Жогорку Кеңеш өкмөт сунуштаган программаны бир добуштан колдоп, бекитти. “Ата Мекенди” эске албаганда коалициялык көпчүлүктөгү фракциялардан бирден гана жаңы киши өкмөткө келди. "Атамекенчи", социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев жана башкалары орундарын сактап калышты.
Премьер-министр болуп кайра шайланган Темир Сариев буга чейин баштаган, аткарып келаткан иштерин улантуу менен 2017-жылга чейинки Улуттук стратегиянын алкагында 11 багыттан турган программасын ортого салды. Анда негизинен экономикага басым жасалып, кендерди иштетүү менен жумушчу орундарды түзүп, өндүрүлгөн азыктарды сыртка экспорттоого түйүн болуп берген логистикалык борборлорду куруу менен экономика илгерилери айтылган.
Мындан тышкары Ошко жаңы аэропорт куруу, Камбар-Ата-2 ГЭСин бүтүрүү сыяктуу дымактуу пландар бар. Муну өкмөт кантип ишке ашырарын Экономика жана өнөр жай министрлигине жаңы келген Арзыбек Кожошевден сурадык.
- Каалайбызбы-каалабайбызбы Кара-Кечеге темир жол курушубуз керек. Ага биздин ички булагыбыз жок. Ага биз сырттан карыз алып салабыз. Башка инфраструктуралык долбоорлорго да сырттан карыз алынат. Темир Аргенбаевичдин айтканына көбү маани бербей атат. Мисалы, бүгүнкү күндө карыз алган бир доллар 30-40 жылдан кийин кайтарганда 20 центке чейин түшүп калат. Себеби инфляция болуп атпайбы.
Экономист Мейманбек Абдылдаев болсо өкмөттүн планын популизм деп атап, аны ишке ашырууга казынада каражат жоктугун, сырттан бирөө акча бербесин айтууда:
- Жазында жаңы жагдай пайда болот, кризиске байланыштуу. Орус президенти деле кризистин түбүнө жетелекпиз деп айтып атпайбы. Бул учурда Батыш санкцияларын күчөтүп атат. Ошол жагдайга бизде эч нерсе жооп бербей жатпайбы. Структуралык экономиканы өзгөрткөнгө кадам жасалбай атат. Мисалы, орустар биз жакка пландаган инвестицияларды алып келе албай калды. Башка эч ким акча бербейт. Ал эми Германия, Түркия, Орусия берип аткан 10-30 миллион доллар бюджет таңкыстыгын жапканга эле жооп берет. Ал эми чоң инвестициялар келбей жатпайбы.
"Тоскоол болгондо маселе чечилбейт..."
Экономисттер демейде каражаттан каржалганда кескин чаралар көрүлүшү керектигин белгилеп, бирок андай кадамдарды көрбөй турушат. Кескин чаралар катары айрым министрликтерди кыскартып, аткаминерлердин санын азайтуу болжолдонуп жаткан. Бирок Сариев эки министрликти жоюп, кайра эле миграция боюнча кызмат жана энергохолдинг түзүлдү. Оппозиция алгач буга макул болбой жатканы менен кийинчерээк колдоду.
Аткаминерлердин санын азайтуу, чыгымдарды кыскартуу убадасын катуу берип келген "Республика Ата-Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов эмне үчүн турумдары өзгөрүп кеткенин терең түшүндүргүсү келген жок:
- Биз эми колдобосок деле маселенин өтөрүн сезип турбадыкпы. Тоскоол болгондо маселе чечилбейт да. Азыр өкмөт иштесин деп эле колдоп бердик.
"Азаттык": Бирок силердин башындагы программаңарда дал келген жок да өкмөттүн сунушу?
- Буга эми шашпай жооп берейин. Азыр диктофонду өчүрүп турчу.
Оппозиция өкмөт башчы аз убакыттан кийин мамкызматкерлердин санын азайтуу боюнча сунуш менен келүүгө убада бергени үчүн колдогонун айтууда.
Ал эми премьер-министр айрым оппозициядагылар 60 миң мамкызматкер бар деп жаңылыш айтып атканын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматында иштегендерди кошкондо 25 миң эле мамлекеттик кызматкер бар экендигин эскертүүдө. Өзүнүн аппаратын мисал кылып, алардын санын кыскартуу ишке терс таасирин тийгизерин белгиледи. Демек мындан ары сезилерлик оптималдаштырууга барышы күмөн.
Коомдук ишмер Клара Сооронкулова партиялардын шайлоодо берген убадалары азыркы өкмөттүн программасына кирбей калганын айтып, жаңы бийлик келгени менен жаңы идеялар, жаңы багыттар аныкталбай калганына кейийт:
- Фракциялар шайлоодо ушуларды убада кылбадык беле, ушулар өкмөттүн планына кирди деп көрсөтүп бериши керек эле. Андай болгон жок. Бул Сариевдин эле программасы болуп атпайбы. Ал эми Сариев шайлоодо эч кимге убада берген жок да. Туруктуу өнүгүү, стабилдүүлүк деген жалпы эле сөздөрдү айтып атат ал киши. Кризис келатса кайдагы туруктуу өнүгүү?
Талдоочулар жаздагы кыйынчылыктын арты менен бул министрлер кабинети тарарын болжолдоодо. Ал эми Сариев болсо коалиция туруктуу болорун эсептеп, парламенттин мөөнөтү бүткүчө иштөөгө үмүттөнүүдө.
Жогорку Кеңеш Темир Сариевди өкмөт башчы кылып бекитти. 5-ноябрь, 2015-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.