"Азаттык" бул окуя боюнча жана деги эле өлкөдөгү суицид көрүнүшү тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаевге бир катар суроолорду узатты.
“Азаттык”: Сузактагы кайгылуу окуя азыр кыргызстандыктардын көңүлүндө болуп турат. Албетте, бир тараптуу бир жакты айыптоо дагы кыйын болуп тургандыктан акыйкатчынын окуя тууралуу пикири кандай?
Кубат Оторбаев: Шерзат Алимбековдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Өтө жаман окуя болуп кетти. Эң негизги маселелердин бири тергөө учурунда калпыстыктар кеткендей. Алсак, баланы эч бир күбөсү, ата-энеси же адвокаты жок алып барып милиция кыйнап, сабады деп өзүнүн тил катында дагы жазып кеткен экен. Андыктан бул өтө терең иликтениши керек.
Он миң сом үчүн чырак өмүр жалп өчтү
Он миң сом үчүн чырак өмүр жалп өчтү
Сузак районунда уурулукка айыпталган 9-класстын окуучусу асынып алды. Маркумдун ата-энеси буга айылдаш жигит жана милиция кызматкерлери күнөөлүү экенин айтышууда.
Бул фактыны угарым менен өзүмдүн өкүлүмдү Сузакка жөнөттүм, бүгүн барып иликтөө иштерин жасашат, ал эми прокуратура сөзсүз муну эске алышы керек жана Билим берүү министрлиги аркылуу дагы катуу текшерүүлөр болушу керек.
“Азаттык”: Мындай окуяларды алдын алса болобу?
Кубат Оторбаев: Менимче, биз ушундай фактылар катталгандан кийин гана жүгүрүп, чуркап калып жатабыз. Өткөн аптада дагы өлкөдөгү жалпы балдардын абалы боюнча парламентте сөз болду.
Негизинен балдардын абалы оор бойдон калып жатат. Мына Кыргызстанда алты миллион адам болсо анын 40 пайызы 18ге чыга электер. Менин оюмча, бул жаатта өзүнчө министрлик катуу иштеши керек. Балдардын тартиби, психологиялык абалын өкмөт жакшылап карашы керек болуп жатат. Өкмөт менен жергиликтүү бийликтин ортосунда координацияланган тыгыз иш жүргөн жок.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Экинчиден, өлкөдө психологдордун санын көбөйтүү зарыл. Себеби суицид баланын психологиялык, жан дүйнөсүнүн абалына байланыштуу. 2014-жылы 106 бала өзүнө кол салган, 2015-жылы 102 учур катталса, ал эми акыркы беш айда 49 өзүн өзү өлтүргөн учур катталды. Бизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтеринде балдардын иши боюнча комиссиялар бар. Бирок ошол комиссиялардын иштери дагы өтө солгун болуп жатат.
“Азаттык”: Кыргызстанда жашы жете электер арасында суицид же өзүн өзү кол салган көрүнүштөр боюнча так сандар да жок болуп жатат. Ички иштер министрлиги мындан бир жума мурун эле акыркы тогуз айда 70тен ашык бала өзүнө кол салды деп жарыялаган, сиздердин институт акыркы беш айда 49 фактыны айтып жатасыздар, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги менен прокуратурада болсо бул жаатта башка сандар бар экен. Өлкөдө канча адам өз жанын кыйып жатканы боюнча бирдиктүү база жокпу?
Акыркы 13 жылда кыйноо менен эки гана факты боюнча өз жазасын алган. Ал эми көптөгөн иштер жылдап айлап соттордун кароосунда калып, күнөөлүү адамдар өз жазасын албай жатат.
Кубат Оторбаев: Тилекке каршы, бирдиктүү база жок. Биздин институт 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча балдарга байланыштуу өкмөткө бирдиктүү реестр түзгүлө деп жылдык баяндамада көрсөткөнбүз. Бул демилгени парламент дагы колдоп берген, бирок жакында эле Улуттук статистика комитети бирдиктүү реестр түзүүгө мүмкүнчүлүк жок деген катты жөнөтүштү. Мындай чаржайыттык дагы өкмөттүн ишинин деңгээлин көрсөтүп турат.
Бул сандар канча болуп жаткандыгын тактоодон тышкары дагы акча каражаты жана турмуштун оор кырдаалы суицидге себеп болуп жатат. Азыркы Шерзат Алимбековдун тагдыры дагы акчанын тартыштыгынан кайгылуу бүтүп жатат.
“Азаттык”: Шерзаттын өлүмүнүн себебинин дагы бир милициянын кыйноосун айтып жатышат, ушундан улам кыйноолор боюнча жер-жердеги көрүнүштөр менен Бишкектин айырмасы барбы?
Кубат Оторбаев: Балким Бишкекте азайса азайып калгандыр, анткени борбордо Акыйкатчы институту иштеп жатат, прокуратуранын атайын бөлүмү ушул жерде жайгашкан, кыйноолорго каршы борбору да ушул жерде болгондуктан Бишкекте текшерүүлөр көп. Ал эми жер-жерлерде кыйноолор дароо элге угулат. Анткени айыл чакан болгондуктан ушул жагынан утулуп жатабыз. Өкүнүчтүүсү, айыл жакта кыйноолор токтогон жок.
Негизинен ушундай фактылар болгон учурда жалпы күч структуралары анын ичинде соттор менен прокуратура органдары катуу киришиши керек. Тилекке каршы, биздин анализдер көрсөтүп жатат, тергөө иштери бүтүп сотко өткөн кылмыш иштери аягына чыкпай жатат. Акыркы 13 жылда кыйноо менен эки гана факты боюнча өз жазасын алган. Ал эми көптөгөн иштер жылдап айлап соттордун кароосунда калып, күнөөлүү адамдар өз жазасын албай жатат. Андыктан кыйноо фактысынын токтобой жатканынын эң негизги себептеринин бири сот системасынын коррупцияланышып кеткенин экенин ачык айтуу керек.