Ош: жай тургун жабыркаган куугун

Башынан жараат алган адамды ооруканага жеткирүү учурунда тартылган сүрөт.

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Аны кармоо учурунда жаракат алган милиция кызматкери жана ок кайып кетип башына тийген жаран ооруканада жатышат.

Окуя 23-декабрда кечки саат бешке жакын болгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн тескөөчүлөрү кызматтык милдетин аткарып жатканда мамлекеттик номуру 1771 ОА, терезелери толук караңгылатылган кара түстөгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунааны көрүшкөн.

Милициянын токтотконуна карабай, айдоочу автоунаасы менен качып жөнөгөн. Аны токтотуш үчүн милиция кызматкерлери машиненин артынан түшүп, Ош шаарынын Сүйүнбаев көчөсүнөн кууп жетип, качып бараткан автоунааны токтотууну талап кылышкан.

Замир Сыдыков.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтуусунда, айдоочу баш бербей кетип баратканда милиция кызматкерлери табелдик курал колдонууга мажбур болушкан:

- Милиция артынан кубалап барып, токтотууга аракет кылгаанда ал каршылык көрсөтүп, милиция кызматкеринин бутун унаасы менен тебелетип, ошол жерден качып кеткен. Ошондо милиция кызматкерлери эскертүү иретинде, андан соң автоунаанын алдыңкы дөңгөлөгүн мээлеп ок атышкан. Атылган ок автоунаанын алдыңкы сол тарабындагы дөңгөлөктүн үстүнө тийип, андан кайып өтүп, жолдун четинде бараткан кишини жарадар кылган. Ок анын баш сөөгү менен терисинин ортосуна туруп калган. Башына ок тийген жаранга операция жасалып, ок алынган.

Курсантбек Калыев.

Окуя учурунда жаракат алгандар азыр шаардык ооруканада дарыланып жатышат. Шаардык клиникалык ооруканасынын нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Курсантбек Калыев бейтаптын абалы орто экенин "Азаттыкка" айтты:

- Бизге окуя болору менен жараат алган кишини алып келишти. Дароо башындагы окту алдык. Кайып учкан ок баш сөөк менен кабактын ортосуна туруп калган экен. Азыр абалы орто.

Кокусунан ок тийген адам ошол кезде жолдун боюнда мечитке бара жаткан. Анын уулу Улукбек Юнусов атасынын ден соолугуна кабатыр болуп турганын билдирип, окуя боюнча буларды айтты:

- Азырынча бир нерсе дей албайбыз. Кимге доо коёрубузду да билбей турабыз. Мечиттин алдында болгон экен, атам мечитке кирип баратканда бешенесине, көзүнүн үстүнө ок тийиптир. Дарыгерлер жакшы карап жатышат.

Ал эми милицияга баш ийбеген жаран унаа менен бутун тебелеп кеткен милиция кызматкеринин абалы да канааттандырарлык. Бул тууралуу дарыгер Талантбек Калыков айтты:

- Милиция кызматкеринин буту сынып кеткен экен, гипске салып койдук. Андан тышкары жыгылган учурда башы катуу тийип, мээси чайкалган. Азыр абалы жакшы, дарыланып жатат.

Милиция кызматкерлери аткан октун автоунаада калган тагы.

Ошол эле күнү Ош ШИИБнин криминалдык милициясынын кызматкерлери окуя болгон жерден качууга үлгүргөн айдоочуну бир саатка жетпей Төлөйкөн айылынын Ош шаарына караштуу аймагынан кармашты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын 19 жаштагы тургуну болуп чыкты. Кармалган киши мурда каракчылык үчүн соттолгон, азыр эч жерде иштебейт. Ички иштер министрлигинин атайын базасында кылмыштуу топтун мүчөсү деп катталган.

Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилип, айдап жүргөн автоунаасы атайын токтотмого коюлду. Териштирүү учурунда автоунаанын номери жасалма экендиги аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин ("Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү") 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кызматкерлердин курал колдонушунун мыйзамдуулугун текшерүү максатында кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча быйылкы жылы Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү кармалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.