Нооруздун тамыры терең

Окумуштуулардын айтымында, кыргыздар Нооруз майрамын 2,5 миң жылдан бери белгилеп келатат. Анткен менен ал ар кайсы доордо унутулуп, басаңдап отурган.
Санжыра изилдөөчү Сыргак Сооронкулов Нооруз кыргыз элинин эң биринчи мамлекеттик майрамы деп эсептейт. Анын айтымында, биздин заманга чейин 300-жылдары кыргыздар кытайлардын чапкынында калат. Ошондон кийин биринчи төрөлгөн эркек баланын атын Улус коюшкан. Ал бала кийин элди баштап, улус, башкача мамлекет түптөгөн.

Ноорузду “Улустун улуу күнү” деп айтылышы ошондон дейт Сооронкулов:

- Нооруз - кыргыздын биринчи майрамы. Аны билбей жатпайсыңарбы. Сыналгыны көрүп, үналгыны угуп жатам. Ноорузду билген киши жок, жөн эле бир нерселерди айтып жатышат. Нооруз деген кыргыздын биринчи мамлекет түзгөндөгү майрамы. Ошон үчүн “Улустун улуу күнү” деп айтылып жүрөт.

Санжырачы Сыргак Сооронкуловдун айтымында, кийин мезгилдин өтүшү менен бул майрамдын мааниси өзгөрүп, тарыхы да бурмаланып кеткен.

Көркөм өнөр таануу илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиев Нооруздун таржымалын изилдеп чыккандардын бири. Ал да бул майрам кыргыздардын алгачкы майрамы деп эсептейт. Ал Нооруздун келип чыгышын зорастризм дини менен байланыштырды.

- Бул байыркы сак жана арий урууларынын дини менен байланышкан диний майрам. Грекче бул зорастризм дини. Ал динди жайылткан пайгамбар Зоастр, ал перси тилинде Зардуш деп айтылат.

Окумуштуулардын айтымында, Нооруз - Орто Азия, жакынкы чыгыш элдери, анын ичинде кыргыздар да илгертеден бери майрамдап келе жаткан жаңы жыл майрамы. Ал күн менен түн теңелген мезгилде, жалган куран айынын 21-22синен тартып, ошол эле айдын 25ине чейин уланган. Перс тилинде "Наврус" "Жаңы күн" дегенди билдирет.

Профессор Субаналиевдин билдиришинче, байыркы заманда перс падышалары бул күндү өтө ыйык санашкан. Маселен, жаңы шайланган падыша дал ушул 21-мартта ант берип, кызматына киришкен дейт.

- Биз инаугурация деп айтып жатпайбызбы, башкача айтканда такка отуруу аземи, ошону дайыма 21-мартта өткөрүшкөн, улуу майрам катары. Мындагы ыйык жөрөлгөлөрдүн дагы бири, 21-мартта биринчи кош чыкканда, аны шах өзү айдап, жерди өзү бузган. Ошондой эле биринчи үрөндү өзү сепкен.

Совет мезгилиндеги Нооруз

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 21-мартта элди куттуктап жатып, бул майрамдын тарыхына, маани-маңызына мындайча токтолду:

- Бул күндү биздин бабалар убагында жөн тандаган эмес, бекер майрамдаган эмес. Бул майрам айтылып кеткендей, күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, түн кыскарганын билдирет. Мааниси: "караңгы түндү жарык жеңет" деген сөз. Эртели-кеч караңгыны жарык, жамандыкты жакшылык жеңет деген мааниде белгилеп келишкен. Эң эски, бир канча миң жылдык майрам.

Анткен менен Ноорузду майрамдоо совет мезгилинде кыйла солгундап кеткен. Санжырачы Сыргак Сооронкулов анын себебин бул майрамды эскичил жана диний маанайда деп чанган советтик идеологиядан улам көрөт. Бирок ал кезде деле ал ар кандай деңгээлде майрамдалып, маале, көчө болуп чогулган эл сүмөлөк бышырып, аны түрдүү шаан-шөкөт менен өткөрүшчү.

Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну, 70 жашка таяп калган Марипа апа секелек кездеги Ноорузду майрамдаганын мындайча эскерди:

- Апаларыбыз сүмөлөк кайнатчу. Сүмөлөккө жети түрлүү даам кошчу. Түнү менен кайнатып, демдеп, эртеси күнү ачышчу. Биринчи аксакалдар чыпалактары менен жеп, балдарга да көрсөтчү. Анан жакшы баталарды тилеп, ооз тийчүбүз.

Эгемен өлкөнүн майрамы

Ноорузга биринчи жолу 1989-жылы мамлекеттик деңгээлде кайрадан маани берилген. Ошондон көп өтпөй бул мамлекеттик майрам катары белгиленип, жыл наамага майрам, эс алуу күнү катары кирген. Профессор Сагыналы Субаналиев аны мындайча эскерет:

- 1989-жылы Кыргызстанда биринчи жолу “Нооруз-89” деген театр майрамы өткөн. Ошондо Абсамат Масалиев баштаган жетекчилер буга абдан маани берип, чоң майрам белгиленген.

Анткен менен бул майрам эгемен жылдары саясий кырдаалга жараша ар кандай шарттарда өтүп келди. Маселен, 2005-жылы бул майрам республикада тиешелүү деңгээлде белгиленбей калган. Ага өлкөдөгү саясий толкундоолор себеп болуп, 24-мартта тунгуч президент Аскар Акаев өлкөнү таштай качкан.

Окумуштуулар бул майрам эл-журтту, мамлекетти биримдикке, ынтымакка чакыруучу майрам деп санашууда.

Мындай ойду президент Атамбаев да Ала-Тоо аянтындагы куттуктоо сөзүндө да айтты:

- Элибиз мындан ары жаз келгенде үрпөйбөй, санаа чекпей, Ноорузду жакшы маанай менен тосо баштаса деп тилейбиз. Биз жазды митингдер, революциялар менен эмес, жакшылык менен тосо баштасак дейбиз. Мындан ары Ноорузубуз жыл сайын жаздын, эмгектин, биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы болсун деп тилейбиз.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нооруз: Майрам шаңы - сүмөлөк