Уулдарын издеген энелердин күйүтү

Дайынсыз жоголгондордун сүрөттөрү илинген такта. Ош, 2010-жыл

Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары ДНКны иликтөө кечеңдеп жатканына нааразылыгын айтып чыкты.
Алардын белгилешинче, ДНК эле эмес, кылмыш иштерин тергөө да жакшы жүрбөй, айыпкерлерди кармап, жазалоо чаралары канааттандырарлык аткарылбай келет. Ал эми күч органдары кандуу коогалаң алардын көңүл борборунда экендигин, бирок андагы кылмыштардын бетин ачуу ар кайсы себептерге байланыштуу кечигип жатканын айтууда.

Күнү-түнү какшап, жалгыз уулун жоктогон Дилбар Көчкөнованын перзентинин сөөгүн таап, жерге берип коюу тилеги ишке ашпай келет. Табылган сөөктөрдүн арасынан баласынын денесин таанып турса да, ага милициялар уулунун жансыз денесин карматышкан жок. Ошондон бери ал ДНК анализдерин күткөнү күткөн:

- Сөөк табылып, башы табылган эмес. Бирок мен денесиндеги 5 белги менен таанып алгам. Өзүмдүн канымдан жаралып жаткан бала болсо, кантип тааныбай калайын? Жалгыз баламдын кайсы жеринде калдары, кайсы жеринде кандай белгилери бар экенин билчүмүн. Бирок ошого карабай милиция мага анын денесин бербей койду. "ДНК анализдери чыксын, анан кийин беребиз" деп 2 жарым жылдан бери сактап отурушат.

Бирок чет өлкөгө жөнөтүлгөн ДНК анализдер 2 жылдан бери чыкпай келатат. Көчкөнова уулу Алмаз Аскаровду тирилте албаса да, эми жок дегенде каралдысын өлтүргөндөрдү каматып тынбаса өксүгү басылчудай эмес. Бирок кылмышкерлер да Кыргызстандан сыртта жүрөт:

- Соттор кылмышкерлерге өзү каалаган жазасын берип, өзү каалагандай камап жатат. 10 жылга камайбы, 5 жылга камайбы - бүт баарын бир-эки эле адам чечип коюп жатат. Бардыгы коррупция. Биз өкмөттөн бир гана өтүнүч кылдык: "кылмыш иликтөө иштери жакшылап иликтенсин, Орусиядагы кылмышкерлер алынып келинип, жазасын алсын" деп. Бирок ошол бир талабыбыз да аткарылган жок. Кылмышты кылып, ал жакта жарандык алып алды деп жатышат. Балким биздин бийликтегилер аларды алып келгенге өздөрү кызыкдар эмес болуп жатышабы?

Энелер коогалаңда дайынсыз жоголгондордун 13үнүн өздүгү аныктала электигин айтышат. Уулу дайынсыз жоголгон дагы бир эне Шами Топчубаева да иликтөө иштери солгундап кеткенин айтып түтөйт. Анын баласы Нурбек Арзыбаев да 2010-жылкы коогалаңда үйүнөн машине айдап чыгып кеткен боюнча жок:

- Тирүү деп тирүүсүн, өлүү деп өлүгүн таба элекпиз. Эч нерсе жок. Кылмыш иштеринин баары расмий жабылды делбеген менен, тергөө иштери уктаган бойдон турат. Июнь окуясына келгенде мыйзам деген нерсе такыр иштебей калды. «Кылмышкерлер келбей атпайбы» дешет, алар өздөрү келип, булардын колуна түшүп бериши керек экен. 100 адамдын ичинен отчет үчүн 4 адамды камап, милиция жүрөт, кыйынсып. Бирок биз аларга тынч уйку бербейбиз. Биздин балдарды өлтүргөн адамдар жазаланып, күнөөлүүлөр кармалганча тынчыбайбыз.

Ал эми күч органдары кандуу коогалаңга байланышкан кылмыш иштердин бетин ачуу милициянын башкы приоритети экендигин айтып, бирок ДНКны иликтөө жана кармалган кылмышкерлерди экстрадициялоо коңшу өлкөлөрдөн көз каранды болуп жатканын белгилешет.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Башкур Абдыкалыков "Азаттыкка" мындай деди:

- Шаар боюнча июнь окуясына тиешелүү 52 адамга издөө жарыялаганбыз. Ушул тапта алардын 22си кармалды. Бирок кармалгандардын баары Орусияда. Алардын экстрадиция маселеси чечиле элек. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөр менен чечилиши керек. Бирок качан чечилери, кандай болору азырынча белгисиз.

Башкур Абдыкалыков жакынкы күндөрдө каза болгондордун ДНК анализдери чыгып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады:

- Июнь окуясы боюнча жалпысынан 76 адам дайынсыз жоголгон. Биздин эсеп боюнча алардын тогузунун өздүгү аныктала элек. Бирок Орусия 118 ДНК үлгүсүн жөнөткөнбүз, Кытайга да жөнөттүк. Кийин Кытайга дагы 27 ДНК үлгүнү экинчи жолу жөнөттүк. Азырынча анын жообу келе элек. Ал эми калган кылмыш иштери да милиция болгон аракетин жумшап, кылмыштардын бетин ачуу боюнча оперативдик иштерди жасап жатат.

Ош шаардык милициясы жыл башынан бери эле июнь окуясына байланышкан 14 кылмыштын бетин ачкан. Анын төртөө адам өлтүрүүгө байланыштуу.

Ош жана Жалал-Абаддагы 2010-жылкы кандуу окуяга байланыштуу 6 миңдей кылмыш иши козголгон болсо, азырга чейин алардын он пайыздайынын гана бети ачылган. 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын 400дөн ашыгы эркинен ажыратылган.

Коогалаң 400дөй адамдын өмүрүн алып, 150дөй турак жай өрттөлгөн.