Аксак Темир кыргыз болгонбу?

Бүгүн "Айгай пресс", "Жаңы ордо", "Фабула", "Де-факто", "Супер инфо", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

"Айгай пресс" гезити Нурдин Асановдун "Аяк бошоторлор айылдарга кеттиби?" деген, парламенттин тарашы жөнүндө саясатчы Ишенбай Кадырбековдун оюн, Кенжебек Арыкбаевдин бийлик тууралуу "Ал мезгил азыр бул мезгил эмес" деген жана "Өмүрбек Текебаев чын эле "Армада" менен күрөшүп жатабы... же?" деген макалаларын тартуулады.

Мындан тышкары Элнура Дүйшееванын "Күн Батыштан эмес Чыгыштан батат" деген, Жолдошбек Токоевдин "Аксак Темир кыргыз болгонбу?" деген макалалары, депутат Канат Керезбековдун массалык маалымат каражаттары тууралуу орус тилиндеги маеги, "Кыргыз театрынын Умай энеси" деген ат менен айтылуу Сабира Күмүшалиева тууралуу баян жана башкалар бар.

"Жаңы ордо" гезити "Президент Алмазбек Атамбаевди "басма сөз эркиндигин муунтуп жатат" деп сындашууда, сиз буга кошуласызбы?" деген суроону экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, укук коргоочу Турсунбек Акун, саясатчы Равшан Жээнбеков, сайттын редактору Адилет Калыгулов, журналисттер Дайырбек Орунбеков, Адилет Айтикеевге узаткан.

Табылды Акеровдун "Бүгүн бийлик Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Аадахан Мадумаров түзгөн үчилтикке эч нерсе кыла албайт деп ойлойм" деген, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун "Бүгүн Атамбаевди катуу сындап жатамбы, эртең Атамбаев бийликтен кеткенден кийин аны коргойм, тийбегиле дейм" деген, Темир Мыктыбековдун "Муфтийди шайлоо - келечекти тандоо" деген, Азимбек Бекназаровдун "Текебаев акыры чыгат, чыкканда да баатыр болуп чыгат" деген, "Кыргызстан таза патриоттор" партиясынын төрагасы Назарбек Нышановдун "Олигархиялык системанын түптөлүшүнө Текебаевдин салымы абдан чоң" деген, "Куйручуктун батасы менен элдин уулу атыккан Автандил" деген, журналист, исламист Турдукан Ибрагим кызынын "Жараткандын касиеттүү куранын эч ким өзгөрткөнгө акысы жок, өзгөртө да албайт" деген, Кыргыз Эл артисти Темирлан Сманбековдун "Театрдын айланасында турган кафелердин баарын алдырдык" деген маектери жана макалалары басылып чыкты.

"Фабула" гезитинен бир байлам майда маалыматтарды, жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин март революциясы тууралуу маегин, "24-март элдик революциябы же төңкөрүшпү?" деген суроого ой-пикирлерди, Эдил Байсаловдун "Президент мураскер болчу кишисин эртелеп даярдашы керек болчу" деген маегин, "Кыргызстанда сөз эркиндиги чындап эле коркунучтабы? Же биздегидей эркиндик кошуна мамлекеттерде жокпу?" деген суроого ойлорду, анестезиолог Жамиля Чынгышеванын "Жакшы иштерди деле көрсөк" аттуу маегин, обончу Бакыт Мамаевдин чыгармачылык тууралуу маегин, Кыргызстандын аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбековдун "Кыргызстанды жаңгак токоюна айландыралы" деген, Темирбек Мамбеталиевдин "Биздин окумуштуулар кайда?" деген, архитектор Эдил Айдарбековдун "Эстелик сүйлөйт-2" деген макалаларын, нарындык акын Эшен Барктабасовдун жаңы ырларын окуйсуздар.

"Де-факто" гезити бул санын "Акаевдин арман күүсүнө 12 жыл" деген баштема менен ачып, аны Амантур Мусагуловдун "Тарых алдында кантип актанат" аттуу макаласы менен коштоду. Ушул эле Амантур Мусагуловдун фотосүрөттүү баяны "Автандил Кулбараков Ноорузда Жумгал эли менен жолугушту" деген ат менен тартууланды. "Аалам" партиясынын теңтөрагасы Арсланбек Малиевдин маеги "Ата Мекен" партиясы "аферист" экен, 60 миң долларымды бербей жүрөт" деген ат менен жарык көрдү. Нургазы Айтмырзаевдин "Параноик деген ким? Же ак менен караны кантип ажыратыш керек?" деген ат менен учурунда журналисттерди сотко берген Өмүрбек Текебаев тууралуу жазганын, Садыр Жапаровдун "Бизге ызы-чуунун кереги жок" деген катын жарыялады.

"Вечерний Бишкек" гезитин окусаңыз эксперт Валентин Богатыревдин "Президенттикке "жалгыз кандидат" - Алмазбек Атамбаев" деген макаласын басты. Албетте "президентикке жалгыз кандидат" деген сөз тырмакчага алынганын эсиңиздерге сала кетели. Ушул эле санга "Эми КСДПнын депутаты жалаа үчүн жооп берет. Жетимдер Карамушкинаны сотко беришти" деген, Александра Василькованын "Өлкөнү мураскердин карааны аралап жүрөт" деген жана башка ар кыл багыттагы материалдар менен таанышасыздар.

"Супер инфо" гезити жаңы санын Нурзат Токтосунованын "Багып алыңыз деп баласын берген кыз үстүмөн арыз жазды" деген, улакчы Ниязовдун "Биз уткан машинанын саны элүүдөн ашат" деген, "Баястандын ыры кимге арналган?" деген, Фарида Өмүрзакованын "Өмүр бою таяк жегим келген жок, ошондуктан жолдошум менен ажыраштым" деген, "Аялын сабап өлтүргөн күйөөсү 13 жылга соттолду" деген баштемалар менен ачты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.