Абийир сатылганда мекен унутулат

“Фабула” гезитине тажикстандык режиссер Барзу Абдуразаковдун интервьюсу жарыяланды.

“Алиби” гезити Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары– эски аты Навакет, азыркы аты Красная Речка, эски аты Суяб, азыркысы Ак-Бешим жана Бурана шаарларынын калдыктары депутат Карганбек Самаковдун демилгеси менен ЮНЕСКОнун тизмесине катталганын сүйүнчүлөдү.

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов маек куруп, алтын кендин айланасындагы суроолорго жооп берди. Ал тоо-кен тармагы боюнча адистерди чет өлкөлөр катуу баалашарын, бизде ошондой адистер Максим менен Елисеев кендүү жерлердин лицензияларын сатып жибергенден кийин ишсиз калып, көбү Орусия менен Казакстанга иш издеп кетип калганын кеп кылды.

Депутат Ыргал Кадыралиева жакында “Кош жылдыз” теледолбоорунда Республикага эмгек сиңирген артист Бакыт Шатенов менен ырдап чыгып баш байгени жеңип алган болчу. Анын "Алибинин“ бүгүнкү санына “Сахнага сүйлөп чыккан менен ырдап чыккандын айырмасы асман менен жердей экен” деген маеги жарыяланды. Ыргал кыз маегинде белдемчи белди бекем кармаса, чыптама өпкөнү жакшы сактаарын, чачпагы болсо чоң энесинен мураска калып, муундан муунга улам бир кызына өтүп келгенин, сахнага ошону тагынып чыкканын баяндап кызыктуу маек курду.

“Имарат строй” курулуш ишканасынын генералдык директору Бейшенбек Иманалиевдин “Кайнар колхозунун 70 проценти Иманалы атамдын байлыгына куралган” деген интервьюсу жарык көрүп, чоң атасы Иманалы кезинде баба дыйкан болгонун, эмгегин элге чачкан жоомарт адам экенин, алтургай совет өкмөтү кулакка тартмакчы болгондо жакшылыгын көргөн эл кулакка тарттырбай алып калганын айтып аңгеме курду.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын Баратбай Аракеевдин “Акча деген мамлекетиңди да аябайт” деген макаласы менен ачты. Автор азыр бизде бийлик бар деп так кесе айтканга ооз барбай турганын, анткени бийлик катуу болгондо, мыйзамды туу тутканда такыр башкача болмогун, ал эми азыр болсо акчасын төлөп койсоң болду, оосур десең оосуруп бергенге даяр киши четтен чыгарын, жүз катынбы, эки жүз катынбы, чал-кемпирин сүйрөп алып, андан да как жолдун үстүнө боз үйдү тигип салып олтура берерин, жол тостургандар ичем десе кымызын, жейм десе этин бышырып, дасторконун жайнатып турарын, кыларга иши, саларга кушу, иштерге иши жоктор үчүн мындан өткөн эрмек табылбай турганын, андан да Алай жолун буугандардын талабы ай чапчып, Аида Салянованы кызматынан айдап, Алмазбек Атамбаевди кечирим суратышы керектигин, анткени президент жолду буугандарды “каапырлар” деп атап салганын эске салып: ”Президент туура айткан. Эмне, куттуу жолду бууп, миңдеген адамдардын күнүмдүк жашоосуна кесепетин тийгизип аткан немелерди анан “Эл баатырлары” деп айтмак беле?” деп жазды. Аракеев макаласынын аягында: “Бу коррупционер деген эмең, жеп-жутуп эле тим калбай элди дүргүтүп, керек болсо экиге, төрткө, он-жыйырмага бөлүп салат экен. Коррупциядан өткөн коркунуч болбос. Мамлекеттүүлүктүн түбүнө жетчүлөр да ошолор окшобойбу. Буларга каршы жумурай журт бир кишидей каршы турсак эртең эле жок кылбайт белек. Антпей жатабыз. Абийрибизди акчага, болгондо да элге кыянаттык апкелген, Кудайга жакпаган арам акчага сатып жатабыз” деп жазды.

“Фабула” гезити “Шайлоонун шаңы башталды” деген баштеманын алдында макалалардын топтомун жарыялады. Алар “КСДП: Кашыктап чогулган кадыры чакалап чачылды”. Республика: Саясий партия эмес, саясий долбоор” деген жана башка аталыштар менен тартууланды.

Гезит муну менен бирге эле президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы районундагы Иринжит каналынын ачылышында сүйлөгөн сөзүн басты. Ал “Күчтүү армиябыз болот”, “Бай болсоң, депутат болсоң камалбашың керекпи?”, “Түндүк-түштүк жолу курулат”, “Кызыкчылыгыбыз корголбосо бажы биримдигине кирбейбиз”, “Кыргызстанды бутуна тургузуп кетсем” деген майда темалардан турат.

Журналист Алтымыш Ашыракмановдун атактуу, бирок эмгеги көп айтылбай келаткан обончу Абдыкалый Темиров тууралуу баяны сандан санга жарык көрүүдө.

Ушул эле санда Тажикстандын белгилүү театр режиссеру Барзу Абдуразаковдун “Кыргызстан эркин, керемет өлкө” деп аталган баяны жарык көрдү. Тажик режиссеру Бишкектеги күн сайын болуп аткан кээ бир окуялар Тажикстанда болсо дароо милийса кармап кетмегин же эл чогулуп таш бараңга алып жибермегин, Кыргызстан “колдо бар алтындын баркы жок” болуп өзүнүн элине анча байкалбаганы менен Тажикстандан келген ал үчүн керемт өлкө катары, эркин, кооз өлкө катары катуу таасир бергенин айтып кеп салды.

“Алиби” гезити Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары– эски аты Навакет, азыркы аты Красная Речка, эски аты Суяб, азыркысы Ак-Бешим жана Бурана шаарларынын калдыктары депутат Карганбек Самаковдун демилгеси менен ЮНЕСКОнун тезмесине катталганын сүйүнчүлөдү.

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов маек куруп, алтын кендин айлансындагы суроолорго жооп берди. Ал тоо-кен тармагы боюнча адистерди чет өлкөлөр катуу баалашарын, бизде ошондой адистер Максим менен Елисеев кендүү жерлердин лицензияларын сатып жибергенден кийин ишсиз калып, көбү Орусия менен Казакстанга иш издеп кетип калганын кеп кылды.

Депутат Ыргал Кадыралиева жакында “Кош жылдыз” теледолбоорунда Республикага эмгек сиңирген артист Бакыт Шатенов менен ырдап чыгып баш байгени жеңип алган болчу. Анын "Алибинин“ бүгүнкү санына “Сахнага сүйлөп чыккан менен ырдап чыккандын айырмасы асман менен жердей экен” деген маеги жарыяланды. Ыргал кыз маегинде белдемчи белди бекем кармаса, чыптама өпкөнү жакшы сактаарын, чачпагы болсо чоң энесинен мураска калып, муундан муунга улам бир кызына өтүп келгенин, сахнага ошону тагынып чыкканын баяндап кызыктуу маек курду.

“Имарат строй” курулуш ишканасынын генералдык директору Бейшенбек Иманалиевдин “Кайнар колхозунун 70 проценти Иманалы атамдын байлыгына куралган” деген интервьюсу жарык көрүп, чоң атасы Иманалы кезинде баба дыйкан болгонун, эмгегин элге чачкан жоомарт адам экенин, алтургай совет өкмөтү кулакка тартмакчы болгондо жакшылыгын көргөн эл кулакка тарттырбай алып калганын айтып аңгеме курду.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын Баратбай Аракеевдин “Акча деген мамлекетиңди да аябайт” деген макаласы менен ачты. Автор азыр бизде бийлик бар деп так кесе айтканга ооз барбай турганын, анткени бийлик катуу болгондо, мыйзамды туу тутканда такыр башкача болмогун, ал эми азыр болсо акчасын төлөп койсоң болду, оосур десең оосуруп бергенге даяр киши четтен чыгарын, жүз катынбы, эки жүз катынбы, чал-кемпирин сүйрөп алып, андан да как жолдун үстүнө боз үйдү тигип салып олтура берерин, жол тостургандар ичем десе кымызын, жейм десе этин бышырып, дасторконун жайнатып турарын, кыларга иши, саларга кушу, иштерге иши жоктор үчүн мындан өткөн эрмек табылбай турганын, андан да Алай жолун буугандардын талабы ай чапчып, Аида Салянованы кызматынан айдап, Алмазбек Атамбаевди кечирим суратышы керектигин, анткени президент жолду буугандарды “каапырлар” деп атап салганын эске салып: ”Президент туура айткан. Эмне, куттуу жолду бууп, миңдеген адамдардын күнүмдүк жашоосуна кесепетин тийгизип аткан немелерди анан “Эл баатырлары” деп айтмак беле?” деп жазды. Аракеев макаласынын аягында: “Бу коррупционер деген эмең, жеп-жутуп эле тим калбай элди дүргүтүп, керек болсо экиге, төрткө, он-жыйырмага бөлүп салат экен. Коррупциядан өткөн коркунуч болбос. Мамлекеттүүлүктүн түбүнө жетчүлөр да ошолор окшобойбу. Буларга каршы жумурай журт бир кишидей каршы турсак эртең эле жок кылбайт белек. Антпей жатабыз. Абийрибизди акчага, болгондо да элге кыянаттык апкелген, Кудайга жакпаган арам акчага сатып жатабыз” деп жазды.

“Фабула” гезити “Шайлоонун шаңы башталды” деген баштеманын алдында макалалардын топтомун жарыялады. Алар “КСДП: Кашыктап чогулган кадыры чакалап чачылды”. Республика: Саясый партия эмес, саясый долбоор” деген жана башка аталыштар менен тартууланды.

Гезит муну менен бирге эле президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы районундагы “Ренжип” каналынын ачылышында сүйлөгөн сөзүн басты. Ал “Күчтүү армиябыз болот”, “Бай болсоң, депутат болсоң камалбашың керекпи?”, “Түндүк-түштүк жолу курулат”, “Кызыкчылыгыбыз корголбосо бажы биримдигине кирбейбиз”, “Кыргызстанды бутуна тургузуп кетсем” деген майда темалардан турат.