Журналист Оштун мэриясын айыптады

Гүлзат Газиева

Эркин журналист Гүлзат Газиева Ош шаардык прокуратурасына кайрылып, журналистти маалымат менен камсыздоону Ош шаардык мэриясына милдеттендирүүнү жана маалымат менен мыйзамга ылайык жабдып бербегени үчүн жоопкерчилигин кароону сурады. Шаар мэриясы журналистке тиешелүү маалымат берилгенин айтууда.

Эркин журналист Гүлзат Газиева өзү даярдап жаткан журналисттик материалына колдонуу үчүн маалымат сурап, мэрияга эки жолу кайрылган. Газиева алгач 2019-жылдын 19-сентябрында Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашымжан Семетеевге кат жолдогон.

Катта Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелердин, объекттердин жана жашыл тилкелердин реестри, жалпы аянты, орду, электрондук же документалдык картасы, коомдук пайдалануудагы же парк зоналарындагы жер тилкелердин жайгашкан ордун көрсөтүү менен кимдерге, канча мөөнөткө ижарага берилгени, алардан түшкөн төлөмдөрү тууралуу маалымат берүүнү суранган.

Ошондой эле бош турган муниципалдык жер тилкелердин жана объекттердин тизмесин жана даректерин сураган.

Гүлзат Газиева жергиликтүү бийликтен ачык маалыматтарды гана сураганын белгиледи.

- Мен толук бир документти сурасам, мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы бир сүйлөм менен гана жооп берди. Толук жооп сурап мэрияга кайрылдым. Ош шаар мэриясы да талапты канааттандырган жок. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын төрагасы, вице-мэр Жасур Азимовго кайрылдым. Аталган комиссиянын 2018-2019-жылдарда өткөн отурумдарынын протоколдору, аукциондор боюнча комиссиянын чечимдери жана аукциондорго кайсы уюмдар, жеке тараптар катышканын сурагам. Бирок бул жашыруун маалымат экенин айтышты. Мындан улам мен Ош шаардык прокуратурасына эки арыз менен кайрылдым.

Мэриянын жообу

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн адиси Эшмамбет Карымшаков журналист Гүлзат Газиеванын өтүнүчү кабыл алынып, кайра өз убагында жооп берилгенин билдирди.

Карымшаков үчүнчү жактардын кызыкчылыгы үчүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын отурумдарынын протоколдору, аукциондор боюнча комиссиянын чечимдери ачыкка чыгарылбай турганын кошумчалады.

- Гүлзат Газиева 2018-2019-жылдары өткөн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын отурумдарынын протоколдорун сураган. Тилекке каршы ал үчүнчү тараптын маалыматтары берилбейт. Ижарага берүүнүн тартиптери тууралуу мыйзамды шилтеме кылып көрсөттүк. Ошондой эле Газиеванын кайрылуусундагы төртүнчү пунктунда айтылган аукциондордун датасы алдын ала айтылбайт. Алар жергиликтүү басма сөзгө жарыяланат. Каалоочулар ал жерден окуп, анан катыша беришет. Биз тараптан тиешелүү маалыматтар берилди. Бирок ага Газиева ынанбай кайрадан кат жазды. Биз мындан башка маалымат бере албаганыбыз үчүн ага "сот аркылуу алыңыз" деп жооп бердик.

Ош шаардык прокуратурасынын атын атагысы келбеген кызматкери журналист Гүлзат Газиеванын арызы катталганын, 14 күн ичинде каралып арыз ээсине расмий жооп бере турганын билдирди.

- Арыз бизге келип түшкөн. Аны 14 күн ичинде карап чыгабыз. Андан кийин расмий жооп беребиз.

Ош шаардык прокуратурасы


Медиа акыйкатчы Ахмат Алагушев расмий маалыматтарды алууда укугу бузулган журналисттер көп кайрылып жатканын билдирди. Мындай учурда укук коргоо же сот органдарына кайрылган менен, мыйзамды бузган тарапты жоопко тартуу тууралуу жобо жазылбаганын кошумчалады.

- Мурда Административдик кодексте 400-берене бар болчу. Анда аткаминерлер керектүү маалыматты бир жылдап бербей койсо жумуштан айдалчу. Мына ушундай беренелер бар эле. Ал эми азыркы мыйзамда андай жок экен. Журналист укук коргоо органдарына кайрылганы менен мыйзам бузган тарапты жоопко тартуу эч жерде жазылбаптыр. Күнөөлүү болсо да жооп беришпейт экен. Аны кайрадан эле сотко берип жүрө бериш керек экен. Азыр мага журналисттер көп кайрылат. Жакында эле Жалал-Абаддан маалыматка жетпей кыйналгандар кайрылды.

Гүлзат Газиева "маалымат алуу укугум чектелди" деп кайрылган аймактардагы алгачкы журналист болуп калды.

Кыргызстанда «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинде «журналисттин коомдук кызыкчылык туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына, тиешелүү маалыматка жетишине чек коюуга жол берилбейт» деп жазылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​