6 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү кармалды

Ош шаарында кичинекей кызды зордуктап, өлтүрдү деп шектелген жигит кармалды. Ал мурда да ушундай кылмыш үчүн абакта отуруп чыкканы аныкталды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Марат Орозбаев татар улутундагы 27 жаштагы жигит камакка алынганын маалымдады:

- 27-июнда түнкү саат экиден өткөн маалда Ош шаарына караштуу Завод көчөсүнүн 36-үйүнүн жертөлөсүнөн алты жаштагы кыздын сөөгү табылды. Алгачкы текшерүүдө аныкталгандай, ал адегенде зордукталып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Марат Орозбаев ырасташынча, кылмышка шектүү жигит алгачкы тергөө учурунда эле мурда да ушундай кылмышка барып жүргөнүн моюндады. Алты жаштагы кыздын тууган-уруктары кылмышка шектүү жигиттин улутун сүрүштүрүп, кимдигин жарыялоо талаптарын койгон:

- Равшан аттуу жигитти ушундай эле кылмышы үчүн 2004-жылы соттошкон экен. Бирок 2010-жылдын ноябрь айында ал абактан бошотулган. Өзүнүн айтымында, бул иш ал үчүн өнөкөткө айланган. Кармалбаганда дагы далай кылмыштарды жасамак экен. Өлтүрүлгөн кыздын тууган-уруктары жана ата-энеси ошол эле күнү ички иштер башкармалыгынын алдына топтолуп, “кылмышкердин улуту ким? Көрсөткүлө!” деген талаптарын коюшту. Биз кармалган жигитти көрсөткөндөн кийин гана алар тарап кетишти.

Марат Орозбаев ар кандай мыйзамсыз аракеттерди алдын алууга жана чагымчылардын жолун убагында тороп калганга милициянын кудурети жетишээрлик экендигин ачыктады:

- Өзүнүн көрсөтмөсү боюнча кармалган жигит ушундай ооруга чалдыгыптыр. Эгерде ал азыр кармалбаганда, дагы далай кылмыштарды жасамак экен. Сепаратист болобу, чагымчы болобу, алар кокус элге катылса, убагында айосуз сокку урганга жана алардын мизин кайтарганга кудуретибиз жетет. Андыктан шаардыктар жана анын коноктору мындан ары коомдук тартиптен кам санашпаса деле болот.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн өзүн шарттуу Равшан деп тааныштырган жигит буларды айтты:

- Биз ага чейин теңтуштар болуп үч-төрт күн катары менен катуу ичкенбиз. Кичине кызды шаардын дал ортосунан ээрчитип барып үйдүн жертөлөсүнө түшкөнүм анык. Адегенде муунттум. Анан жанталашканда башына ташпы, иши кылып катуу бир нерсе менен ургуладым. Мен зордуктап жатканда кыз тирүү эле. Бул кыз биринчиси эмес. Буга чейин деле ушундай кылмыш үчүн 16 жыл түрмөгө кесишкен. Жети жыл абакта жаттым. Анан жатак абакка чыгарышты. Мен кызды өлтүрүүнү каалаган эмесмин. Болгону анын кыйкырганын уккум келген жок.

Зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн кыздын ата-энеси жана тууган-уруктары иш калыс тергелип, кылмышкер адилет жазаланбаса, мыйзамсыз аракеттерге барышаарын эскертишти.