Нарын театрынын артисттери нааразы

Нарын музыкалык академиялык драма театрынын артисттери театрдын жетекчисине жана көркөм жетекчиге нааразы болуп, акцияга чыгышты.
Театр кызматкерлери менен жетекчиликтин ортосундагы нааразычылыктар 2008-жылы башталган.

Артист Зарыл Көгөева чырды жамаат ичинде эле чечүү аракети болуп, бирок андан майнап чыкпаганын айтууда:

- Такыр кетире албай калганда тынчтык акциясына чыкканга аргасыз болдук. Минтпесек биздин үнүбүздү укчу киши жок. Кетсе андан кийин сынак уюштуралы деп жатабыз. Резюмесин берсе, планын көрсөтсө. Бизге түз караган, калыс, маданиятты, артисттердин жашоо-шартын жакшы билген жигит келсе деген оюбуз бар.

Театрдын көркөм жетекчиси Дамира Баратбаевага да дооматтар айтылып жатат. Теардын куудулу Жумабек Мадемилов:

- Дамира Баратбаева өзү эле көркөм жетекчи болуп келип калган, биз муну шайлаган деле эмесбиз. Шайлап атканда эч кимибиз деле кол көтөргөн эмеспиз. Өзү кабинетти ачып алган. Көп убакыт өтпөй ичинен интрига башталды.

Көркөм жетекчи Дамира Баратбаева иш сапарында болгондуктан телефон аркылуу байланыштым. Ал өзүнө карата айтылган дооматтарды көрө албастык деп баалады.

Теартдын жетекчиси Абдыкадар Жакшылыков мунасаларга барып атканын белгиледи:

- Мурун мен келгенде бир комуз жок болчу. Калган чыгармачылык топ толугу менен уктап калган. Үч жылда бир спекталь чыккан. Азыр бир жылда үч-төрт, бешке чейин спектаклга чыгат. Материалдык базасы толугу менен калыптанып оңолду.

Жакшылыков чыгармачыл жамааттагы нааразылыктарды жетекчини алмаштыруу боюнча тымызын аракеттер деп баалады:

- Бул жеке өч алуу, жеке кызыкчылык. Булардын тизмеси бар, “муну директор койобуз, тигини койобуз” деген. “Шамбетти кайра алып келишибиз керек, силерди кетиришибиз керек” – булардын көйгөйү ушул гана. Арыз жазды, прокуратура бир ай текшерди, бир да каржылык каталар чыккан жок. Мен эмне үчүн кетишим керек деп жатам? “Театрды отургузуп салып, чыгармачылык жок, бир спектакль койулбай калса кетейин” дедим.

Театрдын кесиптик уюмунун төрайымы Бактыбүбү Каамытова прокуратура чыгарган жыйынтыкка нааразы:

- Аягында эмне болуп куткарып жиберишти? Кандай болуп куткарышты? Акыбыз айран болуп отуруп калдык. “Баары таза, кылмыш аракетери жок” деген бир барак кагазды берип койду. Ушинтип актап ийишет экен. Прокуратурага деле, сотко деле ишеним калбай калды. Дегеле элдин ишеничин качан акташат? Качанкыга чейин эле бийлик башында турган мекеме жетекчилерин, бийликтегилерди, акчасы барларды коргоп отура беришет?

Бул иштерди Нарын облустук прокуратурасы тергегендиктен облустук прокурор Нурлан Дүйшембиев коллегия болуп бошобогондуктан комментарий берген жок.

Чатакты териштирүү боюнча министрликтен комиссия түзүлгөндүктөн театр кызматкерлери учурда нааразычылык акциясын убактылуу токтотууда.

Нарын драма театры Кыргызстанда эски тарыхы бар, уюткулуу өнөр ордосу болуп саналат. Бул жерден убагында Муратбек Рыскулов, Капар Медетбеков өңдүү СССР эл артисттери чыккан.