Мамытов бул тууралуу 29-январда Бишкекте мыйзам долбоору талкууланган тегерек үстөлдө айтты. Ал мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуулаш үчүн демилгечи депутаттар, өкмөттүк эмес уюмдар жана долбоорду колдогон топтор жыйын өткөрүшү керек деп эсептейт.
- Үч тараптын өкүлдөрү чогулуп, ийри отуруп түз кеңешиши керек, - деди ал. - Чогулуп бири-биринин пикирин угуп, бир чечимге келиши керек. Экинчиден, бул мыйзамды коомдук талкууга кеңири алып чыгыш керек. Бул иштер жасалгыча депутаттар мыйзам долбоорун алып турса жакшы болмок.
Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору январь айынын башында коомдук талкууга коюлган. Анын мөөнөтү 1-февралда аяктайт.
Ошол эле учурда бул мыйзамды колдогондор жана ага каршы чыккандар өз-өзүнчө жыйын өткөрүп, бир пикирге келе албай жатышат.
Дагы караңыз Мамлекет коомдук уюмдарды тескегиси келет29-январда «Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбоорун талкуулаган жыйын өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү чакырылган. Бирок клиниканын жетекчисинин орун басары Айнура Осмоналиева иш-чара өтүп жаткан чакта белгисиз адамдар келип, жыйындын өтүшүнө тоскоолдук кылышканын айтты:
- Бүгүнкү тегерек үстөлгө жарандык коомдун, өкмөттүн өкүлдөрүн, Жогорку Кеңештин депутаттарын чакырганбыз. Тилекке каршы, депутаттар келген жок. Бирок парламент менен өкмөттүн аппаратынан өкүлдөр келишти. Биз алар менен өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзамдын долбоорун талкууладык. Иш-чара ортолоп калганда белгисиз адамдар келип, жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Алар кыйкырып, түшүнүксүз сөздөр менен бизди күнөөлөп жатышты. Алардын кимдер экени бизге белгисиз бойдон калды. Анткени алар өздөрүн тааныштырган да жок.
Ошол эле кезде ушундай эле талкуу 28-январда да уюштурулганы маалым болду. Аны улутчул багыттагы «Кыргыз жолу» коому уюштурган. Бул талкууга аталган мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов катышкан.
«Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиевдин айтымында, алар уюштурган талкууга бардык сектордун өкүлдөрү чакырылган.
- 29-январда «Европа» мейманканасында уюштурулган талкууну чет өлкөдөн каржыланган уюмдар өткөрүшүптүр, - дейт ал. - Алар - Чолпон Жакупова, Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова. Булар ушул тапта кызуу иштеп жатышат. Алар уюштурган талкууга өздөрү эле катышып, башка адамдарды киргизбей, тоскоолдук кылышыптыр. Муну менен бизге демократияны үйрөткөн, Батыштан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын кезектеги беткабы ачылды десек болот. Ал эми биз өткөргөн талкуу ачык болду. «Ким кааласа келгиле» деп жарыя кылдык.
Адам укуктарын коргогон уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү депутат Бактыбек Райымкулов cунуш кылган мыйзам долбоорун президент Сооронбай Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупция менен күрөш саясатына каршы келерин айтып сындап жатышат. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова мындай деди:
- Азыркы убакта улуттук, жакшы иштер жасалышы керек. Аны жеке эле президент эмес, парламент да колдоого алышы керек. «Өкмөттүк эмес уюмдардын иши жакшы эмес» деген мурунку Акаев, Бакиевдин убагындагы системадан, саясаттан арылышыбыз керек.
Иштелип чыккан долбоорго ылайык, коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Эгер бул талапты аткарбаса, мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Мыйзам долбоору уюмдардын киреше булактарын ачык көрсөтүүнү, алар тууралуу маалыматты толук бойдон ачык жайгаштырууну талап кылат. Мыйзамдын авторлору коммерциялык эмес уюмдардын ишин чектебей турганын айтып жатышат.
Дагы караңыз Коомдук уюмдарды кооптондурган мыйзамБирок өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү өз иштери тууралуу азыр деле отчёт берип келе жатышканын айтып, ишмердиги ансыз деле ачык-айкын жүрүп жатканын айтып, мыйзам долбоорун сөз эркиндигин чектөө, жарандык коомдун үнүн басуу аракети катары баалап жатышат.
Бул мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов буларды айтты:
- Мыйзам кабыл алына элек. Парламенттин расмий сайтына жарыяланып, коомдун талкуусуна коюлду. Эми комитетте каралат. Биринчи, экинчи окуудан өтөт. Өзгөрүүлөр болот. Азыр биз ачык айтып жатабыз, «сунушуңар болсо бергиле», «ачык кайрылгыла» деп. Бул мыйзам бир гана ачык-айкындуулук боюнча болуп жатат. Көзөмөл, чектөө жөнүндө бир да сөз жок.
Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.
Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.