Оштун шаң коштогон туулган күнү
Өлкөнүн экинчи борборундагы майрамга карата “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестиваль өттү.
Борбордук аянтта сүрөт көргөзмөсү, “Ош - ооматтуу ордо калаа” жана “Билим жана чыгармачылык” жармаңкелери уюштурулду.
Жармаңке катышуучуларынын айрымдары айыл-чарба азыктарын түрдүү көрүнүштө жасалгалашты.
Шаар күнүн белгилеп жаткан балдар.
Майрамга шаң кошкон бийчи кыздар.
Кечкисин стадиондо эстрада ырчыларынын концерти болду.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашев улуттук оюндардын бири - "Чүкө атмай" ойноп жаткан учуру.
Ош - достуктун шаары. Кыргыз жана өзбектерден тышкары, орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азери жана башка улуттар жашайт.
Ырчы Мирбек Атабеков кечки концерт учурунда.
Ош шаарынын майрамына Өзбекстандан ырчы Райхон да чакырылды.
Ырчы Сайкал Садыбакасова шаар күнүнө арналган концертте.
Кечки концерт.
Ош - Кыргызстанда калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган шаар. Соңку расмий маалымат боюнча калкынын саны 275 миң 900 адам. Калаанын жака белиндеги тургундарды кошкондо жана ички миграцияны эсептегенде, 500 миңге жетери айтылат.
Майрамга келген эл. Ош шаарында 12 аймактык кеңеш, 1 айылдык аймактык башкармалык бар.
Кыргызстанда комуз күүсү жаңырбаган майрам жок.
Шаар күнүнүн урматына атылган салют. Ош шаары Сулайман тоосу жана тоо чокусундагы күмбөз менен белгилүү.
Концерт көргөнү келгендер.
Жармаңкени коштогон ыр-күү.