Колдо бар алтындын баркы жок

Кыргызстандын жүзүмү. Ош базары. 2012-жыл.

“Аргументы и факты Кыргызстан” гезити айыл чарба тармагын кантип өнүктүрүп-өстүрсө болорун жазды.
Бүгүн жарыкка чыга турган кыргыз тилдүү гезиттер чыккан жок. Андыктан “Аргументы и факты Кыргызстан” аттуу орус тилдүү гезиттин биздин өлкөбүзгө арналган макалалары аркылуу баяндама жасамакчыбыз.

Аталган гезит электр энергиясына баа кымбаттай турганы боюнча чакан макала тартуулап, анысын энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин “Биз кандай гана жол менен болбосун элден акча жыйнайлы деп аткан жокпуз, тескерисинче, элибиз жагаарга свети жок калбаса деген эле аракет” деп айткан сөзүн шилтеме кылуу менен баштап, эгер электр энергиясы кымбаттай турган болсо өлкөдөгү өзүбүздөн чыккан, өзгөлөрдөн сатып келген азык-түлүк, буюм-тайымдардын баары кошо кымбаттаарын, ошондуктан кымбаттатаардан мурда кыргызстандыктардын айлык акысына тарифти көтөрүү керектигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев бир жолку сөзүндө: “Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бардык шарты бар өлкөдө жашап туруп айыл чарба азык-түлүктөрүн башка өлкөлөрдөн сатып алып келатканыбыз уят” деп айткан эле. Чынында эле айыл чарбасын да, туризмди да дүркүрөтө өнүктүрүп-өстүргөнгө мүмкүнчүлүк толтура. Бирок эмне себептен биздин өкмөттүн мына ушул айыл чарбасын көтөргөнгө шаасы жетпей жатат? Эмне үчүн? Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров: Бизде бир эле саунасы үчүн 20 үй-бүлө жага турган светти жаккандар бар” деп айтканы элдин эсинде. Вице-спикердин айтканы чын болсо, анда эмне үчүн светтин баасын ушундай көп жаккандарга кымбаттатып койгонго болбойт? Сыягы Кыргызстанга байлардын көрүп жаткан жыргалынын бир азын кедейлерге алып бере турган Робин Гуд өңдүү адам керек окшобойбу” деп жазды.

“Аргументы и факты Кыргызстан” гезити буга улай эле ушул жылдын 14-майынан 16-майына чейин “Айыл-Агро” аттуу Орусиянын “Росагромаш” айыл чарба техникаларын чыгаруу бирикмеси менен биргелешкен экинчи эл аралык көргөзмө болуп өткөнүн, ага Кыргызстандан тышкары 40 өлкө катышканын, биздин ар бир облус өз боз үйлөрүн тигип, өздөрү өндүргөн товарларын даңазалаганын, мисалы, Ош алманын түрлөрүн кантип өстүрсө болорун көргөзсө, Талас кымызы менен буурчагын, Чүй экологиялык жактан таза жер-жемиштерин, Жалал-Абад жыгачтан жасаган буюм-тайымдарын даңазалады.

Таластын губернатору Койсун Курманалиева таластык фермерлерди байытып да, маарытып да келаткан буурчак өндүрүүгө токтолуп, аны бүгүн 16 өлкө сатып алып жатканын, өткөн жылы фермерлер 46 гектардан 86 тонна түшүм жыйнаганын айтса, “Росагромаш” айыл чарба техникаларын чыгаруу бирикмесинин директору Евгений Корчевой Кыргызстандын айыл чарбасынын келечеги кең экенин, Бажы союзуна киргенден кийин анын мүмкүнчүлүгү дагы кеңейерин, Кыргызстан чыгарган азык-түлүк кандай базар болсо да атаандаштыкка туруштук берип, атургай өтүмдүү болорун, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан Белоруска, Орусия Федарациясына, Сибир менен Ыраакы Чыгышка чейин барып сатып турса болорун айтты.

Аталган гезит андан ары айыл чарбасы боюнча эксперт Туратбек Үкүбаевдин ойлорун ортого салды. Бажы союзуна кире турган болгон соң экономиканы кайрадан карап чыгуу милдети турганын, мисалы, Орусия менен Казакстанда өзүнүн жер-жемиштери өздөрүн камсыз кылууга жетпестигин, биз болсо Чилинин, Аргентина менен Кытайдын бир килограммы 200-300 сом турган кымбат жүзүмүн жеп келатканыбызды, ошол эле учурда килосу 50 сомдон турган өзүбүздүн арзан, сапаты менен даамы мыкты жүзүмүн өстүрсөк болорун, бирок бул жаатта ойлонгон эч ким жоктугун, Орусия, айрыкча анын Сибир жагы томат пастасына аябай муктаждыгын, ошондуктан совет убагындагыдай помидорду көбөйтүү зарылдыгын, илгеркидей кант өндүрүшүн жолго коюу керектигин, айтор, Кыргызстандын жетекчилери саясатты жыйыштыра туруп айыл чарбасын көтөрүүгө чындап көңүл бура турган болсо Кыргызстан өзүнүн да, өзгөлөрдүн да курсагын кампайта турганга шарты да, алы да жетерин, ал үчүн эч нерсе өндүрбөй эле башка өлкөлөрдүн азык-түлүктөрүн сатып келе бермей жанбакты өлкөгө айланганды токтотуп, тескерисинче, өзүбүз өндүргөн товарларды башка өлкөлөргө алып чыгып сата турган бышык, намыскөй, чыйрак өлкөгө айланышыбыз керектигине токтолду.