“Ата Мекен” фракциясынын лидерине соттун чечими түнкү саат 11де чыкты. Алгач Биринчи май райондук сотунда иш каралат деп, андан соң УКМКнын өзүндө каралат болуп, акыры судьяны аскер сотунун мурдагы имаратына алып келишти.
Өмүрбек Текебаевдин соту кайсы жерде болоорун так билбеген тарапташтары да адашып калды. Алгач Ала-Тоо аянтынан Биринчи май райондук сотуна барышып, андан соң УКМК имаратына жөө жүрүш жасап, жыйынтыгында аскер сотунун алдында саналуу гана киши чечимди күтүп турушту. Алардын бири укук коргоочу Турсунбек Акун бийлик Текебаевден жана анын тарапташтарынан коркконунан аны жашыруун аскер сотуна алып келди дейт.
- Бийлик элден коркту, Текебаевдин өзүнөн коркту. Ошондуктан элди атайын чаташтырып, акырына чейин сот кайсы жерде болорун айтпай жатат. Азыр да мына аскер сотуна алып келди деди, бирок дагы деле билбейбиз Текебаев ичиндеби же жокпу.
Чогулган эл Өмүрбек Текебаев кайсы маалда аскер сотунун имаратына алып келингенин так билген жок, ал эми эки айга камоо тууралуу чечим чыкканын телефон аркылуу гана адвокатынан угушту.
Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, сот жараяны көпкө созулган жок, атүгүл Өмүрбек Текебаевге да, адвокатына да сөз берилбестен, прокурордун сөзүнөн соң, дароо чечим чыккан. Мындан улам адвокат соттун чечими даяр экенин айтууда.
- Судья биздин сөздү уккан жок. Прокурордун аргументтерин угуп бүтүп, кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти. Ал жактан кайра эле беш мүнөткө жетпей чыгып чечимди окуп салды. Бул чечим буга чейин даярдалып жазылган болчу, сот аны бизге окуп гана берди. Айтор процесс баштан аяк мыйзам бузуу менен коштолуп келатат.
Сандар адашып, фактылар бурмаланды
“Ата Мекен” фракциясынын лидерине козголгон кылмыш ишти парламенттин кезексиз сессиясында кароо аракети да ишке ашкан жок. Фракция лидерлери төрага Чыныбай Турсунбеков менен жолукканда демилгени “Ата Мекенден” тышкары “Өнүгүү-Прогресс” гана колдоду. Жолугушууга УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев да катышып, 26-февралда Өмүрбек Текебаевди учактан түшөөр замат кармоого жети себеп болгонун фракция лидерлерине айтып, тергөө кызыкчылыгына байланыштуу ал себептерди ачыктаган эмес.
Ал эми Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова протоколдо ал себептердин бири дагы жазылган эмес деп, УКМК төрагасынын сөздөрүн жалганга чыгарды.
- Депутатты кармоого төрт себеп керек. Бирок УКМКнын протоколунда ал себептердин бири да жазылган эмес. Мен Абдил Сегизбаевдин фракция лидерлерине айткандарын уккан жокмун, бирок маалымат каражаттары жазгандай жети себептин бири дагы көрсөтүлгөн эмес. Демек, УКМК төрагасы фракция лидерлерине барып, бүгүн калп айтып кетти.
Парламент кезексиз жыйынга чогулбаса да, шаршемби күнкү чоң жыйында депутаттар учурдагы кырдаалды козгогону жатышат. “Атамекенчи” Каныбек Иманалиев Текебаевдин ишинде фактылык дал келишпестер чыкканын айтып, депутаттардын көңүлүн жаңы жагдайларга бурдурганы жатат.
- Өмүрбек Текебаев 2010-жылдын 7-июлунда Маевскийден 1 млн. доллар алды деп айтып жатат. Бирок 7-июлда ал мамлекеттик кызматты тапшырып, парламенттик шайлоого кеткен экен. Мамлекеттик кызматта болбогондон кийин ага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иш козгой албайт. Себеби ал кызмат абалынан пайдаланган жок. Ал эми “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгосо, анда прокуратура парламент депутаттарынан келип, Текебаевдин кол тийбестигин алып берүүнү сураныш керек эле. Мындайча айтканда бийлик кылмыш ишин козгоп алып, азыр эмне кылышты билбей жатат.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери менен катар сот партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновду эки айга камады. Соттун чечимине нааразы болгон Текебаевдин тарапкерлери мөөнөтсүз митингди улантуу чечиминде калышты.
Митинг учурунда 28-февралда Бишкекке келчү Орусия президенти Владимир Путиндин расмий сапарына тоскоолдук кылуу демилгеси көтөрүлүп жатты. Депутат Иманалиев митинг тынч маанайда болоорун айтып, орус президентинин сапарына тоскоол кылбасын, элдин нааразычылыгы УКМК имаратынын алдында гана өтөөрүн “Азаттыкка” билдирди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Азаттык" буга чейин парламенттеги башкаруучу коалициянын бир нече депутатына кайрылып Текебаевдин иши боюнча комментарий ала алган жок, ошондой эле президенттик администрацияга да чалып, тиешелүү адамдардан жооп алуу аракети майнапсыз калды.
Башкы прокуратура 25-февралда Өмүрбек Текебаевге орус жараны Леонид Маевскийдин арызынын негизинде кылмыш иш козгоп, 26-февралга караган түнү 48 саатка камаган. Эми Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык оппозиция лидери Текебаев 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот. Өз кезегинде Текебаевдин жактоочусу райондук соттун чечимине доо арызын камдай баштады.
Саясий күчтөр куугунтукту токтотууга чакырат
27-февралда Кыргызстандагы саясий күчтөр “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышын айыптап чыгышкан.
Бишкекте өткөн саясий күчтөрдүн жарандык форумунда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду күч менен камакка алган жагдай талкууланды. Жыйында бул окуя боюнча саясатчылар башында түрдүү пикирде болуп, аягында Текебаевдин мыйзамсыз кармалышын айыптаган кайрылуу кабыл алынды.
"Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бул тууралуу мындай дейт:
- Өмүрбек Чиркешовичти өтө кооптуу кылмышкер катары кармап кетишкени бул өтө одоно мыйзам бузуу. Эгерде чындыкты айтып чыккан саясий ишмердин бардыгын эле ушинтип кармай беришсе, анда өлкөдө акыйкаттык болбойт. Ага козголгон ишти биз саясий өч алуунун жана куугунтуктун негизинде козголду деп эсептейбиз.
Анткен менен “Ата-Журт” партиясынын башка теңтөрагасы Ахматбек Келдибеков “Ата Мекен” партиясы кезинде аларга карата саясий куугунтукту колдогон деп айыптады. “Ошонун кесепетин өздөрү тартып жатышат” деди ал. Ахматбек Келдибеков депутаттык кол тийбестикке карабастан, саясий куугунтук менен камакка алган өнөкөт мурдагы баш прокурор Аида Салянованын учурунда башталганын төмөндөгүчө мисал келтирди:
- Мына ушунун бардыгы Салянова баш прокурор болуп турганда башталган. Өздөрү баштап, мыйзамдуулукту тебелеген нерсе азыр өздөрүнүн башына келип жатат. Бизди камаганда дагы ошол эле саясатчылар ак экенин соттон далилдесин деп айтып чыгышкан. Бардыгына бирдей мамиле болушу кажет. Эми алар дагы сотко барып, күнөөсүз экенин далилдешсин. “Ата-Журттун” 10 депутатын кезинде эч нерсесине карбай туруп, парламенттин макулдугусуз эле алып барып камашкан. Мына ошонун бардыгы азыр демократ болуп жаткан Салянованын кылыгы.
Ошол эле учурда мурдагы башкы прокурор, учурда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын бир катар депутаттарга козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук деп эсептебейт.
Аида Салянова ал учурда кылмышка шектүү депутаттарга жасалган тиешелүү иштин алкагында гана айып коюлуп, алар мыйзамдын чегинде камакка алынганын мындайча белгиледи:
- Менин учурумда иш козголгондордун кимиси бийликтин былыгын ачып, ошонун негизинде саясий куугунтукка кабылды эле? Анткени ошолордун бири дагы чындыктын бетин ачып, саясий куугунтукка кабылган эмес. Алардын ар бирине конкреттүү иштер боюнча олуттуу айыптар коюлган. Ал жерде эч кандай саясат жок болчу. Алар кайсы конкреттүү иштер боюнча жоопко тартылганын так мисалдар менен айта алабыз. Анан алар кайсы саясий куугунтук тууралуу айтып жатышат?
Атамбаевдин жоопкерчилиги
Убактылуу өкмөттүн төрайымы, мурдагы президент Роза Отунбаева бийликти оппозициялык саясатчыларга каршы саясий репрессияны токтотууга чакырды. Кайрылууда Өмүрбек Текебаев күмөндүү ишкердин айтканы менен гана кармалып, мамлекеттик телеканалдардан бир жактуу караланып жатканы көрсөтүлгөн.
Текебаев Атамбаевдин бизнесин иликтейт
Укук коргоочу Качкын Булатов эгерде Кыргызстанда бирөөнүн сөзү боюнча гана кылмыш ишин козгоп, камакка алуу өнөкөтү башталса, анда президент Атамбаевдин дарегине мурдагы мамлекет башчысы Аскар Акаев айткан каржылык доо боюнча дагы анын жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты:
- УКМК Текебаевге “Белизгейтти” тастыктай албай калды. Анан Орусиядан Маевский дегенди таап чыгышып, аны “жети жыл мурун Текебаевге 1 миллион доллар пара бергем” деп айттырып, анан иш козгоп жатышат. Эгерде мына ушундай жол менен кылмыш ишин козгоо өнөкөтү баштала турган болсо, анда президент Атамбаевдин үстүнөн дагы кылмыш ишин козгоого туура келет. Анткени жөнөкөй киши эмес, мурдагы президент Аскар Акаев аны 50 миллион рубль акчаны өзүнө ыйгарып алып, ошол акчага кийин заводдорду сатып алганын билдирген. Анда ошол билдирүүнүн негизинде да УКМК кылмыш ишин козгошу керек. Себеби мыйзам баарыбызга бирдей болууга тийиш.
“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов өлкө эки ирет элдик толкундоону баштан кечирсе дагы, бийлик андан сабак албай жатканын сынга алды. Анын айтымында, Текебаевди күч менен кармоо башкаларга да басым жасоо максатын көздөшү мүмкүн:
- Текебаевдин тергөөдөн жашырынып, качуу ниети болгон эмес. Ошон үчүн ал кылмыш иши козголгонун билип туруп учуп келди да. Бирок аны кармоону уюшкан кылмыш тобунун башчысы кармагандай уюштурушуптур. Бул жерде чектен чыгуу болгону көрүнүп турат. Мындан башка чет өлкөнүн күмөндүү жараны келип, оппозиция лидерине каршы көрсөтмө берип жатат. Эмне үчүн? Ал эмне үчүн жети жылдан бери унчукпай келип, анан эми азыр пара бергени тууралуу айтып жатат? Ошол 1 миллион доллар акчаны бажыдан кантип алып өткөн деген суроо жоопсуз турат.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда саат таңкы үчтө “Манас” аэропортунан кармалып, камакка алынган.
25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгогон.
Башкы көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. "Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон" деп кабарлайт УКМК.
“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөнкул Чотонов 26-февралда Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу Улуттук коопсуздук кызматына чакырылган. Андан ары козголгон кылмыш ишине ылайык, 48 саатка камакка алынган. Дүйшөнкул Чотоновго “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Текебаев да, Чотонов да өздөрүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалашууда.