"Бир дүйнө": башкы тема - миграция
Фестивалдын ачылышына келген жеткинчектер.
Ырчы Каныкей фестивалдын ачылышында ырдап жатат.
Фестивалда адам укуктарына арналган 34 даректүү тасма сунушталат, анын 15и кыргызстандык кинодокументалисттерге таандык.
Фестивалга “Азаттыктын” кабарчылары Элиза Кененбаева жана Жанарбек Жолдошбаев (солдо) тарткан “Мен баратам Корейге” аттуу тасма да бар. Сүрөттүн оң жактагысы - "Куугунтук" тасмасынын автору Медербек Ниязалиев (Баткен).
Фестивалдын ачылышына келген коноктор.
Ырчы Гүлжигит Калыков.
Ырчы Гүлжигит Калыков кичинекей күйөрманы менен.
Фестивалда адам укуктары, миграция, балдар көйгөйлөрү жана башка темаларды камтыган кинолор тартууланат. Каалоочулар келип акысыз көрө алышат.
Быйылкы фестивалга АКШ, Белгия, Түштүк Корея, Британия, Канада, Зимбабве, Швеция баштаган дүйнөнүн 14 мамлекетинен тасмалар сунушталууда.
Фестивалды уюштуруп жаткан "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен.
Кинодраматург Талип Ибраимов.
Быйыл жетинчи жолу уюштурулуп жаткан иш-чара 4-октябрга чейин Кыргызстанда, андан ары Тажикстанда уланат.