Текебаев: Кыргызстандан тонналаган алтын чыгарылып кеткен

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге түрмөдөн убактылуу которулуп келип, Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан жеринен жолуктук. Ал «Азаттыктын» кабарчысына саламаттыгы, маанайы, экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата мамилеси, Кыргызстандан чыгарылган миллиондор жана алтындар, Дача-СУ окуясы тууралуу маек курду. Текебаев 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга байланыштуу айыпталып, сегиз жылга кесилген.