Кара-Балта шаарынын тургуну Жыпариза Топчубек кызынын эмгеги башкаларга салыштырмалуу арзаныраак болгондуктан, атаандаштардын каарына кабылганын белгилейт. Эми коңшу Казакстанда да товарларын жайылтууну пландап жатат.
Жыпариза эже эртеден кечкиге чейин тикмечилик менен алек. Үйдөгүлөрү да, өзү да машинканын шакылдаган үнүнө көнүп калышкан. Мурда көйнөк-шым жана тиричилик буюмдарын гана тигип жүрсө, бир жылдан бери улуттук кийимдерди заманбап ыкмада даярдоону адат кылган.
- Кенедей кезимден эле жаңы алган кийимдерди кесип эле, өзүмө жаккан дизайнга ылайыктап тигип алар элем. Апам "мунун кайчысы узун" деп урушуп калчу. Кийим тиккен мага кызыктуу болчу. Кийим жакпай калса эле оңдогум келе берчү.
Ошентип жаш тикмечинин кызыгуусу аны мектепти бүтөрү менен тигүү цехине жетелеп келген. Алгачкы кадамын Жыпариза айым мындайча эскерет:
- Үтүкчү болуп ишке киргем. Тигилген кийимдерди үтүктөйт элем. Бирок машинкада отурганга кызыгып, кой десе болбой, отуруп тигип көрчүмүн. "Кой, бузасың" дешсе деле болбой кыла берчүмүн. Мага кызык сезилчү, баары окуу жайдан тикмечилик боюнча окуп келген кыздар эле. Бир күнү бир кыз тигип жаткан көйнөктүн жакасын тигип койдум. Бригадир көрүп, таң калып, "сен тиктиңби?" деп сурады. Ага жагып, ошондон кийин мени тикмечилердин катарына кошуп койду.
Бир канча жыл цехте иштеген тикмечи 2016-жылдын башында улуттук кийимдерди тигүүгө кызыгып калганын айтат:
- Мен тиге аларыма ишенген жокмун. Артисттердин кийимдерине суктанып жүрө бердим. Өзүмө сатып алайын дедим. Апамдын тикмечиликтен кабары бар деп кеңештим. Андай кийимдердин баасы кымбат экенин да айттым. Бир жерден сурасам 20 миң сом деген эле. Апам таң калып, "колуңда өнөрүң бар, тикме машинаң бар, өзүң эле тигип ал" деди. Анан жууркандан ашкан баркыттарды, шейшептен ашкан чүпүрөктөрдү алдым да, үйгө келип ары-бери кескилеп, өзүмө чыптама тиктим.
Тиккен чыптамасы дүкөндө жана базарда сатылып жаткандардан кем эмес болуп, бир кездери артисттердин үстүндө көрүп суктанган улуттук кийимди чечпей кийип жүрдү. Ага суктанган дос-жарлары, тааныш-билиштери "бизге да тигип бер" деп, күн сайын кулак-кагыш кылчу болуптур. Талап бар экенин сезген Жыпариза эже чыптама, чапан тигип, бизнес кылууга бел байлайт:
- Мен карапайым адамдар үчүн тигүүнү тиктим. Кымбат чүпүрөк албайм, бирок сапаттуусун сатып алып тигем. Эмне үчүн артисттер эле кийиш керек? Жөнөкөй кишилер да кийсин. Тигип жатканда адамдардын көңүлүнө карайм. Бирок көпчүлүк өзүнө кандай өң жарашарын, кандай дизайндагы кийим жарашарын билбейт. Мен анын көңүлүн таап, жарашыктуусун тигип берем. Керек болсо эки-үч жолу алмаштырып берем. Элдин көңүлүн алышым керек да.
Тикмечилик бизнеси Жыпариза эженин заманбап технологияны үйрөнүүсүнө себеп болуптур. Азыр ал Instagram, Twitter сыяктуу социалдык желелерде товарларын реклама кылат. Жакындан бери кийимдерге "Мурас оймо" деген товардык белги да жабыштыра баштады.
- Азыр эч кандай дүкөн ачууга шартым жок. Ага каражат керек. Супермаркеттерде дем алыш күндөрү жармаңкелер болот, кийимдерди ошол жактарга алып барам.
Бизнес - бул атаандаштык эмеспи. Улуттук буюмдарды заманга ылайыктап, базарга алып чыгуу кеңири жайылып, ушул жаатта ишкерлик кылгандар да көбөйө баштады. Алардын айрымдары Жыпариза Топчубек кызын "бурчка такап" да көрүшүптүр:
- Кимдер экенин билбейм, бирок мага SMS жазып, нааразы болушкан. "Эмнеге базардын баасын түшүрүп жатасыз? Миллионерсизби?" деп айтышкан. Бир жолу Бишкектеги "Мадина" базарына чакырып алып урушушту. Бааны көтөрүүнү талап кылышты. Бирок мен алардын айткандарын кылган жокмун. Бүгүн арзан сатып, эртең кымбаттатып коё албаймын да. Анткени ошол эле баага сатып алам чүпүрөктү, тиккенге ошол эле убактым кетет. Эмнеге кымбаттатышым керек?
Улуттук тикмечиликти чыптама жана чапандан баштаган Жыпариза айым азыр чүпүрөктөн калпак жана шырдактарды да тиге баштады:
- Азыр мага Казакстандан да кайрылып жатышат. Алматыдан буйрутма бергендер бар, "почтадан салып жибериңиз" деп айтышат. Мен азыр чапан, чыптамадан тышкары башка улуттук буюмдарга да көңүл бура баштадым. Мисалы, шырдак тигип жатам. Бирок башкалардай болуп, оймо салган жокмун. Саймалуу-Таштагы сүрөттөр бар эмеспи, ошол бүркүт, эликтердин элесин түшүрүп тигем.
Каарманыбыз тикмечи гана эмес, дизайнерлик менен да алектенүүдө:
- Өзүм эле изденем. Өңүн да өзүм тандайм. Жакпаса алмаштырам. Тигип даярдап койбодумбу, тим эле коёюнчу дебейм. Көңүлүмө отурбаса, түндө да ойлонуп, кандай түскө же кандай дизайнга алмаштырсам деп жатам. Эртең аны сөгүп, башкача кылайын деп ойлоном. Бир чыптаманы эки саатта, чапанды үч-төрт саатта тигип бүтүрөм. Калпак тиккен аябай татаал. Көп калпактарды жараксыз кылдым. Ар кандай формада тигип, акыры бир ыгын таптым. Эл сындайт да. Азыр жакшы. Кийиз калпакты жуусаң, сыны кетет эмеспи. Чүпүрөк калпак андай эмес, жууп-жууп кие беришет.
Жыпариза Топчубек кызы "ишкерлик аялдар үчүн эмес" деген түшүнүккө кошулбайт. Улуттук тикмечиликти баштаганына эми гана бир жыл болсо да, жашоодон кыйналган айрым тааныштарын жумуш менен камсыздап, колдоо көрсөтө баштаптыр.
- Жашоо оор. Жашоонун ыгын табыш керек. Иштейм десең бардык жерден жумуш таап, эптесең болот. Мен тиккен буюмдарыма курак да салам. Ошону мен кошуна аялга тиктире баштадым. Боюнда бар. Жашоо-шарты начар. Ага курак тигип берүүнү сунуштадым. Мен ага акча төлөмөй болдум. Бир күндүк эмгек акысына электр энергиясына карызын төлөп алды. Ошондон бери иштем жатат. Башка айылда жашаган таанышым "эже, батиримдин ижарасын төлөй албай калдым, жардам бериңиз" деп келди. Тикмечилик колунан келет, машинкасы да бар. Мен ага чапан-чыптамаларды бычып бере турган болдум, ал тигип жатат. Ошентип акча таба баштады. Баласына кийим-кече, азык-түлүк алып дегендей.
Акчасы жок кыйналып жүргөндөр бар эмеспи. Ошондойлорго жумуш берүү үчүн цех ачкым келет. Ишканамды мамлекетке каттоого коюп, пайдам тийсе деп тилейм...
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.