Онлайн окуу: телефонго байланган окуучулар

Абдулложановдордун үй-бүлөсүнө З.М.Бабур мектеп гимназиясынын администрациясы сыналгы белекке берген. Эми 7-класстын окуучусу Марзия теле сабактарды көрүп, окууга мүмкүнчүлүгү бар.

Базар-Коргон айылы, Жалал-Абад облусу.

5-класстын окуучусу Абдурахим Бекмурзаев дене тарбия сабагы боюнча көнүгүүлөрдү жасап жаткан учуру. Ал дайыма ата-апасынан анын көнүгүүлөр видеого тартуусун суранат. Андан соң ал видеону мугалимге жөнөтөт.

Чаек айылы. Жумгал району.

"Айрым сабактарды кээде түшүнүү кыйынга турат. Ал эми онлайн окуган андан да кыйын", - дейт 7-класстын окуучусу Яна Кириллова. Ал Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп гимназиясында окуйт. 

"Интернеттин улам өчүп же жоголуп кетишинен улам аралыктан окууда окуучуларга да мугалимдерге да өтө кыйын. Андыктан мен аралыктан окуунун жакшы жактарын айта албайм", - дейт Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп гимназиянын окуучусу Сергей Крахмаленко. 

Окуучу кыз теле сабакты көрүп жаткан учуру. Кызыл-Ой айылы. Суусамыр. Чүй облусу.

Быйыл 3-класста окуп жаткан Аэлита Токтоболотова Суусамырдын Кызыл-Ой айылында жашайт. "Теле сабактарды апам экөөбүз көрөбүз. Апам сабактарды телефонуна видеого тартып алат. Аларды менен кийин кайра көрүп чыгам", - дейт окуучу кыз. 
 

"Ар бир сабакты сүрөткө тартып, окуучулардын ар бирине жөнөтүш керек", - дейт Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиянын мугалими Айгүл Мамбеталиева. Айгүл Мамбеталиева тарыхтан сабак берет. 

Чаек айылындагы Т. Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиянын мугалими Айгүл Мамбеталиева бош класста "WhatsApp" аркылуу сабак өтүп жатат. 

Айпери Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында 11-класста окуп жатат. "Быйыл мен мектепти аяктап жатам. Жаңы темалар болгондуктан аралыктан окууда кыйынчылыктар көп. Бирок баары сенин колуңда дейт эмеспи, мен жакшы окуганга аракет кылып жатам", - деди ал бизге. 

"Мектепте окуганда сага эч ким тоскоол болбойт. Үйдө окусаң үй жумуштарына алаксый берет экенсиң. Андан сырткары кээде телефон иштебей, интернет өчүп калышы мүмкүн", - дейт 9-класстын окуусу Жээналы Таалайбек уулу. Сары-Булак айылы, Кочкор району.

6-класста окуп жактан Дилнура Сабирова телесабактарды кайрадан көрүп, окуш үчүн уюлдук телефонуна видео тартып жатат. Ачы айылы, Сузак району. 

Аралыктан окуу үчүн Акжол Маткалыковго ата-энеси заманбап уюлдун телефон сатып берген. Акжол азыр 6-класста окуп жатат. Ачы айылы, Сузак району. 

Айбийкенин сабак окуп жатканын иниси терезеден карап жаткан учуру. 

Ачы айылы, Сузак району.

Улан Темиров жана анын карындашы Мадина онлайн сабакка даярданып жаткан чагы. Сосновка айылы. Жайыл району.

Ариповдордун үй-бүлөсүндө бир эле уюлдук телефон бар. Ал телефон да апасына таандык.  Бул үй-бүлөнүн төрт баласы тең мектепте окуйт. Балдар апасы жумуштан келгенден кийин гана кезектешип сабак окуп, мугалимдери менен байланышат. Сосновка айылы. Жайыл району.

Олейникова Наталья Николавена телефон аркылуу окуучуларга видео сабактарды жөнөтүп жатат. 
Беловодск айылы, Москва району. 

Беловодски айылынын №3 орто мектебинин математика мугалими Олейникова Наталья Николаевна аралыктан окуутуу үчүн өзүнө дагы бир уюлдук телефон сатып алган. Москва району, Чүй облусу.