Офелиянын мектеби күчтүү болчу

Кыргыз театрынын алгачкы режиссерлорунун бири Офелия Еркимбаеванын сөөгү 13-августта Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Классикалык спектаклдер менен улут маданиятын байыткан режиссер 11-августта 80 жаш курагында дүйнө салган. Ал өткөн кылымдын 70-жылдарынан тарта режиссерлук кесипти аркалап, устат катары сахна ишмерлерин тарбиялап келген.

Офелия Еркимбаеванын алгачкы окуучуларын бири Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев. Актер устаты тууралуу буларды эске салды.

- Мисалы Фигейредонун "Эзоп", Островскийдин "Күнөөсүз күнөөлүүлөр", Гоголдун "Үйлөнүү”, Чапектин "Эне", Салынскийдин "Мария" ж.б. спектаклдерди сахналаштырды. Ал чынында классикалык драмаларга басым жасай турган. Офелия эжебиз мындан 45 жыл мурда, 1972-жылы бизди да окутуп калды. Студиянын студенттерине талапты өтө катуу койчу. Актер болом дегендерди классикалык багытта тарбиялаганга аракет кылган.

Бекболиев учурунда Эл артисттери Чоро Думанаев, Замир Сооронбаев, эмгек сиңирген артисттер Шайгүл Алсеитова, Жамила Сыдыкбаева ж.б. Еркимбаеванын мектебинен өткөнүн кошумчалады.

Кыргыз театры (Иллюстрация)

Замандаштарынын айтымында, Офелия Еркимбаеванын атасы Шергазы Еркимбаев чалгынчы болгон. 1943-жылы Экинчи Дүйнөлүк согуштун тагдырын талкуулаган Тегеран конференциясына советтик делегацияны коштоп барган кезде каза тапкан экен.

Жетим калган Офелия тогуз жашка чыкканда Ленинграддагы Ваганова атындагы хореографиялык балет мектебине кабыл алынган. Бирок ал өнөр сересине режиссерлук чеберчилиги менен жеткен.

- Нарын драма театрында иштеп турган кезинде Бообек Ибраев башкы режиссер экен. Ибраев эженин шыгын дароо эле байкап "сенин ой жүгүртүүң башкача экен, режиссерлукка өтүшүң керек" дегенин айтып калчу. Ошондон тарта Еркимбаева режиссер катары алгачкы спектаклдерин Нарын театрында кое баштаган. Актриса катары чоң ролдорду талашып ойногонун байкаган эмесмин, - дейт театр таануучу Жаныш Кулмамбетов.

Кулмамбетов Офелия Еркимбаева 1962-жылы Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтунун актерлук факультетин, кийин 1972-жылы режиссерлук бөлүмүн аяктаганын айтты.

Еркимбаева кыргыз театрын гүлдөгөн доорго жеткирген Мамат Рыскулов, Жалил Абдыкадыров, Медербек Назаралиев, Бообек Ибраев, Искендер Рыскулов, Алмаз Сарлыкбеков баштаган атактуу режиссерлор менен теңтайлашып иштеген бирден бир аял режиссер болгон.

Ал актерлук маданияттын жогорку үлгүсүн талап кылган режиссер эле. Айрыкча классикалык спектаклдерди жогорку деңгээлде сахналаштырган.
Жаныш Кулмамбетов

Анын койгон спектаклдеринде кыргыз театрынын легендарлуу артисттери Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова, Зоя Молдобаева, Сабира Күмүшалиева жана башкалар ойногон. Кулмамбетов маркум режиссердун жеке чыгармачылык өзгөчөлүгү тууралуу буларды белгиледи:

- Еркимбаеваны сахна маданиятына, эстетикасына өзгөчө маани берген режиссерлордун бири деп айтышыбыз керек. Ал актерлук маданияттын жогорку үлгүсүн талап кылган режиссер эле. Айрыкча классикалык спектаклдерди жогорку деңгээлде сахналаштырган. Буга анын бала чагында жетимдиктин азабын тартканы, кенедей кезинен искусствонун чоң мектебинен өткөнү, актриса катары да, режиссер катары да, бийчи катары да кесипкөй адистерден билим алганы жакшы тажрыйба болуп берген.

1937-жылы жарык дүйнөгө келип, 80 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан Офелия Еркимбаевнын эки уулу бар. Режиссердун балдары да искусство дүйнөсүнөн алыс кеткен эмес. Учурда улуу баласы Медет Тургунбаев Орусиянын Саратов театрында башкы дирижер катары эмгектенсе, кийинки уулу Эрик Тургунбаев Бишкекте Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын кезектеги режиссеру катары иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.