Дарекке жетпеген гумжардам

Ош шаарында гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү кыңыр иш ашкереленүүдө.
18-февралда шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча эки адамды кармап, кылмыш ишин козгоду. Мындай факт буга чейин Жалал-Абадда да болгон эле.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” гуманитардык жардамга келген 20 мүшөк унду сатканы жаткан деп шектелип кармалгандар шаардагы 3-кварталдык комитетке караштуу үй башчылары экенин билдирди. Анын айтымында, мындай факт менен биринчи ирээт кылмыш иш козголуп жатат:

- Элге арналган ундун, же башка азыктардын сатылгандыгы тууралуу атайын арыз келип түшсө сөзсүз түрдө биздин башкармалыктын тиешелүү бөлүмдөрү иштейт. Буга чейин ушундай окуялар болсо болгондур, бирок бизге эч ким кайрылган эмес. Көпчүлүк учурда айрым эл аралык уюмдар өздөрү уюштуруп, өздөрү таратып бергендиктен ички иштер органдары, же жергиликтүү бийлик кийлигише албайт да. Ошондуктан бизге мындай маалыматтар белгисиз болуп келген. Бул сапар конкреттүү арыз түшүп, ошол арыздын негизинде иликтөө иштерин жүргүзүп, унду каякка алып барып сатканы жатканын видеого түшүрүп, далилдөө базасы жетиштүү болгондон кийин гана биздин кызматкерлер кармашты.

Азыр гуманитардык жардамдардын дээрлик көбүн эл аралык бейөкмөт уюмдар таркатууда. Кымырылып сатылганы жаткан деген ун “АКТЕД” эл аралык уюмуна таандык экен. Аталган уюмдун атын атабоону өтүнгөн өкүлү гуманитардык жардамды таркатуу системасы тууралуу буларды айтып берди:

- Бизде өзүбүздүн критерийлер бар. Ошол 11 критерийге туура келгендерди ошол жердеги жергиликтүү бийлик өзү тандап бизге ошол гуманитардык жардамдарды алуучулардын тизмесин түзүп беришет. “АКТЕД” ошол тизме боюнча азык-түлүккө запрос берип, ошол боюнча келген азык-түлүктү таркатып берет. Бизге тизмени бергенден кийин анын кандайдыр бир процентин өзүбүз мониторинг кылып текшеребиз. Эгерде тизмеде биздин талаптарга туура келбеген адамдар болуп калса биз аларды алып таштайбыз. Бирок тизменин баарын текшерүүгө биздин убактыбыз жетпейт.

Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановдун маалымдашынча, аталган облуста гуманитардык жардамга келген ундун сатылып кеткени тууралуу факт катталган. Бул боюнча Каржы полициясынын аймактык бөлүмү кылмыш ишин козголуп, азыр тергелип жатат:

- Бул жерде облустук администрациянын, райондук, айыл округдук деңгээлде комиссиялар түзүлгөн. Бирок көпчүлүк уюмдар түз алып келип, кампаларды ижарага алып өздөрү таратышат. Эми конкреттүү дооматтар болгон, конкреттүү бир-эки факт боюнча иш козголгон. Бириккен Улуттар уюмунун алдындагы эл аралык уюм унун сатып жаткан жеринен кармалган факты бар. Бирок кармалгандар ошол уюмда иштеген Кыргызстандын жарандары. Тергөө азырынча бүтө элек.

Июнь коогасы учурунда Убактылуу өкмөттүн мандаты менен түштүккө гуманитардык жардам жеткирүү тобун жетектеген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өзүнүн тажрыйбасына таянып гумжардамды бөлүштүрүү ыкмаларын өзгөртүү керектигин айтты:
Арыздын негизинде иликтөө иштерин жүргүзүп, унду каякка алып барып сатканы жатканын видеого түшүрүп, далилдөө базасы жетиштүү болгондон кийин гана биздин кызматкерлер кармашты.


- Ар бир гуманитардык жардам даректүү болуш керек. Жардамды квартал башчысы же башкалар менен таркатып берүү азыркыдай шартта, өзгөчө биздин мамлекет коррупцияга малынып турган кезде бул болбогон нерсе. Жардамга муктаж ар бир кишиге эсеп ачып, ошод эсеп менен өзү ала тургандай болуш керек.

Былтыр жайында түштүктөгү коогалаңда эл аралык, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү тургундар азык-түлүк, кийим-кече кылып миңдеген тонна гуманитардык жүктөрдү түштүккө жөнөтүшкөн. Ошол кан күйүп турган кезде да мындай жардам айрым учурларда дарекке жетпей, орто жолдон кымырылып, сатылып кеткен учурлар болгону айтылган. Эми минтип абал турукташып калганда да гумжардамдан туйтунгусу келгендер ашкереленип калып жатат окшойт.