Кредиттик кошуундар өкмөттөн жардам сурады

Расмий маалыматка караганда, былтыркы июнь коогалаңында Ош шаарынын жана облусунун кредиттик кошуундары да айрыкча жапа чеккен. Ал эми алардын чыгымдары алигүнчө толук эсептелип бүтө элек. Бул тууралуу кредиттик кошуундардын иш-чарасында маалым болду.
Кредиттик бирикмелердин былтыркы июнь коогалаңын эскерүүсү жаңжал учурунда каза тапкан маркумдардын арбагына багыштап куран окуу менен башталды.

Кыргызстан кредиттик кошундар бирикмесинин төрагасы Тилек Ашымовдун айтымында, кесиптештери былтыркы коогалаңда өздөрү катуу жабыр тартканына карабастан жапа чеккен калкка айтаарлык көмөк көрсөтүшкөн.

- Июнь коогалаңында жабыркагандарга 2-2,5 миллион сомго жакын гуманитардык жардам көрсөттүк. Атайын фонд түзүп, 150 адамга бир жарым жылдык мөөнөт менен 30 миң сомдон пайызсыз насыя тараттык. Алардын көбүнүн бүгүнкү ишине ичибиз чыгып турган чагы. Реструктуризация жасап, айрымдарынын мөөөнөтүн бир жылдан эки-үч жылга чейин узартып жатабыз.

Өрттөнүп кеткен кафе
Тилек Ашымов каржы компаниясынын алкагында өздөрүнчө банк уюштурууну көздөп жатышкандыгын, ал аркылуу көптөгөн көйгөйлөрдү жеринде дароо жайгаруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирди:

- Азыр Улуттук банк менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Ошол каржы компаниясын жандандырып, аны ортого коюп, ага инвесторлорду тарталы деген ниетибиз бар. Кыскасы, инвесторлор бизге арзаныраак каражат тартса, биз да кардарларыбызга жеңилдетилген насыяларды таратканга аракет кылмакчыбыз.


Учурда Германиянын жана Канаданын ишкана-мекемелери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондо кредиттин жылдык пайызы 24-26 гана пайызды түзөт экен.

Оштогу кредиттик бирикмелердин төрагасы Үрүлбай Нурмаматов буларга токтолду:

- Үч жыл мурда Ош облусунда 80 кредиттик бирикме бар эле. Азыр анын 27си гана калды. Ал эми Ош шаарындагы 40 чакты кредиттик бирикменин 19у гана эсепте турат.

Кардарлар көбөйүп, бирок акыларын убагында төлөбөгөндүктөн алардын саны кескин түрдө азайып кетти. Мындан тышкары биздин ишибизге былтыркы Ош коогалаңынын дагы кесепети катуу тийди.


Коогалаңда өрттөнүп кеткен кафе
Үрүлбай Нурмаматов кредиттик кошуундарды такай сүрөгөн каржы компаниясын түзүү өкмөт тарабынан дагы эле кечеңдетиле берсе, жалпы элдик нааразычылыктарды жаратаарын эскертти:

- Эсиңиздедир, Азия өнүгүү банкы менен өкмөттүн ортосунда келишим түзүлгөн.

Ага ылайык бизде каржы компаниясы ачылмак. Ошол келишимде көрсөтүлгөндөй, үч жылдан кийин каржы компаниясы кредиттик бирикмелердин менчигине өткөрүлүп берилмек. Мына андан бери алты-жети жыл өттү.

Биринчиден, өлкөдө саясий кырдаал тынчыган жок. Эки президент качып кетти. Экинчиден, мына, жаңы бийлик орноду. Бирок жанагы келишим дале аткарылган жок. Кредиттик бирикмелердин да чыдамы түгөндү. Эгерде өкмөт менен Дүйнөлүк банктын келишими жана алардын талаптары аткарылбаса, мыйзам чегинде каршылык акцияларын өткөрүүгө даярбыз.


Былтыркы июнь коогалаңында айрым жарандар өмүр бою тапкан мал-мүлкүнөн бир эле күндө ажырап калышкан. Мындайда аларга кредиттик бирикмелер биринчилерден болуп кол сунуп, каралашкан.

Жыйындын катышуучулары
Кара-Суу районунун тургуну Малике Салиева коогалаңда күйөөсүнөн айрылган. Артында калган үч уул, бир кызын багуунун айласын таппай турганда ага кредиттик бирикмелер жакындан жардамдашып, өзүнчө уюм түзүүсүнө шарт жаратышкан.

- Үч уул, жалгыз кызым бар. Алар чоңоюп калышты. Кыздарымды турмушка узатып, уулумду үйлөп-жайлаш өтө кыйын түйшүк болуп атат. Эмне кылмак элек? Өкмөт колдон келишинче жардамдашып атат. Бирок өлгөндү тирилте албайт экенсиң… 2,5-3 пайыз менен насыя алып иштетүүдөбүз. Огород айдаганга, же дүкөн ачканга өкмөт жабыркагандар үчүн үстөк пайызы жок насыя таратса, чындыгында, соопко калат эле.

Ал эми Улуттук банктын Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Мадамин Фаттахов жапа чеккен кредиттик бирикмелердин суроо-талаптары жөндүү экендигин белгилеп, буларды кошумчалады:

- Биз кредиттик бирикмелерди Германиянын, Американын жана Канаданын тажрыйбасына таянып түзгөнбүз. Канадада мамлекеттин жалпы байлыгынын 24 пайызын кредиттик уюмдар түзөт. Биз деле Улуттук банк аркылуу жардамдашып атабыз. Өкмөт жакында токтом кабыл алды. Ага ылайык ишканасы жана мал-мүлкү күйүп кеткен кредиттик уюмдарга, ишкерлерге өкмөт мындан ары түздөн-түз жардамдашат. Алардын күйүп кеткен товарлары жана имараттары сөзсүз мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет.

Мадамин Фаттаховдун сөзүнө караганда, Улуттук банк мындан ары да былтыркы июнь каргашасынан катуу жапа чеккендерге такай каралашууну көңүлдөн чыгарбайт.