Акындар элге акча кармоону үйрөтөт

Улуттук банк тарткан тасмадан бир көрүнүш.

Инфляция, насыя, акчанын курсу сыяктуу экономикалык терминдерди ак таңдай акындар комуздун күүсүнө салып, чечмелеп ырдап беришет. Бул - Улуттук банктын төкмө акындардын тили менен калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аракети.

Улуттук банк экономикалык түшүнүктөр жөнүндө роликтерди даярдоодо. Аларды социалдык тармактарга чыгарып, радио, телеканалдарда көрсөтүшөт.

“Бул долбоор салттуу элдик чыгармачылык ыкмасын колдонуп, Улуттук банктын аткарган ишине байланыштуу финансылык түшүнүктөрдүн, терминдердин маанисин чечмелеп берүү, маалыматты акындардын тили менен калайык калкка жеткирүү максатын көздөйт”, – деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Финансылык сабаттуулук жөнүндө ырдаган акын Баян Акматов экономикалык терминдерди мурда түшүнчү эмес. Адистерден атайын сабак алып, эми ырга салып, элге жеткирип жатат.

- Инфляция деген сөздү көп угабыз. Мен деле мурда “инфляция көтөрүлдү же түштү” десе эмне экенин билчү эмесмин. Анан мага түшүндүрүштү. Кыз менен жигиттин айтышы бар. Анда аялы менен күйөөсү үй-бүлөдөгү акча жөнүндө айтышат. Үй-бүлөдө акчаны адегенде билимге, ден соолукка жумшаш керек экен. Ал эми пландалбаган тойлорго бара бербеш керек.

Акын айткандай бюджетти пландап, чыгаша-кирешенин эсеп-кысабын чыгарган кыргыз үй-бүлөсү чанда гана кездешет. Өлкөнүн экономикасы калктын финансылык сабаттуулугу менен байланыштуу. Тапкан-ташыганын пайдасыз сарптабастан, үнөмдөп пайдалануу үй-бүлөнүн экономикалык абалын чыңдайт.

Экономист Азамат Аттакуров финансылык сабаттуулук актуалдуу маселе экенин белгиледи.

Азамат Аттокуров.

- Элдин финансылык сабаты өтө төмөн. Эл тапканын коротконго шашат. Пайда тууй турган ишке эмес, тамак-аш, кийим-кече, той-тамашага салабыз. Насыя алып той өткөргөндү токтотуу керек. Эми финансылык сабаттуулук боюнча роликтер жакшы болуптур. Бул жетишсиз, эл менен түз иштешип, бизнес тууралуу маалыматтарды берүү зарыл.

Кыргыз коомунда төкмөлүк өнөрдүн күйөрмандары айрыкча айыл-кыштактарда арбын. Улуттук майрамдарда дайыма айтыш сынак уюштурулуп, концерттер аншлаг менен өтөт.

Экономист Азамат Аттокуров Улуттук банк төкмө акындардын популярдуулугун пайдаланып жатканын оң баалады. Бирок экономист бул жетишсиз экенин, өкмөт финансылык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн калк менен системалуу түз иштөө керек экенин белгилейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.