Орусияга экспорттолгон Ош тандыры
Алгач ылай катыра тебелеленип, ийилчээк болуп бышырылат. Андан соң майда бөлүнүп, жерге жайылат да тандырдын негизин жасоого ылайыкталып коюлат.
Андан соң тандырдын кийинки күнкү иши үчүн дагы ылай даярдалат. Ал сары топурак менен кызыл топурактан аралаштырып, таштарын элеп, анан салат. Ал топурактар Ош шаарынын жакасынан ташылып келинген.
Мында негизинен жалаң бир туугандар иштешет. Оштун Навои көчөсүндө жайгашкан бул үйдү бир тууган Низамовдордун тандыр устаканасы деп таанышат. Алар атадан калган өнөрдү минтип 30-40 жылдан бери улантып келатышат.
Ал арада Турдубай Низамов жүндөрдү тазалап, кыркып жатат. Низамовдордун негизги сырларынын бири да ушунда. Даяр ылайга жалаң жүн кошуш керек.Кээ бирлери тандырга шалынын пакалынан кошуп жасап коюшат. Биз жүндүн өзүн гана аралаштырабыз да, кыркып-кыркып салабыз. Жүн кыска болсо, ылай менен жакшы аралашат, да тандыр бышык болот.
Ошентип жүн аралаштырылган ылай, жерден тикеленип, урулуп-бышып, тегеректелип ийилет. Бул эң жоопкерчиликтүү иш.
Тандырчы усталар бул өнөрду 5 жашынан бери жасап келишет. Бул - ата өнөрү.
Низамовдор мурдараак айылдарды кыдырып алып барып сатып келишчү. Азыр эми сапатына карап, эл ушу жерден өздөрү талап кетишет. Ал тургай Орусияга да жылына ондогон тандырларды алып кетип турушат.
Оштон сатып алышы, жол акысы менен бир тандырга 10 миң рубль коротуп алып барышат. Орусияга алып барып 15-20 миң рублга сатышат. Көбүнчө атайын буйрутма менен өздөрү келип алып кетишет.
Азыр Орусияда наавай нан, самса жапкан жерлер көп. Орусияда жердин баары кара топурак, Кыргызстандагыдай тандыр жасаганга такыр болбойт. Ошол себептүү ал жакка тандырды Оштон алып кетишет.
Жылына бизден 20дан ашык тандыр алып кетишет. Бир эле биз эмес, Оштогу башка тандырчылырдан да 10-15тен Орусияга экспорт кылгандар бар
Низамовдор айткандай, алардын тандырлары кеминде 4-5 жыл, болбосо 20 жылга чейин туруштук берет. Башкысы аны куруп жатканда пайдубалын бекем кылып куруп алыш керек дешет алар.
Тандырлар 1000 сомдон башталат. Чоң наавай тандыр 4-5 миң сомдон, самса тандырлары кээде көлөмүнө карата 10 миң сомго чейин бааланат.