мазарга көмүп салышыптыр. Ошондон 20 күндөн кийин күнү сөөгүн араң таптык.


Кайгыга муунуп турса да Айганыш эч кимге кек сактагысы келбейт:

- Мен өзбек-кыргыз деп кек кармагым келбейт. Кылган адамдар башкалар болду. Ортодо бизге окшогон бей-бечаралар жабыр тартты. Канча эненин көзүнөн кан агып, канча балдар жетим калды. Жолдошумдун артында 5 бала калды. Бир уулум төрт кызыбыз бар. Чоң кызым 7-класста окуйт, калганы кичинекей. Өлгөндүн артынан өлө албайт экенсиң. Кайгырсаң деле, жер чапчысаң деле ошол ошол экен...

Жаңы курулган кабаттуу үйдөн Айганышка да батир берилген. 5 баланы багыш Айганыш үчүн кыйынчылык жаратса да, ал балдарына атасынын каза болуп калганын айткан эмес. Балдарын “атаңар Орусияда иштеп жүрөт» деп сооротуп келатат:

- Атасынын каза болуп калганын чоң кызым эле билет. Башка балдарыма атаңар Орусияда деп жүрөм. «Бул үйдү кантип алдык» десе, атаң ошол жактан акча жиберген экен, ошого алдык деп коём. Чоңоюп түшүнүп калышканда айтып берем да…

Ош шаарына жакын жайгашкан Шарк айылынын тургуну Майрамкан Эмакова кандуу калабада уулун жоготуп алган. «Энеге уулуң каза болуп калды дегенден өткөн жаман нерсе жок» дейт ал. Ошондогу болгон окуялар күнү бүгүнкүдөй эсинде:

- Ал күндөрдү эстегим да келбейт. Жаныбыздагы кабаттуу үйдүн чатырында бир көзгө атар мерген жүрүптүр. Биз жакты көздөп аткылап атты. 11-июнь күнү мааледегилердин баары кетип жатышкан эле. Биз төрт бала-келиндерибиз, неберелерибиз менен көппүз, каякка батмак элек, деп эч жакка кетпей турдук эле. Бирок кийинки күнү Өзбекстан тарапка жөнөп, чек арада көпкө туруп калдык. Үйдө калган күйөөм телефон чалып, «уулубузду жоготуп алдык» деди…

Майрамкандын уулу Анваржан Эмаковдун үйлөнгөнүнө көп болгон эмес эле. Анын да артында аялы, 2 кичинекей баласы калды:

- «Атаң кана?» десе, «Атам Аллага кетти» деп коёт кичинекей баласы. Мамлекеттен, же жанагы уюмдардан гуманитардык жардамдар келсе, «атам берип жибериптир» деп сүйүнүп калат. Баары күйүп кетти да. Анваржандын сүрөттөрүнөн да калбай калыптыр. Дос-жарынан алган анча-мынча сүрөттөрүн көрүп, «мына, менин атам» деп таанып калат…

«Уулум аткара албай кеткен иштерин эми анын балдары ишке ашырат» деп өзүн жооткотот эне. Анваржан тирүү кезинде тыным билбей, 2-3 үй-бүлөнү бакчу экен. Өзү мыкты наабайчы болчу. «Ал билбеген өнөр жок эле» деп эскерет Майрамкан:

- Эрте менен сабакка барып келчү. Экономисттин окуусунда окучу эле да. Үйдө наабайчылык кылабыз, түштөн кийин ага каралашат. Кечкисин болсо, “Тико” машинеси менен таксисттик кылып акча таап келчү. Окуусунун акысын да төлөп, үйгө да кеңири жеткизет. «Дагы бир чек алып үй салып берейин сен бөлүнүп чык» десем, «апа, 2-3 кабаттуу үй салганга уруксат беришти, ушул жерге эле үй салып, баарыбыз чогуу турабыз» деп калчу. «Силер менен чогуу жашаган мен үчүн бакыт» дечү...

Ушинтип былтыркы каргаша канчалаган энелерди боздотуп, канчалаган келиндерди жесир, дагы канчалаган балдарды жетим калтырды.

Расмий маалыматтарга ылайык, былтыры Ош жана Жалал-Абадда болгон кандуу окуяларда 435 адам мерт болуп, 2244 адам жабыркаган. Каза болгондордун 21и азырга чейин таанылбаган бойдон калууда.