Орозодо гана иштеген базар

Базардан ооз ачканга каалаган тамак-ашты тапса болот. 

Базар бир ай гана иштейт. 

Тамак-аш жол боюнда эле сатылат. "Бул кардарлар үчүн ыңгайлуу" дейт сатуучулар.

Тамак-аштын баасы өтө арзан. 

Үй кожойкеси Мунисахан Миңбаева орозо базарда майда манты жасап сатат. Соодадан күнүгө миң сом түшөт. 

Сатуучулардын көбү аялдар. 

Базардагы эң көп кездешкен жана көп сатылган тамак - олобо жана холодец. 

"Гош нанын" мактап жаткан соодагер. 

Базар Ош шаары менен Кара-Суу районун чектешкен жериндеги Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан. 

Айрым окуучулар ата-энесине жардам берүү үчүн базарга чыгат. 

Отко кактап бышырылган тооктун бир даанасы 150 сомдон 200 сомго чейин сатылат. 

Ош шаарынын "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймагынын башчысы Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, базар мыйзамсыз иштеп жатат. 

"Бул базар жыл сайын өтөт. Үй шартындагы, тез бузулуучу тамак-аштар жол боюнда сатылат. Санитардык абалы талаптарга жооп бербейт. Эч бир текшерүүдөн өткөн эмес. Тамак-аш коопсуз деп эч ким кепилдик бере албайт. Биз бул базарды жоюу үчүн санэпидемстанцияга кат жазып, айрым сатуучуларга чара да көргөнбүз. Бирок Кара-Суу району тарабына өтүп алып соода-сатыгын улантып жатышат. Эл экен да, базар болбой эле Орозо айында иштеп жатат", - деди Сонунбек Жунусбаев. 

Сатуучулар тамак-ашын бүгүн гана жасаганын, даамына жетип бышканын айтып, кардар чакырат.  

Сатуучулар үйүндөгү бар тапканынан тамак жасап келишет. Колунан иш келгендери өпкөгө сүт куюп же этти отко кактып бышырса, башкалары короосундагы мөмө-жемишин терип келип сатышат. 

Базарга нан канчалык көп келбесин тез эле түгөнүп калат.

Базардын узундугу 500 метрге чейин жетээрин Ош шаардык "Сулайман-Тоо" муниципалдык кызматынан билдиришти.

Бул наабайканада нан базар ачылар замат тандырдан үзүлүп, сатыкка коюлат. 

Орозо айы учурунда Оштогу Курманжан датка көчөсүндө тамак-аш базарынын соодасы кызыйт. Узундугу 500 метрге созулган базардан олободон тартып, үй шартында жасалган тамак-аштын түрүн тапса болот.