Акыйкатчы болчу кимиңер?

Кыргыз парламенти жакын арада өлкөнүн акыйкатчысын тандайт. Акыйкатчыга кандай инсан керек?
"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Курманбек Осмонов, Адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борбордун жетекчиси Жениш Төрөев жана Коомдук иликтөөлөр институтунун директору Рита Карасартова.

“Азаттык”:
Курманбек мырза, Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети акыйкатчынын ордуна сунушталып жаткан 18 талапкерди бекиткен. Кандай негизги критерийлерге карап тандадыңыздар?

Курманбек Осмонов: Акыйкатчы орунга негизинен укуктук, саясий тажрыйбасы, билими бар, андан сырткары турмуштук жактан тажрыйбасы бар адамдын болгону максатка ылайыктуу. Ошондой эле адамдын мүнөзүн ачкан критерийлер бар, ошонун негизинде тандадык.

Ар кайсы фракциялар, депутаттык топтор ар кимдин талапкерлигин карап жатышыптыр. Жалпысынан 30га жакын киши бар экен. Биз өз фракциябызда төрт талапкерди жактырып, аларды колдойбуз деп чечкенбиз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Укук коргоочулар кеңеши акыйкатчы шайлоону саясатташтырбоо тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогон эле. Акыйкатчыны тандоо чын эле саясатташып кеттиби?

Курманбек Осмонов: Парламенттин номенклатурасына кирип, андан өтө турган кандай кызмат орду болбосун белгилүү бир деңгээлде саясатташат. Анткени парламентте жалаң саясатчылар отурушат. Ошондуктан тандоодо симпатия, антипатия болуп ар кайсы фракциянын көз карашы ар кандай болот.

Рити Карасартова: “Акыйкатчы институту жөнүндө” мыйзамда акыйкатчыны коомдук уюмдар сунуштайт деп көрсөтүлгөн. Кийин фракциялар караш керек болуп калган. Бирок талапкерлерди сунуштасаңар болот деп жарыялагандан кийин дагы биздин сунушту кабыл албай, айрым фракциялар өздөрүнүн талапкерлери бар экенин айтышкан. Негизги мыйзамда жазылгандан кийин мындай кылган туура эмес.

Көп эле өлкөлөрдө акыйкатчынын кызматына талапкерлерди жарандык коомдор сунуштап, парламент жөн эле бекитип беришет экен. Биздики башынан эле өз талапкерлери бар экенин айтып жатышат. Партиялардын бул орунга өз адамдарын коюп, шайлоого келгенде дагы бир ресурс катары пайдалануу аракетин байкап жатабыз. Анткени бул институттун ар кайсы аймакта өкүлчүлүктөрү бар. Мындай шартта адамдын укугун коргоо экинчи планга калып калат.

Жениш Төрөев: Парламентте бекитилгенден кийин акыйкатчы – саясий фигура. Бирок талапкер саясаттан алысыраак болуш керек. Ал негизинен чектелген адамдардын тобун же партиянын кызыкчылыгын коргобой, мыйзамды, адамдардын укугун, жалпы коомчулуктун кызыкчылыгын коргош керек.

Акыйкатчы парламент болобу, башка бийлик бутактары болобу көз карандысыз болушу керек. Экинчиден, бул институт чоң аппарат, ар бир аймакта өкүлчүлүгү бар. Акыйкатчы өзүнүн пиарын кылбай аларды көбүрөөк иштетиш керек. Ошондо пайдасы да көбүрөөк болот.